Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Чотоновдун тарапкерлери Бишкектеги митингге кошулууну чечти


Дүйшөнкул Чотоновдун тарапкерлери Бишкекте өтүп жаткан нааразылык акциясына кошулууну чечти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чотоновду коргоо комитетинин төрагасы Бакыт Калпетов билдирди.

Комитет бүгүн жыйын өткөрүп, кайрылуу кабыл алды. Анда “Чотонов коррупциялык бийликке каршы күрөшүп, өз өмүрүн тобокелге салып, Акаевдин үй-бүлөлүк режимин кулатууга чоң салым кошкону, Үзөңгү-Кууштун сатылышына каршы күрөшүп, 2005-жылдагы Март революциясынын негизги лидерлеринин бири болгону жана Бакиевдин режимине каршы күрөштө да Апрель революциясынын алдыңкы сабында турганы” айтылат.

Чотоновдун тарапкерлери анын камака алынышын саясий куугунтук жана куру доомат деп атоодо.

Алар Дүйшөнкул Чотоновдун жана Өмүрбек Текебаевдин тез арада камактан бошотулушун жана тергөөнүн ачык-айкын өтүшүн талап кылууда.

Башкы прокуратура "коррупция" жана алдамчылык" беренелеринин негизинде козгогон кылмыш иш алкагында 27-февралда "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен кошо Чотонов да эки айга УКМКга камакка алынды.

Чотонов "Ата-Мекен" партиясынын мүчөсү болчу. Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри, Түштүк Кореядагы элчилик кызматтарды аркалаган.

"Текебаевге боштондук!" деген ураан астында митинг Бишкекте кечээ башталган, бүгүн да уланганы жатат. (KJ/RK)

XS
SM
MD
LG