Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Атамбаев менен Мирзиёев кызматташуу маселесин талкуулашты


Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев менен бүгүн телефондо сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, Атамбаев Бишкек менен Ташкенттин ымаласын бекемдөө жаатында өзбек бийлигинин кызыкдарлыгын баалап, ыраазычылык билдирди.

Бүгүн Өзбекстандын 140 кишиден турган өкмөттүк делегациясы Ош шаарында конок болуп жатышат. Октябрдын башында кыргыз делегациясы Анжиянга барышкан.

Акыркы он жылга жакын убакыттан бери эки өлкөнүн карым-катышы сууп, чек ара аймактарда чыңалган абал жаралган эле. (SE)

XS
SM
MD
LG