Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:18

7-ноябрь - Кыргызстанда басма сөз күнү. Бул сөз эркиндигин ар кыл өңүттө талкуулап, журналисттин коопсуздугуна кайра кайрылууну шарттады

Көз карандысыз жергиликтүү жана эл аралык уюмдардын байкоолоруна караганда постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен басма сөзү кыйла эркин саналган Кыргызстанда акыркы жылдары, тескерисинче, басма сөз эркиндигине чектөө кире баштады. “Чек арасыз репортерлор” эл аралык уюмдун талдоосу боюнча Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын ченеми дүйнөдөгү 173 өлкөнүн ичинен 125 - орунду ээлеп калды. Башкача айтканда бул өлкө бир жыл ичинде эле он төрт тепкичке төмөндөп кеткен. Мындай жагдайдын түзүлүшү биринчи кезекте журналисттердин коопсуздугуна, кесиптик ишмердигине келтирилген коркунучтар менен байланыштырылууда. Мындай пикирин “Азаттык” менен Медиа өкүлчүлүктүн башкы директору Бегайим Үсөнова бөлүштү:

- Биз ар кандай чабуулдарга байланыштуу өзүбүздүн кооптонуубузду айтып атабыз. Анткени сабоолор акырына чейин иликтенбей, кылмышкерлер табылбай жазаланбай калып атат. Жөнөкөй эле турмуштук окуя катары бааланганы менен деле баары бир журналист аны кесиптик ишмердиги менен байланыштырып, суроолорду аз берип, саясий, экономикалык темадагы талылуу маселелерди аз жазып калууда.

Журналисттердин укуктарын коргоочу жергиликтүү уюмдардын эсебине караганда, маселен, 2004-жылдан бери ар кандай жагдайларда токмок жеп, коркутуп-үркүтүүлөргө кирептер болгон журналисттердин саны жетимишке чукулдап калды. Быйыл эле жыл башынан бери жети журналист белгисиз адамдардын токмогун “жеген”.
Алардын эң акыркысы “Ош шамы” гезитинин кабарчылар түйүнүнүн жетекчиси Кубаныч Жолдошев болду. Ал ушул шейшембиде таяктан жабыркап, мээси чайкалып, ооруканага түштү. Кийинчерээк “Азаттыктын” кабарчысына берген интервьюсунда журналист Жолдошев өзүнүн сабалышын кесиби менен байланыштырууга бир нече жагдайлар түрткү болгондугун билдирди:


- Пайгамбар эмесмин, бир жактуу айта албайм. Жөн эле кокустук, жөн эле карактоонун объектиси болдум деп айтканга негиз жок. Мени шектендирип жатканы МАИ кызматкерлеринин кокустан пайда болуп, мурда турбаган жеринде токтотуп, таксист соо экендигин көрүп туруп, мажбурлоо жолу менен алып кетип, мени талаага таштап кеткен нерсе атайлап жасалгандай. Айтмакчы ал айдоочуга кийин наркодиспансерден таза чыкканын белгилеген справка берилиптир. Анан үч адам 3-5 мүнөттүн ичинде пайда боло калып, ушунчалык ылдамдыкта өздөрүнүн койгон максатын ишке ашырып, бирок ошол эле учурда менин чөнтөгүмдөгү 1420 сомго, кол телефонума, кийим-кечеме тийбей кетип калгандыгы күмөн туудурат.

Буга чейин Ошто дагы бир журналист Алмаз Ташиев милиция кызматкерлеринин токмогуна кабылып, кийинчерээк ооруканада мерт болгондугу маалым. Быйыл таякталган журналисттердин ичинен өтө кооптуусу - көз карандысыз журналист Сыргак Абдылдаевге кол салуу болду. Анын денесине 21 ирет бычак сайылып, буту-колу сындырылган. Ал эми 2007-жылы көз карандысыз “Сиесат” гезитинин баш редактору Алишер Саиповдун атып өлтүрүлдү. Журналисттердин жүрөгүнүн үшүн алган бул өңдүү кылмыштарды ким жасагандыгы, алардын артында кимдер тургандыгы аликүнчө такталбаган бойдон турат.


