Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Оп бали, министрлер ант берди


Премьер-министр Данияр Үсөнов
Премьер-министр Данияр Үсөнов

6-ноябрда жаңы дайындалган министрлер кабинети президент, ЖК депутаттарынын алдында ант берди. Каадалуу жөрөлгөгө СДП мүчөлөрү катышпай, залдан чыгып кетишти.


Сентябрдан бери оголе чоң сөзгө арзыган башкаруу реформасынын жыйынтыгы өкмөт жетекчиси менен бирин-экин министрдин алмашуусуна айланышын эч ким күтпөсө деле керек. Андай кагаз жаңылануу артынан толгон-токой божомол-жоромолдорду ээрчите келди. Акыйкатта да, чоң сөзгө арзыган демилгенин жыйынтыгы азыноолок орун алмашуу менен коштолуусу ушу азырга чейин аягы түгөнбөгөн суроолорду гана жаратууда.

Жарым жыл ичинде аягына чыкчу реформанын жыйынтыгына кызыкдар президент 6-ноябрда жаңыланган эски өкмөттүн кезектеги ант берүү аземин өзү келип көрдү. Жаңы дайындалган “акжолчу” өкмөт башчы Данияр Үсөнов даяр бапкени алдына жайып көпчүлүк алдында ант берди.

- Премьер-министрдин кызматына киришип жатып өз элимдин, президенттин жана Жогорку Кеңештин алдында Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана анын мыйзамдарын ыйык сактоого, өз ишмердигимди мыйзамдуулуктун жана адилеттиктин принциптеринен тайбоого, Кыргызстандын элине ак ниет жана берилип кызмат кылууга жогорку ишеним менен мага жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын премьер-министринин милдетин ак ниет жана талыкпай аткарууга ант беремин!

Ушундай эле жөрөлгөнү эски-жаңы өкмөттүн мүчөлөрү да жасашты. Мыйзам алдында жоопкерчилик тартууга аткаруу бийлик мүчөлөрү жапатырмак даяр экенин билдиришти. А бирок өлкө турмушундагы өтөле маанилүү саясий жөрөлгөгө парламенттеги социал-демократиялык фракциянын мүчөлөрү катышкан жок.

Анын себеп-жөнүн фракциянын утурумдук жетекчиси Иса Өмүркулов парламент түзүмү өзгөргөндөн кийинки жагдайга байланыштуу мындайча түшүндүрдү.

- Комитеттин саны он экиден тогузга түштү. 9 комитет уюшулду. Анан биз мурун агрардык комитет, билим берүү, илим комитети биздин фракцияда эле да. Ошол бүгүн бизге сунушталган жок. Бизге бир гана бюджет комитетинин төрага орунбасары сунушталды. Бир гана комитет орунбасарлыгы сунушталды. Биз андан баш тарттык. Алган жокпуз, пленардык жыйындан чыгып кеттик.

А бирок ага карабастан министрлер кабинетинин мүчөлөрү ант берүү аземин улантышты. Жаңы министрлик кабинетинин мүчөлөрү түгөлү менен ант берүү жөрөлгөсүн аткарышты.

- Мен Акылбек Жапаров, Кыргыз Республикасынын 1-вице-премьер-министринин ЕврАзЕШтеги өкүлүнүн кызматына киришип атып өз элимдин, президенттин, Жогорку Кеңештин алдында Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын ыйык сактоого, өз ишмердигимде мыйзамдуулуктун жана адилеттиктин принциптеринен тайбоого Кыргызстандын элине ак ниет жана берилип кызмат кылууга жогорку ишеним менен мага жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын 1-вице-премьер-министринин жана ЕврАзЕШтеги атайын өкүлүнүн кызматын ак ниет аткарууга ант беремин.

Кыргызстан эгемендикке чыккандан берки 17-ирет жаңыланып жаткан өкмөт айрым байкоочулардын баамында, эч кандай өзгөрүүгө деле туш болгон жок. Министрлер менен комитеттердин жетекчилеринин кызмат орду айрым бир өзгөрүүлөргө гана учурабаса аткаруу бийлик өкүлдөрү көнгөн орундарын сактап калышты. Ошондон көпчүлүк арасында эмнеликтен ооз толтуруп 1-сентябрдан тарта башкаруу системасын реформалоо жайында кеп болгону эмдигиче табышмак.

Аны президент Курманбек Бакиев да моюнга алууга аргасыз болду.

- Жаңы өкмөттүн курамын түп-тамырынан өзгөрткөн жокпуз. Себеп дегенде, ушул реформаларды баштаган, бир топ иштерди баштаган өкмөт мүчөлөрү ошол баштаган иштерин аягына чыгыш керек, деген максат менен. Мен ойлойм, бул да туура саясат.

Бирок да туура саясат көпчүлүк арасында эч кандай өзгөрүү болбогону, президенттик шайлоодон кийинки алдагыдай реформа эл көңүлүн алаксытуунун кезектеги амалдарынын бири экени ушу тапта байма-бай айтылууда.

XS
SM
MD
LG