Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:51

Жалал-Абатта эл “Азаттык” укпай, буулугуп турат


Жалал-Абат облусунун тургундары УТРК аркылуу «Азаттык» үналгысынын уктурулбай, биргелешкен берүүлөрү көрсөтүлбөй калганына тынчсызданышууда.

«Азаттык» үналгысы окуяларды чагылдырууда бийлик менен оппозицияга тең орток мамиле кылууда. Үналгыга ишеним чоң болгондуктан элет калкы анын эки айдан ашык убакыттан бери уктурулбай калганына кабатыр. Эл эсебинен жашап келаткан УТРК көз каранды эмес үналгынын уктурууларын Кыргызстанга жайылтпай жаткан себебин угармандарга түшүндүрүүсү зарыл. “Ата Мекен” партиясынын облустагы төрагасынын орунбасары Кадырбек Жакыповдун жогоркудай ою боюнча улуттук телерадио каналды реформалоо толук болбогону байкалды:

- «Азаттык» менен «ВВС» үналгыларын эфирге чыгарбай койгондугун абдан туура эмес деп эсептейм. Ушул аракет менен биздин бийлик телекомпания Кыргызстандын жалпы калкынын маалыматты ар түрдүү булактардан алуу укугун өтө чектегендигин белгилейм. Айрыкча «Азаттык» үналгысына карата болгон кызыгуу өтө күч. Кайсы гана жерден сурабагың дайыма «Азаттык» үналгысын угушат. Картаң кемпир-чалдарга чейин «Азаттыкты» тынымсыз бурап издеп турат эле. «Азаттык» үналгысын тез арадан кайра берүүсүн талап кылышыбыз керек.

Партиянын мүчөлөрү облустагы бир нече аймактарда элдин колун топтошууда. Ага алгачкылардан болуп Базар-Коргон районундагы депутаттар, карапайым жарандар кошулушкан. Аксы районунун коомчулугу да өз ой-пикирлерин билдиргени турат. Алар «Азаттык” жана “ВВС” үналгыларын кайрадан Кыргызстанга уктуруу талабын УТРКнын башчысына коюшмакчы.

Облус борборунун жашоочулары жаңылык-окуяларды эркин үналгылардын интернет баракчаларынан окушат. Бирок улам жарык өчүп жаткан чакта интернет да кол жеткис. Калктын басымдуу бөлүгүндө, айыл-кыштак, тоо-талааларда, үй-бүлөсүн эптеп багууга жан үрөгөн жарандарда интернет менен байланышууга мүмкүнчүлүк да жок. Облустук «Акыйкат» гезитирин кызматкери Санжарбек Эралиев жүздөгөн жаштар сыяктуу «Азаттык+» жана «Ыңгайсыз суроолор» долбоорлорунун үналгыдан уктурулбай, сыналгыдан чыкпай калганына бушайман:

- УТРК эмне үчүн «Азаттыктын» берүүлөрүн эфирге бербей атканы таңкалыштуу. «Азаттыкта» баардык нерсе ачык-айкын берилет. Ошон үчүн УТРК өзүнүн калыбына салынган маалыматтарды бергенге аракет кылып аткан болуш керек. Ошондуктан «Азаттыкты» эфирден алып салган болуш керек деп ойлойм.

УТРК жетекчилигинин эркин үналгылардын уктурууларын өлкөгө эмне үчүн жайылтпай жатканы Жалал-Абат мамлекеттик университетинин окутуучусу Султан Борошов үчүн да түшүнүксүз. Ал Улуттук телерадиокомпаниясынын башчылыгына төмөндөгүдөй өтүнүч менен кайрылды:

- «Азаттык» үналгысы узак жылдардан бери маалымат майданында калыс, эки тараптуу пикирлерди, дүйнөлүк маалыматтарды берип турчу эле. Эки айдан бери чыкпай атат, эмне себептен? «Азаттык+» дегени бар эле, теледен «Ыңгайсыз суроолор» чыгып турчу эле, ордуна кайра койсо жакшы болот эле. Маалыматтык ачкачылык болуп атат. Жетекчилер эмне себептен бербей атат, мен кайралат элем ордуна калтырып койсоңуздар жакшы болот эле. УТРК каналы аркылуу Кыргызстандын көп эли угат эле.

Жарандардын мындай кабатырлануусун кубаттаган бир нече бейөкмөт уюмдар да бийликтегилерге кайрылуу жасай турган болушту.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG