Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:20

Алп акын Барпынын бала-чакасы


Кыргыз акындары менен Барпы апыз ортодо
Кыргыз акындары менен Барпы апыз ортодо

Көркөм сөздүн алпы Барпы Алыкуловдун үй-музейинин жетекчиси Амангелди Төрөкановдун айтуусунда, Барпынын өмүр баянына байланышкан биртоп маселелердин башы ачыла элек.

Акындан калган туяк - жалгыз уулу Жумабай тууралуу маалыматтар жок дээрлик. Барпы акындын жеке турмушу тууралуу айтып берүүсүн өтүнүп кабарчыбыз Бекташ Шамшиев Амангелди Төрөкановго кайрылган.

- Амангелди аке, Барпы Алыкул уулунун мындан 15 жыл илгери өткөн 110 жылдык мааракесине анын уулу Жумабай аке да катышкан эле. Андан кийин а кишинин аты аталбай калды. Ошонун себеп-жөнүнө токтоло кетсеңиз.

Амангелди Төрөканов: - Биздин кыргыз адабиятынын классиги болуп эсептелген Токтогул, Тоголок Молдо, Барпы жөнүндө маалыматтардын ушу кезге чейин өтө так эмес жерлери бар экен. Алардын өмүр баянын хронологиялык жагынан тактап түзүп чыга элекпиз. Айрым талаштуу жерлери бар. Ошонун бир мисалы, биздин элдин сыймыгы, кыргыз эмес, жаамы түркий калктарынын поэзиясында өз сөзү бар улуу акын өткөн. Ал – Барпы.

Мунун өмүр баянында да бираз так эместиктер бар. Анын өмүр баянын жакшы изилдебей туруп, үстүртөн «укканыма караганда» деп жазып ийип, анан ал басмадан-басмага өтүп, калыптанып калган айрым ойлор бар. Муну кеч да болсо, «эч болгончо кеч болсун» дегендей, чындыкты айтып, калыбына келтирчү маанилүү иштер бар. Мисалы, айта турган болсок, ушу кезге чейин «Барпынын уулу жок, аркасынан туяк калган эмес» делинип жүрөт.

Барпынын кызы бар, аты Бурул, фамилиясы Парпиева делинип жүрөт. Бул киши өзү көп үйлөнгөн экен. Талант жагынан да, адамдык тагдыр жагынан да чоң акындык тагдырды башынан кечирген инсан. Бурул анын акыркы аялы Жумагүлдүн колунда эмчектеги кезинде ала келген кызы экен. Мен муну тарых чындыгы үчүн эле айтып жатамын. Чындыгында Бурул Барпынын өз кызынан артык болуп, атасынын ырларын жазып алып, кийин күйөөсү Төлөн Бекибаев экөөлөп жазып алып Барпынын адабий мурасынын элге жетишине өтө чоң эмгек сиңирген инсан. Бул өз кызынан артык адам болгон. Барпы деле өз кызым деп мамиле кылган. Мен муну чындык үчүн айтып коюш керек деген мааниде гана айтып жатам.

- Анан Амангелди аке, Барпынын жалгыз уулунун атасынын атына өтүшү, аны документтештирүү кандайча көтөрүлүп калды?

Амангелди Төрөканов: - Чындыгында Барпынын уулу болгон. Бул кийин далилденди. 1993-жылы биз ал кишиге Барпы уулу Жумабай деп фамилиясын өзгөрткөндүгү жөнүндө күбөлүгүн, жаңы үлгүдөгү паспортун алып бергенбиз. Эл-журт алдында салтанаттуу түрдө тапшырдык. Анан эми Жумабай акени 90-жылдарга чейин каякта жүргөн, деп калышың мүмкүн. Бул эми тагдыр да.

Барпы өзүнүн Атабай деген жакын агасынын көзү өткөндөн кийин жесир калган Айсара деген аялын, башкача айтканда Барпы өзүнүн жеңесин аялдыкка алат. Биздин кыргызда бул эски салтта болуп келген. Муну левираттык мыйзам деп коет. Жакынын башка жакка кетирбей, анын үстүнө туугандан калган баланы башка жакка тентитпейли деген максатта ушундай иштер болуп келген.

Айсаранын да бир кызы бар экен Тажикан деген. Ушу кыз менен башка жакка кетпесин деп Барпыга баш коштурушкан экен. Андан Барпы Батма, Зуура деген эки кыздуу болгон. Алар кийинирээк чечектен деп коет, 5 –6 жашка чыккандан кийин өтүп кетишкен экен. Чарчап калды деп коет ушу жаш баланы, ошондой болгон экен.

Андан кийин турмуштук шартка байланыштуу Барпы менен Айсара таарынышып калып, Айсара мынабу өзүнүн элиндеги азыркы С.Атабеков атындагы айыл өкмөттөгү Жийде айылына кетип калат экен. Ал өзү түбү саруунун кызы болгон. Анан кетеринде, биздин кыргызда бир салт бар, же күйөөсү менен ажырашып кетсе, же күйөөсү өтүп кетсе эгерде кошкат болсо, күмөнү болсо эл-журтка айтып дайындап коет. Ал дагы ошентип дайындап кеткен экен. Мисалы, Барпы менен Айсаранын өкүл баласы Кангелдиев Жаныбек экен. Китебинде да «Жаныбекке кат» деген чыгармасы бар. Ал фронтко кеткен. Өкүл кызы Зырапа, Жаныбектин келинчеги. Ушул экөөнө дайындап, төрт айлык күмөнү менен кетип атканын, келбей турганын айтып таарыныч менен кеткен экен.

Ошол боюнча Барпы да барган эмес экен. Анан 5 –6 ай өткөндөн кийин Айсара уулдуу болуп, атын Жумабай коет. Барпыга Айсара көз жарды, уулдуу болдуң деп кабар келет. Андан Барпынын да кабары бар. Эл-журттун да кабары бар. Бирок Барпы башка ошол Жумагүлгө үйлөнүп алат экен.

Андан кийин заман өтөт, жылдар өтөт. Жанагы Жумабай 9 жашка чыгат. Анан эл-журттан кеп угат. Ага чейин Айсара да Турдукул деген кишиге турмушка чыгып калат. Эл-журттан: «Сенин атаң башка, сен тиги Ачылык Парпинин баласы болосуң» дегенди Жумабай эл-журттан угуп, жанагы Семетейге окшоп «менин атам ким, атамын жерине алып барасың» деп жаңжал кылгандан кийин Айсара Жумабайды ээрчитип Ачыга келет. Ачыга келип Жумабайды атасына тапшырып кетет.

Тапшырып кеткенде жанагы кийинки аялы баланы көп батыра бербей, кичине тукулжуратып жибериптир. Ошондо Барпы баласына айтыптыр да: «Эми балам сени десем апаң кетет. Апаңсыз кантип жашайбыз. Мен болсо көр болсом. Аялды десем, сага кыйын боло турган болду», деп «мынабул жерде сенин жакын агаларың бар, менин инилерим бар. Ушулардын үйүндө жүрүп тур», дейт экен да ошол Кангелдиев Жаныбекти чакырып: «Жаныбек эми сен тил билги жансың. Мобу жеңең Жумабайды кыйнап жиберди» дейт. Жаныбектин Сарабек деген баласы болгон. Жакында эле өттү. Экөө тең. «Ойноп-күлүп сеникинде жүрсүн. Козу-улагыңды кайтартып, ушуну асырап ал, атайы келди эле», дейт экен. Ошентип Жумабай Кангелдиев Жаныбектин үйүндө жүрүп калат.

Анан 5 – 6 ай өтүп тияктан апасы угуп калат экен. «А, сенин балаң нараакка батпай бераакта бирөөлөрдүн кой-козусун багып жүрөт», дегенди уккандан кийин Айсара барып Жумабайды алып баса берет экен. «Мен Жумабайды атасы менен чоңойсун деп берген элем. Бу бирөөлөрдүн кой-козусун багып жүрсүн деп берген эмесмин. Болбосо бир баламды өзүм деле багып алам» деп, алып кеткен экен. Анан Барпыга өчөшүп Турдукулов Жумабай деп кийинки жолдошунун атына жаздырып коет экен. Сельсоветтин китебинде ошондой деп жазылып калат.

Турдукулов Жумабай ошол Жийдеде бир көчө саяк эли бар. Ошентип тагдыр экен Жумабай саяктын баласы болуп калат. Кийин согуш башталып, элдин башына оор иштер түшүп, анан жан баккан бактылуу болуп калган маалда Барпы да баласы менен жакшы кабарлаша албай калып, анан өзү да 1949-жылы өтүп кеткен.

- Амангелди аке, Жумабай аксакалга жаңы паспорт, документ алып берүүнү качан баштап калдыңыздар?

Амангелди Төрөканов: - Анан Барпынын бул жерде далилдеп, айтып кое турган жери бар. Барпынын бир тууган иниси Парман деген молдо болгон. Ушу Парман Жумабайды бир-эки жолу Полотов Анарматка алып келген экен. Полотов Анармат Барпынын бир тууган иниси, бая басмачылар өлтүрүп кеткен иниси Полоттун баласы. Эми бакма бала. Бирок өздөрү деле тага-жээндик жагы бар экен. Кыскасы Полоттун баласы болуп жүргөн. Ал адвокат, сот болуп иштеген киши. Биздин элет жеринен чыккан, мыйзам тааныган адамдардан болгон.

Анан Парман молдо Жумабайды ээрчитип эки-үч жолу келген экен. «Эй, мынабу Парпи авамдын баласы. Турдукулов болуп башка фамилияда жүрөт эй. Акыры Парпиден тукум деп калыш керек да» дептир. Биздин кыргызда бул катуу маселе го. Чыңгызда деле бар эмеспи, «атадан калган туяк» деп. Бул катуу бааланат эмеспи. Анан «ушул жагын оңдоп коелу, метрикесин жаздырып бер, тууралап бер» десе ана-мына деп жүрүп ушул ишти аягына чыгарбай койгон экен.

Эми бул жерде менин пикирим эмес, укканымды айтып коеюн, жанагы автордук калем акы, гонорар төлөнчү экен го. Анан буга ким жакын деп, калем акы ошого төлөнчү экен. Чамасы ушул жагынан бир иштер болгон болуш керек, деп раматылык Жумабай аке өзү айтты. «Мени жолотпой жүргөнү Барпынын жакын тууганы менмин деп өзүн жаздыртып койгон экен. Ушундай кылган окшойт. Эми бир пендечилик кылган экен да», дегендей ойду айткан.

- Жумабай акенин акындык жөндөм-шыгы бар беле? Атасына окшош жагы бар беле?

Амангелди Төрөканов: - Сырт түспөлү атасына окшош. Бет түзүлүшү окшош. Бир караганда эле а кишинин Барпынын баласы экендиги көрүнүп турат. Анан иш жүзүндө анын фамилиясын өзгөртүштүн өзү деле чоң иш болду. Барпынын 110 жылдыгына карата «рекламалык иш үчүн эле алып чыга койдуңарбы», деген да сөздөр болбодубу. «Биз укпаган экенбиз, билбеген экенбиз», деген адамдар болгон. Анан жийделиктердин, ачылыктардын аксакалдары далилдеп: «Ой бул Барпынын баласы, кийин о Жаныбек акамин үйүндө жүргөн. Бирге кой кайтарып жүргөнбүз, козу кайтарып жүргөнбүз» деп, далилдеп жүрүп, тилкат жазып берип жүрүшүп анан фамилиясын өзгөрткөнбүз.


- Качан болуп жүрөт бул иш?

Амангелди Төрөканов: - 1928-жылы болгон экен.

- Жок-жок, тиги фамилиясын өзгөрткөн…

Амангелди Төрөканов: - 1993-1994-жылдары болду. Мен ушу Барпыга катуу киришип, эл-журттан жыйнай баштаган кезде болду. Жанагы «Жаныбекке кат» чыгарманын аягына түшүп Жаныбектин аялы Зырапа деген кийин биздин абага, Жаныбек согуштан кайтпай калгандан кийин Борбу деген абабызга, турмушка чыгып, андан баласы бар, бизге чоң апа болуп калган. Анан ушул «Жаныбекке кат» кандай жазылды эле, айтып бериңчи деп баргам.

Барганымда ал Барпынын өкүл кызы болуп чыгып атпайбы. Анан Жумабайды ошондо айтып жүрөт да. «Ой, өкүл энем бизге айтып-деп кеткен. Жумабай чоңойгондон кийин аяктан жаңжал кылып атасын издеп келген. Жумагүл батырбай коюп, биздин үйдө жүрүп, анан кийин Айсара өкүл энеми кайра алып кетип, ушундай тагдыр болуп калган. Ушуну эч ким бизден сурабайт. Тияктан туруп алып эле «Парпинин баласы жок» деп жазып кое беришет имиш. Сен ушуну козгоп чыкпайсыңбы?» деп калды. Анан мен өзүм да карасам бул өзү өтө маанилүү иш да. Бул өзү жөн эле кайдыгерликке салып кое турган иш эмес. Улуу адамдын өз тукуму болуп тургандан кийин муну бар деп алып чыгып, кийин анан тукумун улап кете турган, жанагы генеалогиялык санжырасында кетиш керек да. Баласы, небереси, чебереси делинип.

- Илимий конференцияда сиз Барпынын бала-чакасы анын үй-музейине баш-көз болуп иштеп жатышат деп айттыңыз? Барпынын канча баласы, небере, чебереси бар ушу тапта?

Амангелди Төрөканов: - Барпынын ушул Жумабай акеден өзүнүн чыныгы неберелери алтоо. Жумабай акенин 2 кыз 4 уулу бар. Алардан 26 Жумабай акенин небереси бар. Алар эми Барпынын чебиреси болуп кетишет.

- Ал эми кызы Бурул, күйөө баласы Төлөн акелер барбы?

Амангелди Төрөканов: - Ал эжелер дагы 1996-жылы өтүп кетишти. Барпынын 110 жылдыгын белгилеп жаткан маалда оорукчан болуп калышкан экен. Тойго чакырсак да келе алышпады. Мааракеге балдары-кыздары келип катышып кетишкен. Анан Бурул эже менен Төлөн акенин бири 1995-жылы, экинчиси 1996-жылы дүйнөдөн өтүп кетишкен. Кара-Дарыяда жашайт эле. Окумуштуу Кадыркул Даутов экөөбүз барып, балдарына көңүл айтып келгенбиз.

Чындыгында тарых алдында, кыргыз адабият таануусунун алдында алардын эмгектери чоң. Эми мен чындык үчүн гана аны Барпынын бакма кызы деп жатам. А негизи алар чыныгы уул, чыныгы кыздар кылбай турган ишти кылган. Барпы атасынан көптөгөн чыгармаларын жазып алышкан. Күнү-түнү отуруп алып жазышкан. Эми ал кезде азыркыдай шарт болгон эмес. Жанагындай калем менен, сыя челек, перо деп койчу эле го, ошону менен отуруп, кара чыракта отуруп ушундай чыгармаларды, эчен-эчен чыгармаларды жазышкан. Улуу адабий мурастарды сактап калышкан.

Мына кыргыз эли Барпынын чыгармаларын алып окуп жаткан болсо ошондо раматылык Бурул эженин, Төлөн жезденин чоң эмгеги бар. Бу кишилердин эмгегин айтып коюш, айрыкча бүгүнкүдөй Барпы жөнүндө чоң сөз болуп турган маалда Барпыга мээнет кылган, кылдай кызмат кылса да ошол кишилердин атын айтып коюш бул адамдык парзыбыз.

- Амангелди аке, сизге да чоң ырахмат! Алп акын Барпынын чыгармачылыгын, өмүр жолун иликтөөгө куштар сиздей демилгелүү кишилер көп болсун!
XS
SM
MD
LG