Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:10

Садыр Жапаровдун тарапкерлери эки айга соттолду


С. Жапаровду колдогон митинг учурунан (25-март, 2017-жыл)
С. Жапаровду колдогон митинг учурунан (25-март, 2017-жыл)

25-мартта саясатчы Садыр Жапаровдун колдоп митингге чыгып, милиция тарабынан "мыйзам бузду" деп убактылуу кармоочу жайга кармалган 12 адамга карата сот өкүмү чыкты. Акыйкатчынын орун басары Эрлан Алимбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Свердлов райондук сот кармалган 12 адамды эки айга тергөө абагына камоо чечимин кабыл алды.

- Соттун чечими менен №1 СИЗОдо кармалсын деп айтылды. Эми убактылуу кармоочу жайдын жетекчилиги график жасап, тергөө абагына арыз берет. СИЗОдон атайын автоунаа келгенден кийин бардыгын ошол жакка алып барат.

Эки айга соттолгон 12 адамдын арасында Садыр Жапаровдун баласы, улуу агасы жана башка туугандары бар. Алардын бардыгына "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү", "мүлккө чыгым келтирүү" беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Мындан башка, Садыр Жапаровду колдоп митингине чыккан 64 кишиге административдик айып салынып, эки суткадан беш суткага чейин камакка алынган. (SDz)

XS
SM
MD
LG