Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:13

Телекөрсөтүү мыйзамы аткарылбай ара жолдо калды


Улуттук сыналгыга реформа жүргүзүү талаптары дагы эле айтылып келатат
Улуттук сыналгыга реформа жүргүзүү талаптары дагы эле айтылып келатат

Жогорку Кеңеш ушул жылы кабыл алган “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу” жөнүндөгү мыйзам ишке ашкан жери жок. Кырдаалды жумушчу топ даярдаган жаңы мыйзамдын редакциясы жөнгө салат деген үмүт бар.

Эксперттер мыйзамдын ишке ашпай жаткандыгына президенттин кошумча киргизилсин деген эскертүү менен кол койгону түрткү болду дешсе, кесипкөй адистер аны ишке ашыруу мүмкүн эмес экендигин турмуш далилдеди деп жатышат. Анткени, долбоор даярдалып жатканда көп талаш-тартыш жараткан мыйзамды парламент уу-чуусуз эле жарым саат ичинде кабыл алып, президент июнь айында кол койгон. Бирок,андан бери мыйзамдын талаш жараткан, тактап айтканда, телекомпаниялардын көрсөтүүлөрүнүн 50 пайызы мамлекеттик тилде болуп, 60 пайызы жеке өзү даярдаган көрсөтүүлөр болсун деген талаптары аткарылган жери жок. Мыйзамдын аткарылбагандыгына парламенттен баштап, тартип коргоо органдарына чейин деле көз жумду.

“Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулованын айтымында, мындай көрүнүш ал талаптардын ишке ашпашынын турмуштук далили:

-Себеби,биринчиден ишке ашууга мүмкүн болбогон шарттар коюлган. Ал мыйзамдагы талаптар кээ бир радиолор менен телекомпанияларды жаап коюуга же жоюуга алып барат.

Медиа өкүл Илим Карыпбеков болсо мыйзамды ишке ашыруунун механизмдери жок жана аны көзөмөлдөөчү органдар да даяр эмес деп кошумчалайт:

-Мыйзамды аткарыш үчүн көзөмөл жүргүзүш керек. Андай көзөмөл жүргүзүүгө зарыл кымбат баалуу техникалык каражаттар мамлекеттик органдарда жок. Экинчиден, үч айдын ичинде тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү керек болчу. Андай өзгөртүүлөр киргизилген жок. Себеби, Маданият жана маалымат министрлиги менен Улуттук байланыш агенттигинин ортосунда кимге кандай укуктар берилиш керек жана кайсы орган кандай учурда лицензияларды бериш керектигин аныктаган жоболор дагы кабыл алына элек.

Президент мыйзамга талаш жараткан жагдайлар оңдолсун деген эскертүү менен кол койгондуктан ар кайсы тармактын өкүлдөрү кирген жумушчу топ түзүлгөн. Ал топ мыйзамдын 5-6 гана беренесин жөн калтырып, 72-барактан турган өзгөртүүлөрдү даярдады. Жумушчу топтун мүчөсү, Медиа өкүл Илим Карыпбековдун айтымында,алардын эң орчундуулары төмөнкүлөр:

-Мамлекеттик тилдеги көрсөтүүлөр, компаниянын жеке өзүнүн продукциясы жана улуттук аудио-видеопродукциялар боюнча коюлган 50-60 пайыздык чектөөлөргө каршы болгон жерибиз жок. Бир гана ушул талаптарды ишке ашыруу мөөнөтүн киргизүүнү сунуштап жатабыз. Андан тышкары жыштыктарды берүү тартибин ирээтке келтирип, ачык механизмдерди киргизүүнү жана өкмөткө тиешелүү мекемелерге берилген жыштыктарды алып коюу же телерадиокомпанияларды жаап коюу укуктарын сот органдары менен бөлүштүрүү талаптарын коюп жатабыз.

Жумушчу топ азыр мурдагы мыйзам менен толуктоо- өзгөртүүлөр салыштырылган жаңы редакциясын парламенттин кароосуна даярдап жатат. Бирок, анда эки жагдай-Улуттук телерадиокомпаниянын байкоочу кеңеши жана телекомпаниялардын продукциясына байланыштуу жаңы сунуштар парламенттин элегинен өтпөй калат деген кооптонуу бар. Жумушчу топ жагдайды жөнгө салуу үчүн продукциянын 50 пайызы мамлекеттик тилде болсун деген талапты ишке ашыруунун мөөнөтүн узартууну сунуштап жатат. Сунуш боюнча телерадиокомпаниялар эмдиги жылдан 2012-жылга чейин өз продукциясынын көлөмүн 20 пайыздап көбөйтүп отуруп, 50 пайызга жеткириши керек.

Андан тышкары УТРКнын Байкоочу Кеңешин түзүүнүн эки тарапты тең ыраазы кылган ыкмасы сунушталууда дейт топтун мүчөсү Александр Кулинский:

-Биз президент Жогорку Кеңешке 30 талапкерди сунуштап, парламент анын ичинен 15ин тандасын, ал 15 адам УТРКнын башкы директору менен анын орун басарларын дайындасын деп сунуштап жатабыз. Муну менен жок дегенде тандоо жүргүзүлсүн деп жатабыз. Анан бул жерде президент корко турган эч нерсе болбойт. Анткени, ал президенттин администрациясынын элегинен өткөн гана 30 адамды сунуш кылат.Биз ушундай жол менен УТРКда демократиялуу башкаруунун системасы түптөлсүн деген үмүт менен аракет кылып жатабыз.

ММКлардын дооматтарын териштирүүчү комиссиянын төрагасы Александр Кулинскийдин баамында, парламент мындай сунуштарды колдобосо телекомпаниялардын биринин артынан бири жоюлушу жана коомдо нааразылыкты күчөтүшү ажеп эмес.

Ал эми укук коргоочу Азиза Абдрасулованын пикиринде, жаңы сунуштардын тагдыры парламенттин колунда эмес, жогорку бийликтин чечимине жараша болот. Себеби, мурунку мыйзамды деле парламент басым менен кабыл алган.

XS
SM
MD
LG