Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:25

Газ пайдалануу үчүн жаңы эсептегичтерди койдуруудан айрым абоненттер баш тартып жатышат. Эгер аларга түшүндүрүү иштери таасир этпесе, мындай керектөөчүлөргө газ берүү токтотулат.

Акысы алдын ала төлөнүүчү атайы карточкасы бар жаңы газ эсептегичтери май айынан баштап коюла баштаган. “Кыргызгаздын” өндүрүш-техникалык бөлүмүнүн башкы адиси Сансызбай Шамакеевдин айтуусунда, бул система керектөөчүлөрго абдан ыңгайлуу.

-Жакшы жагы эл канча газ аларын билет жана тыйынына жараша алат. Башка өлкөлөрдө мындай эсептегичтер эбактан бери колдонулат. Газдын көлөмү атайы терминалдарда карточкага түшүрүлөт. Ар бир эсептегичтин жеке карточкасы бар. Газды канча куб алса акчасын төлөйт, аны эсептегичке салганда көрүнөт. Түгөнүп калса кайра барып алат. Азыр 300 кубдан 1000кубга чейин алып жатышат.

Анткен менен шаар тургундарынын айрымдары мурункудай эле жол менен эле төлөй берсек болмок деп жатышат. Алардын баамында, карточка системасынын пайдасы болгону менен убаракерчилиги да көп.

Асимкүл:-Мурункудай эле төлөй берсек болмок. Карточка менен алат экенсиң, ага кайра-кайра барып, анан качан түгөнүп калат деп шыкаалай беребизби. Түн ичинде же керек кезде түгөнүп калсачы. Мурун деле убагында эле төлөп жүргөнбүз. Билбейм, аны коюуунун кажети бар беле.

Аскар:- Жакшы жагы эч ким уурдай албайт экен. Счетчикти өз билгендериндей тууралай албай калат деп жатышат. Бул албетте өкмөткө пайда дечи. Бирок үйүң газ менен жылыса, анан түнкүсүн өчүп калса, кайда барасың. Анан да карточканы толтура турган жер бир эле "Кыргызгазда". Кезек деген болот. Керели кечке эле ошол жерде жүрө албайсың да.

Ошентсе да азыр эсептегичтерди алмаштаруу иши Кыргызгаздын кызматкерлери жана "Бишкек газ" чарбалык башкармалыгы менен биргеликте токтоосуз жүргүзүлүп жатат. Бирок дагы эле аны койдурууга макулдугун бербеген абоненттер кезигүүдө.

Марлес Кыйшыков-пломбалоочу: -Бүгүн да бир абонент счетчикти койдурбайм деп үйүнө киргизбей койду.Убаракерчилиги көп экен, мен кайра кайра барганга убактым да жок деп кетип калды. Калгандарына акырындап коюп жатабыз.

Депутат Иса Өмүркуловдун пикиринде, жаңы эсептегичтин элге кереги деле жок болчу. Албетте бул жерде укук бузулбайт, бирок свет да өчсө, анан суукта карточкасы түгөнүп газы жок калса, эл убаракерчиликтен башка эч пайда көрбөйт дейт.

-Жөн жерден эле проблема чыгара беришет. Өздөрүнө артыкбаш проблема табышат. Аны менен элдин убактысын алат.Эртен суук түшөт, анан карточкасында газы жок калса, жылыткыч батареялары тоңуп баягы эле эл жапа чегет. Газды пайдаланып, анан төлөп эле жашасак болмок.

Сансызбай Шамакеев кандайдыр бир өзгөрүү же жаңылык алгач элди чочутат деп эсептейт. Эл көнүмүш адатка айланган тиричилигин бузгусу келбейт. Азыр түшүндүрүү иштери да жүргүзүлүп жатат. Эгер ал жыйынтык бербесе, анда андай керектөөчүлөрдү газсыз калтырууга мажбур болобуз дейт адис.

-Түшүнбөгөндөр баш тартып жатат. Убакыт жок дешет барганга, жаңылыкты түшүнбөй жатат. Элди тажатып текшерген контролерлор азайат. Бизге да убакыт үнөм болот. Макул болбогондорго түшүндүрүп жатабыз. Эгер такыр эле болбосо, газ өчүрүлөт. Счетчиктер “Кыргызгаздын” балансына кирет. Ошондуктан аны оңдоп, жаны технологияны киргизүүгө укугубуз бар. Газды уурдагандар көп, газ алуу да кыйын болуп жатат. Биз алардын укугун бузбай эле, алардын счетчигин жаңыртуудабыз. Газ бербей койгон жокпуз да.

Жаңы эсептегичтерди коюуу алгач жеке секторлордо жүргүзүлөт. Анткени көп кабаттуу үйлөргө караганда жер тамдарда керектөөнүн көрсөткүчү жогору. Андан кийин кызмат көрсөтүүчү мекемелер да киргизилет. Ага жараша быйыл эсептегичке байланыштуу керектөөчүлөр менен жаңы келишим түзүлөт. Ошентип, айрым шаар тургундары ыңгайсыз деп баа бергиче эле, 7 миң абонент жаны эсептегичтүү болушту. Буга чейин 10 миң мындай эсептегич Кытайдан 150 долларлык баага алынган. Эми өзүбүздө да счетчик чогултуучу завод ачылып, 3 айдын ичинде 5 миң счетчикти чыгарган.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG