Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Мекеге Кыргызстандан эки миңдей зыяратчы жетти


Мекеге эртерээк жеткен кыргызстандык зыяратчылардын чоң тобу дүйшөмбү күнү атайын жалданган автобустарда Мекенин ары жагындагы ажылык зыяраттар өтчү аймактарды алдын ала кыдырып-көрүп чыгышты.

Оболу Жалал-Абаддан барган 150 зыяратчынын башчысы Дилмурад-ажы Орозовго телефон чалдык. Алар Мекеге жаңы эле жетишип, мейманканага жайгашып атышкан экен. Штабдан кишилер келип кабар алышканын, бирок алардын жардамы азырынча зарыл эмес экенин, толук жайгашып бүткөндөн кийин Мекеде умра ибадаттарын аткарышарын, парз намаздарды дайыма Мекедеги Харам мечитинде окушарын кеп кылды ажы башчы.

Андан кийин Ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабдын башчысы Мамбетасан-ажы Ибраевге байланышка чыктык. Мамбетасан-ажы Ибраев жакында барып Кыргызстандын Мекедеги ажылык штабын да жетектеп атат:

- Мамбетасан-ажы, Кыргызстандын Мекедеги ажылык штабы ишин баштадыбы? Азыр эмне иш жасап жатасыздар?

- Биздин келгенибизге үч күн болду. Келген кыргызстандык зыяратчыларды мейманканаларга жайгаштыруу иштерине жардам берип жатабыз. Зыяратчылар 30уна чейин келишет ушул айдын. Ооруган-сыркагандар, кырсык чалгандар жок. Күн ачык. Бирок, өтө ысык эмес. 30градус жылуу.

- Дарыгерлер жагы кандай?

- Биз штабдын курамында да медикиерди ала келгенбиз. Айрым ажы башчылар да өз топторунда дарыгер ала келишиптир. Текшерип чыгышты айрыкча кары адамдарды.

- Азыр Мекеге канча ажы барды Кыргызстандан?

- 2000ден ашып баратат.

- Эртерээк баргандар эмне иштерди жасап атат.

- Ыктыярдуу ибадат иштерин. Умра жасап бүтүштү көпчүлүгү. Мына бүгүн биз 3-4 ажылык топту бириктирип, атайын жалданган автобустарда ажылык зыяраттар аткарылчу Арафат, Мина, Муздалифа аймактарын кыдырып, тигилерге тааныштырып жүрөбүз. Азыр сиздин суроолоруңузга Арафаттан жооп берип жатам. Ажылык башталганда кайсыл жерде эмне кылыш керек, кийимди кандай кийиш керек, кайсы сүрөөлөрдү кайсыл жерде окуш керек - автобуста баратып, ошолорду да үйрөтүүдөбүз.

Чолпон-Ата шаарынын баш имам-хатиби Абдразак Балтабаевге телефон чалсак, а киши да ошол Арафатта кыдырып жүргөн кыргызстандыктардын арасында экен. Ал Бишкек-Истанбул-Жидда багыты менен учакта бир суткеде келишкенине курсант.

- Абдразак мырза, зыяратчыларды кандай алып жүрүп атасыздар?

- Буга чейин жаштарга кары адамдарды колтуктатып, жетелетип, ыйык жерлерге, ал турсун кабага чейин алпарып келдик. Умра кылышты. Бүгүн үч автобус киши – кыргызстандыктар Арафатта турабыз. Мурунку жылдарда мындай алдынала кыдыруулар болбоптур. Муздалифада эмне кылат, Арафатта эмне кылат, Минада эмне кылат, кайсыл жерде шайтанга таш атылат – алдынала көрсөтүп- үйрөтүшчү эмес экен. Туюк эле келишчү экен. Зыяратчылар буга аябай ыраазы. Эрте келгендин пайдасы ушул болууда. Эл анча көбөйө элек Мекеде.

- Тамак-аш жагы кандай болууда? Үйдөн дагы азык алгандар бар бекен?

- Ысык-Көлдө, Бишкекте зыяратчыларга айтканбыз биз – кыргыздын тамагындай таттуу тамак жок. Мүмкүн болсо алып алгыла деп. Алып келгендер көп. Бирок, жаткан жерде да эки маал ысык тамак берип атышат.

- Ошол үч автобус кишинин эң аксакалы канча жашта экен, эң жашы...

- Эң аксакалы 88де. Төлөгөнов Насыракун деген киши. Ат-Башыдан. Арафатта сүйүнгөнүнөн ыйлап туруп бизге, элге-журтка бата берди. Эң жашы Бишкектен катталган Мукашев деген жигит. Он сегизде. Азыр тетигил жакка басып кетти.

Мекедеги штаб жетекчиси Мамбетасан-ажы Ибраев жалпы кыргызстандыктарга ыйык Арафаттан салам жолдоду. Кыргызстандын тынчтыгы, өнүгүшү, келечеги үчүн зыяратчылар пайгамбар мекенинде жалпы бата берип атышкандыгын кошумчалады.

Ажылык зыяраттар аткарылчу Курман айт 8-декабрга туш келет.

XS
SM
MD
LG