Маселен эл аралык маалымат каражаттарында иштеген, көз карандысыз гезит ачкан, кесипкөй жаш журналист Алишер Саиповдун чуулгандуу өлүмүн иликтөөнү кезинде Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев , кийинчерээк президент Курманбек Бакиев өзү көзөмөлгө алган. Бирок эки жылдан бери айыпкерди табуу аракеттери жүрүп жатабы-жокпу, эгер иликтөө тергөө жүрүп жатса алардын тыянагы кантип атат – белгисиз бойдон калууда.
Көз карандысыз талдоочулар өз кезегинде журналисттерге каршы жасалып жаткан кылмыш иштеринин жазасыз калып жатышы журналисттерге кол салуу басма сөз экриндигин кысуу максатын көздөгөн системалык көрүнүш экенин далилдөөдө деп, мунун артында саясий кызыкчылыктарга байлашууда. Быйыл белгисиз адамдардын ур-токмогуна кирептер болгон дагы бир көз карандысыз журналист Абдувахаб Мониевдин пикиринде, маселен:

- Сөз эркиндигин кысымга алуу бүгүн жаңылык болбой калды. Мунун негизи, түбү барып эле Кыргызстандагы мамлекеттик бийликке барып такалат, - дейт.

Ал эми талдоочу Кубан Абдымен журналисттердин айланасында түзүлгөн кооптуу жагдайды мамлекеттик саясатка эмес, коомдук аң-сезим менен көбүрөөк байланыштырат. Анын пикиринде журналисттердин ишмердүүлүгү айрым бийлик бутактарына жакпай, ал өз кезегинде мыйзамсыз аракеттерге алып барууда.

Укук коргоочулар өз кезегинде азыркы журт башыларын авторитардык бийликти күчөтүп, фундаменталдык укуктарды чектөө саясатын жүргүзүп жатат деп сындоодо.



- Адамдардын сөз эркиндиги, эркин чогулуу укуктары өңдүү негизги укуктары бузулганда калган укуктар өзүнөн өзү тебелене берет. Мисалы журналисттердин кесиптик аракеттерине байланыштуу чет мамлекеттерге чыгып кетүүгө мажбур болуп жатышы, журналисттерди уруп-сабоо, өлтүрүүлөр, эркин гезиттерди чектөө, бийлик абалындагы жарандар аркылуу соттоо – булар алардын ишмердүүлүгүн, эркин сүйлөө аракетин чектөө. Андан тышкары эркин телеберүүлө калбай калууда. Акыркы күндөрү укук коргоочулар, саясий партиялардын лидерлери маалымат жыйынын өткөрбөй калышты. Анткени маанилүү маселелер боюнча маалымат берилгени менен аларды телекөрсөтүүлөр бере албай атышат, - деди “Кылым шамы” укук борборунун башчысы Азиза Абдырасулова “Азаттыкка” берген интервьюсунда.

Укук коргоочу белгилегендей чет өлкөдөн баш калка сурап кеткен журналисттердин катары жыл сайын жаңылар менен толукталууда. Быйыл аларга көз карандысыз журналист Сыргак Абдылдаев кошулду. Жакын санаалаштарынын билдиргендерине караганда журналист мыкаачылык менен сабалып, узак мөөнөттүү дарылангандан кийин да коркутуп-үркүтүүгө кирептер болгон. Бул анын баш калка сурап, башка өлкөгө чыгып кетишин шарттаган. Баш калка издеп кетүүгө өткөн жылкы соттук териштирүүлөргө кирептер болгон көз карандысыз “Дефакто” гезитинин негиздөөчүсү Чолпон Орозобекова да аргасыз болгон.



