Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:38

“Визор” Жер үй кени боюнча кыргыз өкмөтү менен сүйлөшкөнү жатат


“Визор” акционердик коомунун Жерүй алтын кенин иштетүү боюнча лицензиясын жокко чыгаруу тууралуу Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары министрлигинин сунушу негизсиз. Бул тууралуу “Визордун” президенти Майкл Сауэр бүгүн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, аталган министрлик лицензияны жокко чыгаруу боюнча азыр кыргыз өкмөтүнө токтомдун долбоорун даярдап жөнөттү. “Визор” бул маселе боюнча кыргыз өкмөтү менен чукул арада сүйлөшүүгө аракет жасап жатат. М. Сауэр эгер лицензия жокко чыгарылса Кыргызстан Жерүй алтын кенинин 40 пайыз акциясынан кол жууп калат, дагы узакка чейин соттук териштирүүлөргө мажбур болот, деп айты. Жаратылыш ресурстары министрлиги аталган акционердик коом инвестициялык келишимди аткарган жок деп лицензиясын жокко чыгарууну көздөп жатат. “Визор” Жерүйдүн 60 пайыз акциясына ээлик кылат. (EBM)

XS
SM
MD
LG