Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:19

Кумтөр боюнча келишим парламентте карала баштады


Өкмөт жактырган Кумтөр боюнча жаңы келишим дүйшөмбүдө ЖКнын Эл аралык иштер жана парламенттик кызматташуу комитетинде каралып, келишим жактырылды. Парламент аны 30-апрелде карамакчы.

Өкмөт Кумтөргө байланыштуу келишимди ратификациялоону тездетүүгө киришти. Өткөн жума күнү өкмөт өз жыйынында канадалыктар менен жетишилген жаңы келишимди жактырып, дароо эле парламентке жолдогон. Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши дүйшөмбү күнкү жыйынында Кумтөр боюнча өкмөт жактырган келишим парламентке келип түшкөнүн жарыялады. Ушул эле күнү түштөн кийин Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер жана парламенттик кызматташтык комитетинин жыйыны чакырылып, анда Кумтөргө байланыштуу келишим жактырылды. Комитет келишимди кароону Жогорку Кеңешке сунуштады. Эми парламенттин бул жумадагы биринчи пленардык отурумунда, бейшемби күнү маселе карала турган болуп калды. Анда премьер-министр Игорь Чудинов маалымат берери да комитеттин жыйынында айкын болду.

Ал эми 27-апрелде Жогорку Кеңештин комитетине Кумтөр боюнча жаңы келишим тууралуу өкмөттүн аппарат башчысы Нурлан Айтмурзаев маалымат берди. Келишимдин негизги параметрлери тууралуу Айтмурзаев буларды белгиледи:

-Геологиялык кызмат карьерде жана жер астында 200 тонна алтын бар деп эсептеп жатат. Андан сырткары болжолдуу түрдө дагы 200 тоннадан ашуун алтын бар. Жаңы келишим аларды натыйжалуу иштетүүгө шарт түзөт. Компанияда биздин үлушүбүз 33% болот. Жалпы өндүрүлгөн продукциядан 18% салык төлөнөт. Жаңы шартта жалпысынан кен дагы 15 жыл иштеп, андан Кыргызстан 3 миллиард 400 миллион доллар табат.

Жаңы келишим менен 2007-жылы Алмазбек Атамбаевдин тушунда жетишилген келишимдин өзгөчөлүктөрү тууралуу канадалыктар менен сүйлөшүү жүргүзгөн өкмөттүк комиссиянын мүчөсү Кубанычбек Исабеков буларды айтып берди:


- Атамбаевдин макулдашуусу боюнча биз 29.4% акцияга ээ болмокпуз.Кээ бирөөлөр 31% акция жөнүндө айтышкан. Бирок маселе башка жакта болуп жаткан, Атамбаев келишими боюнча Камеко бизге акция бермек болгон. Ошол эле мезгилде Центерра 10 миллион акция чыгарып,аны Камекого бермек болгон. Азыр андай болбойт.

Комитет жыйынында кабарлангандай, Камеко корпорациясы алтын казуу бизнесинен кетүүдө. Бардык ишти “Центерра голд инк” компаниясы жүргүзмөкчү. Анда Кыргызстан ири акционерлердин бири болуп калмакчы.

Комитет жыйында дагы бир маселе козголду. Ал Кумтөр кени боюнча түзүлгөн келишимдердеги коррупцияга байланыштуу болду. Социал-демократиялык фракциянын лидери Бакыт Бешимовдун айтымында, Кумтөргө байланыштуу 1992, 2003-жылдагы келишимдер Кыргызстан үчүн зыяндуу, коррупциялык келишим болгон. Ошондуктан канадалыктар азыр Кыргызстандын үлүшүн көбөйтүүгө аргасыз болууда. Мындай шартта Кыргызстан үчүн зыяндуу келишимдерге кол койгон өлкөнүн мурунку жетекчилигин жоопко тартуу маселеси көтөрүлүп,ошондой эле Канаданын парламентине, өкмөтүнө да тийиштүү маалыматтар берилиш керек. Кубанычбек Исабеков бул маселени камтыган токтом долбоорун бейшемби күнү Жогорку Кеңештин жыйынына алып чыгаарын билдирип, аны колдоого чакырды.



  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG