Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:04

“Кумтөрдө” айлык акыны көбөйтүү талабы менен иш таштоо уланууда


Бул туурасында “Кумтөр оперейтинг компани” ишканасынын кесиптик кошуундар уюмунун төрагасы Алмазбек Жакыпов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында учурда “Кумтөрдө” алтын кенинде кеминде миңдей киши жумушун токтотуп, өндүрүш дээрлик иштебей турат. Айрым коопсуздук камсыздоо тармактары гана иштеп жатат.

1-октябрда Кумтөрдүн жумушчулары иш ташташкан. Буга компаниянын жетекчилигинин жумушчулардын айлык акысын жүз пайызга көтөрүүдөн баш тарткандыгы себеп болгон. “Кумтөр Оперейтинг компани” ишканасынын президенти Роберт Вандер кечээки маалымат жыйынында иш таштоо акциясын негизсиз деп баалап, муну ишкананын кесиптик кошуундар уюму уюштурган жаңылыштык катары мүнөздөгөн эле. (KKs)

XS
SM
MD
LG