Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:34

Кыргызстанда басма сөз кысыла баштады. Журналист Бакыт Орунбековдин баамында, ага журналисттердин тилектештигинин жоктугу да шарт түзүүдө. Ал мындай оюн “Азаттыктын” таңкы маегинде билдирди.

-Бакыт мырза, ушул жыл ичинде эркин көз караштагы “Де-факто” гезити жабылып, “Алиби” гезитин чыгаргандар “Ачык саясат” деп атын өзгөртүүгө мажбур болду.Эки айдан бери Улуттук телеканал “Азаттык” үналгысы менен келишимин бир тараптуу бузуп, үналгы уктурууларын бербей, сыналгы көрсөтүүлөрүн да токтотту. Эки жумадан бери ушул эле Улуттук телерадиокорпорациядан уктурулчу Би-Би-Си радиосунун үнү чыкпай калды. Буга “Эркин Европа жана Азаттык” радиосунун президенти Жефф Гедмин Кыргызстандагы плюрализм тажрыйбасы соңуна чыгып баратканынан кабар береби деп суроо салды. Сиз кандай дейсиз бул окуялар басма сөз эркиндигинин кысыла баштагандыгынын далилиби?

-Муну биринчиден биздин өлкө атуулдарынын маалымат алуу укугун чектөө деп бааласак болот. Анткени, демократиялык өлкөлөрдүн атуулдары бардык окуялар тууралуу толук маалымат алууга, сурап билгенге, укканга, көргөнгө, жазганга укуктуу. Мына ушундай мүмкүнчүлүктөр Кыргызстанда мындан 10-15 жыл мурда түзүлүп, калыптанып калган эле. Азыр мына ошол мүмкүнчүлүк чектелип жатат. Журналистиканын эл аралык, дүйнөлүк стандарттарына ылайык иш алып барган айрыкча “Азаттык” менен Би-Би-Синин обого берилбей калышы Кыргызстандын эл аралык аброюна жакшы ат алып келбей турган көрүнүш, тескерисинче анын демократиялык атына, беделине зор зыянын тийгизет.

-Өткөндө адам укуктарына арналган бир жыйында укук коргоочу Азиза Абдрасулова мурунку бийликтин учурунда бир эле саясий качкын болсо азыр алардын саны ондон ашты деп билдирди. Алардын арасында журналисттердин саны көп.Кандай дейсиз, алардын саны жакын арада кыскарышы мүмкүнбү же көбөйөбү жана ага эмне себеп болушу мүмкүн?

-Кыргызстандагы саясий система жана ага жараша жүргүзүлүп жаткан саясаттын өзү ушул көрүнүшкө түртүп жатат. Гезиттердин жабылышы, журналисттердин соттолушу же ур-токмокко алынышы башка журналисттерди чочулатып, ачык жазганга, акыйкат иликтөө жүргүзгөнгө кооптондуруп жатат. Эгер ушундай саясат улантыла бере турган болсо Кыргызстандан качып кеткен же башка жактан баш паанек сураган журналисттер менен атуулдардын саны көбөйүшү мүмкүн.

-Сөз жана басма сөз эркиндиги кысылган учурда коомдо нааразылыктар күч алаары белгилүү. Ушундан улам азыр укук коргоочулар да, катардагы эле адамдар да Кыргызстанда нааразылык күч алып кетиши мүмкүн деп жатышат. Сиз ага кошула аласызбы? Ага жеткирбеш үчүн бийлик жана коомчулук кандай аракеттерге барышы зарыл?

-Демократиялык өлкөлөрдө сүйлөшүү жолу менен көп нерсе чечилет. Кыргызча айтканда, ай тегерек же үй мүйүз тартып отуруп алып чечим кабыл алынат. Ушул убакка чейин Акаевдин убагында деле оппозиция менен бийлик бир үстөлгө отуруп сүйлөшө албай келген. Азыр деле ошондой кырдаал түзүлүп жатат. Мына оппозиция биригип, бир топ маселелерди кабыргасынан коюп жатат. Мамлекеттеги туруктуулук үчүн ушундай маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечсе болмок.

-Демек, сүйлөшүү жолу менен кырдаалды жөнгө салуу аракетин көрүү керек деген ойдосузбу? Бирок, бийликтегилер Кыргызстанда басма сөз эркин, себеби, жүздөгөн массалык маалымат каражаттары эркин иштеп жатат деп айтып жатышат. Сан менен сапатты салыштыруу мүмкүнбү?

-Жок, эч качан мүмкүн эмес. Анткени,басма сөз эркин боло албай жатпайбы! Бийликтегилер каттоодон өткөн массалык маалымат каражаттарынын санын алып эле Кыргызстанда ушунча каражат бар деп бетине кармашат. Чынында экономикалык кризис жана башка кыйынчылыктардан улам иш жүзүндө иштеп жаткан массалык маалымат каражаттары өтө эле аз. Каттоодон өткөндөрдүн 20-25 пайызы гана араң иштеп жатат. Ошондуктан, ооз көптүрүп айтканга эч кандай негиз жок. Кыргызстанда массалык маалымат каражаттарынын иштөөсүнө шарт жок. Экономикалык мүмкүнчүлүк көбүрөөк болсо массалык маалымат каражаттарынын рекламадан киреше алышына да зор мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бизде андай да мүмкүнчүлүк жок болуп жатпайбы! Анан журналисттер ойлогон, көргөн, уккан нерсесин жаза албаса, билинип-билинбеген саясат журналисттерди мокотуп жатса ММКны эркин деп айта албайбыз.

-Эми ушундай кысым курчуган учурда журналисттер жана коомчулук кандай аракеттерди көрүүсү зарыл деген ойдосуз?

-Тилекке каршы журналисттер чөйрөсүндө тилектештик жана биримдик жок. Эгер бирөө кыйынчылыкка же кысымга туш келсе башка маалымат каражаттары унчукпай, ар кимиси өз көйгөйү менен жүрө беришет. Ошондуктан, журналисттер арасында сырт жакка качып кетүүлөр көбөйдү. Эгер ынтымак менен бирдикте кысымга каршылык беришсе абал башкача болмок.

XS
SM
MD
LG