Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:41

Опсуз кыйынчылыктан чыгууга ополтоо акча керек


Кыргызстан экономикасына 1 миллиард доллар талап кылынууда

Кыргызстан экономикасына 1 миллиард доллар талап кылынууда

Өкмөт Кыргызстан экономикасы биротоло кургуйга кулап кетпеси үчүн 1 миллиард доллар акча керектигин айтып чыкты. Оңор эмес акча бузулган шаар-кыштактарды калыбына келтирүүгө, кышка даярдык көрүүгө, экономиканы жандантууга жумшалмакчы.

Анчалык каражатты табыштан мурун колдо болгон акчаны сарамжал пайдалануу маселеси курч бойдон калууда.

Жарым жылдык жыйынтык жакшы эле бирок…

Быйылкы жарым жылдык экономикалык өсүштүн алдын-ала жыйынтыктарында ички дүң продукт көлөмү 81,5 миллиард сомго жетип, реалдуу өсүш 5% түзгөнү кабарланды. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул көрсөткүчкө “Кумтөр” алтын кенин кошпогондо чыныгы өсүш 1,5% гана тегерегинде калууда. Азыноолок дегидей экономикалык жылыш өнөржай өндүрүшү эсебинен камсыз кылынды. А бирок алдагыдай экономикалык көрсөткүчтүн деми ушуну менен биротоло басылып калышы деле толук мүмкүн экендиги жакында өткөн өкмөттүк жыйында ырасталды. Анын себеби өткөн жылы 2% өсүштү камсыз кылган айыл чарбасындагы абалга, баштагыдай ыкчам өнүгө албай калган тейлөө, курулуш тармактарындагы жагдайга байланыштуу. Ошондон жыл аягына чейин мурда болжол кылынган ички дүң продукт көлөмү 223 миллиард сомго жетпей, 208 миллиарддын тегерегинде болору, ички дүң продукт көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 94% айланасында калышы мүмкүн экендиги айтылууда.

Экономикалык тескөө министрлигинин жооптуу кызматкери Кубанычбек Айдаралиевдин ырасташынча, быйылкы калабалардан өлкө өтө оор экономикалык зыян тартты.

- Дүйнө коомчулугу бизге мүмкүн болушунча жардам бериши керек. Себеби ушундай учурда алар жардам берип экономиканы турукташтырып албасак, бизде ахывал татаал бойдон тура берет.

Андай татаал экономикалык жагдайдан чыгыш үчүн 1 миллиард ашуун доллар инвестиция талап кылынууда. Буга кошумча, быйылкы жыл бюджетинин таңкыстыгы 22 миллиард сомдон ашты.

Болжолдуу “мүмкүндөр” тизмеси

Мурунку 1-вице-премьер-министр Акылбек Жапаров бюджет таңкыстыгынын мурдагы белгиленген чектен эки эсеге арбын көбөйүп кетиши күзгө тарта өкмөттүн социалдык төлөмдөрүнүн аткарылышына тоскоол болушу ыктымал деген пикирде.

- Бул өтө коркунучтуу ахывал. Анткени мына үч айдан бери киреше жагыбыз жакшы толукталбай келатат. Эгерде кирешебиз азайган сайын чыгашабыз көбөйсө бул фискалдык катастрофага алып келиши мүмкүн. Макроэкономикалык туруктуулук жокко чыгышы мүмкүн. Сомдун туруктуулугу дагы катуу коркунучка дуушар болушу мүмкүн.

Болжолдуу “мүмкүндөрдүн” тизмеси муну менен эле бүтпөйт. Өкмөттүн жыл ичинде аткарылчу иштердин катарына киргизген “Бизнес жагдайын калыбына келтирүү, инвестиция маанайын жакшыртуунун негизги багыттары” (“Жол картасы”) сырттан келчү инвестициясыз, каржылык булагы табылбаса ишке ашырылышы күмөн.

Кыргызстандын каржы базарындагы ири мекемеге айланып кеткен “Азия Универсал банкында” сакталып турган оңор эмес акчалардын сыртка чыгарылып кетиши жалпы эле банк секторун оор абалга кириптер кылып койду. Анын үстүнө Улуттук банктын төрага орунбасары Абдыбалы тегин Сүйөркулдун айтуусунда, коммерциялык банк кредиттеринин ички дүң продуктка карата катышы 17% гана түзөт.

- Бул деген сөз бизде банк секторунун экономикадагы орду биртоп чабал, начар дегенди билдирет. Биз 30-40% деңгээлден өткөндөн кийин банк системасынын экономиканын өнүгүшүндөгү ролу биртоп жогорулады деп айтканга жетишмекпиз. Тилекке каршы, биз ал деңгээлге жетише элекпиз, али көп бар.

Кыргызстанды тооруп турган экономикалык кризистен чыгуунун бирден-бири жолу катары өкмөт ишкердикке жол ачуу, “Камбарата –2” ГЭСин, “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы электр линияларын курууну аягына чыгаруу, кыйла жылдардан бери багы ачылбай келаткан “Жерүй”, “Талды-Булак” алтын кендерин эртерээк иштетүү, ыксыз текшерүүлөрдү токтотуу милдеттерин алдыга жаюуда. Утурумдук өкмөттүн мындай иш-аракеттери мурдагы бийликтин экономикалык саясатынан анча деле айырмаланбасы айтылууда.
XS
SM
MD
LG