Мына ушул өңдүү фактылар бүгүн Кыргызстанда маалымат каражаттарынын эркиндигине шек келтирген жагдайларды түзүп, мурдагыга салыштырмалуу азыр чынында эле сөз эркиндиги басаңдап кеткендиги айтылууда. Мындай пикирин “Азаттыкка” талдоочу Кубан Абдымен билдирди:

- Албетте, азыркы түзүлгөн кырдаалга жараша ар бир журналист өзүнүн жеке башын ойлоп, өзүн-өзү ичинен цензура кылганга аргасыз болуп атат. Ошол себептен мурдагы бир топ элдерге таанымал болгон “Де факто”, “Ачык саясат”, “Лица” деген гезиттер таптакыр эле жабылып, аларда иштеген журналисттердин бир тобу башка маалымдоо каражаттарга өтүп кетип, багытын өзгөртүп, бир тобу чет жакка кеткендегиси, бул албетте азыркы коомчулукту дагы, өзгөчө бийликтеги элдерди дагы терең ойлонто турган мисалдар.

Анткен менен мамлекет жана анын саясатын жүргүзүп жаткан азыркы расмий бийлик Кыргызстанда сөз эркиндиги ырааттуу өнүгүп баратканына ишенет. Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмаз Турдумаматовдун билдиргенине караганда:



- Жалпысынан алганда Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттарында иштөөгө мыйзам боюнча да, башка нормативдик актылар боюнча да бардык шарттар түзүлгөн. Кыргызстандын атуулу мыйзам чегинде өзү каалагандай массалык маалымат каражатын ачканга жана аны иштеткенге, ошол эле мезгилде журналист болуп ал массалык маалымат каражатында иштегенге шарттар түзүлгөн.

Президент Курманбек Бакиев басма сөз күнүнө карата куттуктоосунда өлкөдө азыр 900дөн ашык маалымат каражаты каттоодо турары, бул пикирлердин ар түрдүүлүгүн камтууга түзүлгөн шарт экени белгиленген. Ошол эле мезгилде укук коргоочулар сөз эркиндиги маалымат каражаттарынын саны менен өлчөнбөй тургандыгын айтышууда. Алардын баамында журналисттерге ар кандай жолдор аркылуу кысымдар жасалып, бул өз кезегинде алардын курч саясий темаларды чагылдыруудан тайсалдатып, кесипти каражат табуунун гана булагына айландырып коюуда.

Журналисттерди ур-токмокко алууну бийликтин кысымынын бир формасы дегендерге каршы пикирин “Азаттыкка” интервьюсунда президенттин маалымат кызматынын башчысы Алмаз Турдумаматов билдирди:

- Журналисттерге байланышкан бардык эле окуяларды бир эле көз караштан, массалык маалымат каражаттарына, алардын ичинде журналисттерге каршы жасалып жаткан кандайдыр бир аракет катары кароо туура эмес го. Ар бир болгон окуяны өзүнчө карап, иликтеш керек.

Журналисттердин укуктарын коргоочулар дээринде мындай көз карашка каршы эмес. Бирок алар расмий бийликтин журналисттердин коопсуздугуна шек келтирген жагдайларды азайтуу камын көрбөй, кылмыштуу фактылардын далилденбей жатышы ар кандай жоромолдорго түртүп жатканын эскертишүүдө. Мындай жагдайда журналисттер үчүн өздөрүн өздөрү коргоо башкы маселе болуп калууда.

- Журналист өз коопсуздугун сактоо үчүн биринчи кезекте өзү кам көрүшү керек. Айрым учурда журналисттер өздөрү стандарттарды сактабай калышып, зордук-зомбулуктун курмандыктары болуп калып атышат, - дейт Бегайим Үсөнова.

Укук коргоочулар зордук-зомбулукка жол бербөөгө, журналисттин кесиптик милдетин коогасыз аткаруусуна ал иштеген маалымат каражатынын ээси да кам көрүшү керек экендигин белгилешет.
Бирок айрым адистер Кыргызстандын шартында тигил же бул маалымат каражатынын ээсине аргасыз көз каранды журналист өзүнүн коопсуздугу үчүн да, калыс, бейтарап маалыматты элге жеткирүүгө шаасы жетпейт дешет. Алардын баамында ушу тапта бул өлкөдө маалымат каражаттары эки топко: бийликтин саясатын жактаган жана ага каршы чыккан саясий топтордун таламын талашкан топторго бөлүнүп, маалымат каражаттарынын стандарттарын тутунган, бейтарап, көз карандысыз журналисттердин катары сээлдеп баратат.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG