Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:24

Москвада Камбар-Атанын багы ачылабы?


3-февралда президент К.Бакиевдин Москвага иш сапары болот. Анда кыргыз президенти Россиянын мамлекет башчысы Д. Медведев менен жолугушуп, Камбар-Ата ГЭСи боюнча маселени талкуулашы белгиленүүдө.

Кыргыз тарап бул сапарга өтө чоң маани берип жатканы маалым. Маселен, президент Бакиев буга чейинки билдирүүлөрүндө жыл башында Москвага боло турган сапарында кыргыз-орус мамилесинде олуттуу жылыштар болоорун белгилеген.

Россиянын вице-премьер-министри Игорь Сечиндин 28-январда Бишкекке сапары учурунда Россия тараптан бериле турган 300 миллион доллар жеңилдетилген насыя, 150 миллион доллар грант жана “Дастан” акционердик коомунун 48% акциясына Кыргызстандын Россияга 190 миллион доллар карызын алмашуу жөнүндө, андан сырткары Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 1 милилард 700 миллион доллар насыя бөлүү талкууланган.

Кыргыз тарап бул насыяны өкмөттүн кепилдигисиз алууга аракеттенүүдө.

Президент Бакиевдин сапары учурунда саналган маселелер боюнча төрт келишимге кол коюу даярдалып жатат. Бирок алар боюнча 2-февралда да сүйлөшүү уланып жатканын Кыргызстан Тышкы иштер министрлигинин КМШ башкармалыгынын башчысы Асейин Исаев билдирди.

Анын айтымында, төрт келишимдин ичинен “Дастандын” акцияларына карызды кечүү боюнча келишимге жетишүү жакын болуп турат:

-Биздин оюбуз боюнча, “Дастан” боюнча келишимге жетишүү жакын. Россияга 190 миллион доллар карызыбыз бар. Ошону реструктризациялайлы деп жатабыз.

Албетте, кыргыз коомчулугунда келишимдерге жетишилеби, жетишилсе ал кандай шартта болот деген суроо, күмөнсүнүүлөр арбын.
Орус президенти Дмитрий Медведевдин 23-январда Ташкенде “ГЭСтерди курууда коңшу мамлекеттердин кызыкчылыктары эске алынышы керек” деген билдирүүлөрү андай күмөндөрдү ого бетер күчөттү.

Саясат таануучу Марат Казакбаев бул сапар ийгиликтүү болоруна күмөнү бар экенин жашырбады:

-Пессимисттик деле көз караш болуп жатат. Карап көрсөк, Кыргызстан канча ачык болсо да Россиядан инвестиция келген жок да? Эми мүмкүн алдыга жылыш болуп кетер. Эми Россия кандай чечим кабыл алат? Биздин президент инвестиция келсин деп, ачык эле баратат. Россия эгерде макул болбосо, анда мамиле да анча болбой калат. Анда биз башка өнөктөштөрдү издейбиз го.

Ал эми өлкөнүн мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов келишимдерге жетишүү үчүн Москванын да кызыкчылыгы бар экенин эскерет:

- Ар бир мамлекет өзүнүн кызыкчылыгын көздөйт. Россиянын Борбордук Азияда, анын ичинде Кыргызстанда кызыкчылыгы бар. Өзгөчө биздин энергетика Россияга кызыктуу. Андан башка экономикалык жактан дагы, саясий жактан дагы кызыкчылыктар бар. Ошондуктан күтө туралык.

Оппозициялык саясатчы Камбар-Ата-1 ГЭСин теңшериктикке берүү улуттук кызыкчылыкка каршы келерин, анткени Кыргызстандын келечеги Камбар-Ата менен байланышта экенин белгиледи.

Ал эми мурунку вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов негизги маселе гидроэнергетикалык станцияны иштетүүдө дейт:

-Чет элдик инвестиция келип жатканда биз көбүнчө улуттук кызыкчылыкты биринчи орунга коюп иш кылбашыбыз керек. Эң негизгиси ошол инвестиция келип, гидростанцияны куруп, иштетүүдө болуп жатат да. Эгерде Россия менен билип, түз мамиле кылсак, иш билгилигибизди көрсөтсөк Россия түз эле келет. Эмне дегенде Россия 2 миллиард доллар боюнча эки жылдан бери айтып келатат.

Ошол эле мезгилде Россия бөлө турган 1 миллиард 700 миллион долларды Кыргызстан карыз иретинде алаарын, бирок ГЭСтин 50% ээлик кылууга аракеттенген Россиянын салымы кандай болот деген сыяктуу суроолордун башы ачылбай жатканын белгиледи.

Бул суроолорго жооп президенттин 3-февралдагы сапарында табылаар.



  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG