Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:54

Кыргыз ортопедиясына АКШдан гуманитардык жардам келди


Кыргыз травматология жана ортопедия улуттук борборуна Америкадан гуманитардык жардам келип түштү.

Бишкектеги травматология жана ортопедия улуттук борборуна Американын мамлекеттик департаментинин каржылоосунда 373 629 доллар баасындагы медициналык жабдыктар келип түштү. Аталган борбордун директору, медицина илимдеринин доктору профессор Сабырбек Жумабеков жабдыктардын баалуулугун белгиледи:

- Америка мамлекетинен бизге келип түшкөн медициналык жабдыктар күндөлүк ишибизде колдонулуучу абдан зарыл шаймандар. Мисалы сөөктөрдү, муундарды жана бел омурткаларын, төш омурткаларын түздөп кармап туруучу жогорку технологияда жасалган шаймандар. Булар албетте абдан кымбат турат. Мындай жабдыктар бизде тургай, кошуна өлкөлөрдө да жасалбайт.

Травматология жана ортопедия улуттук борборунда жылына 50 миңге жакын операция жасалат. Ал эми өзгөчө 10 жылдай, 20 жылдай баспаган, атүгүл туулгандан баспай келаткан бир топ адамдарга борбор уникалдуу операцияларды ийгиликтүү жасап, ал операциялар дүйнөлүк стандарт менен бааланып келет. Андыктан да 10-13-июнда Ысык-көлдө Евроазия ортопеддеринин 1-конгресси өтөт:

- Бул демилгени биз колдоп чыктык. Бизди колдоп дүйнөнүн 17 мамлекетинен 300 гө жакын алдыңкы ортопед-травматологдор келишмекчи. Биз бул конгрессте бир топ маселелерди ортого коебуз. Аларды чечүүнүн жолдорун талкууга алабыз.

Сабырбек Жумабеков Америкада жана Европанын бир катар өлкөлөрүндө болуп, ортопедиялык көрсөтмөлүү уникалдуу операцияларды көрсөтүп келатат. Себеби Америкада жана батыш мамлекеттеринде мындай оор уникалдуу операциялар жасалбайт. Ал жактарда Борбордук Азия мамлекеттеринде көп учурап жаткан ортопедиялык тубаса дарт менен туулгандар жок. Профессор Жумабеков дарыгерлик өмүр жолунда 10 миңден ашык операция жасады:

- Мен өткөн жылы бир жыл ичинде бир жарым миң операция жасадым. Албетте, кеп санында эмес, сапатында. Анткеним борбордо менин 40 окуучум эмгектенүүдө. Алар биздеги татаал операцияларды профессор окутуучусунан кем жасабайт.

Сабырбек Жумабеков жетектеген травматология жана ортопедия улуттук борборуна Казакстандан абдан оор абалдагы оорулуу алынып келинди. Ал адамга Казакстанда жасалган операция ийгиликтүү болбой калган. Оорулуу менен кошо Казакстандын телекөрсөтүүсү да кошо келип, операция учурун тасмага алмакчы:

- Албетте, Кыргыз травматология жана ортопедия борборуна Казакстандын көп шаарларынан, Өзбекстандан, Орусиядан, башка чет өлкөлөрдөн да оорулуулар келип көрүнүшүүдө. Бул, албетте, биздин борбордун ийгилиги деп ойлойм.


XS
SM
MD
LG