Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:12

Жүрөк хирургиясы институту жабылган жок


"АКИпресс" маалымат агенттигинин “Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу Улуттук борбору жай мезгилинде желдеткич жабдыктын иштебегенинен улам жабылды” деген маалыматын аталган борбордун директору Калдарбек Абдраманов четке какты.

- Калдарбек мырза, сизге АКИпресс маалымат агенттиги тараткан “Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу Улуттук борбору жай мезгилинде желдеткич жабдыктын иштебегенинен улам жабылды” деген маалыматтан улам кайрылып жатабыз.

- Ошол “институт жабылыптыр” деген маалымат туура эмес. Аны ким тараткан, билбейм. Институт жабылган жок, чукул операциялар жасалып эле жатат. Биринчи кабатта “чукул операциялар” бөлүмүндө жасала берет. Тек гана 8-10 саатка созулчу, жүрөктү токтотуп алып жасалчу татаал операциялар жасала турган эки бөлүм гана желдеткич жабдыктын кубаттуулугунун жетишсиздигинен, убактылуу жабылды. 10 сааттык операция өтө опурталдуу. А институт иштеп эле жатат, токтогон жок.

- А ошол кубаттуулугу жайкы ысыкка да туруштук бере ала турган жабдыкты алууга болбойбу?

- Жайкы ысыкта да кубаттуулугун жоготпой иштей турган желдеткич жабдык 500 миң доллар турат. Ага өкмөттүн күчү жетпей келет. Биз бул маселени өкмөткө коюп эле келатабыз. Ал эми биздеги болгон желдеткич жабдыктардын жайкы мезгилде күндүн ысыгынан улам, кубаттуулугу жетишпей калат. Күзгү салкындан тарта, желдеткичтердин кубаттуулугу ордуна келет. Мындай көрүнүш жыл сайын эле кайталанып келатат.

- Калдарбек мырза, АКИпресс маалымат агенттиги бул маселе боюнча сиздерге кайрылган эмес турбайбы?

- Жок. Жыл сайын кайталанып келаткан бул көрүнүштү Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу борборунун жетекчилиги жыл сайын Саламаттык сактоо министрлигине жана жалпы коомчулукка расмий маалымдайт. Быйыл да мындай жагдайды кабарлап, мен өзүм “Вечерний Бишкек” гезитинин 24-июлдагы санында атайын маалымат бергем. Ал эми АКИпресс маалымат агенттиги тараткан маалыматты биз берген эмеспиз. Биз азыр бул ишти териштирип жатабыз. Аталган агенттик бизден сурап, такташ керек болчу. Бул жерде жалпы институт эмес, эки бөлүм гана күзгө чейин жабылып турат. Алар “институт жабылды” деп туура эмес информация беришкен. Бул эми бизге ою түз эместердин жасаганыбы деп да ойлойм.

- Анда өзүңүз айткандай, күздөн тарта жабылган эки бөлүм кайра иштей баштайт экен да?

- Ооба, сентябрь айынан баштап убактылуу иштебей турган эки бөлүм кайрадан иштей баштайт. Учурда узакка созулчу операция талап кылынган бейтаптар операцияга даярдоо этаптарынан өтүп жатышат. Күздөн баштап күнүнө төрткө чейин пландуу операцияларды жасап баштайбыз.

- Калдарбек мырза, кийинки эки-үч жылда чет өлкөлүк кесиптештериңиздер менен бекер же жеңилдетилген операцияларды жасап келатпайсыздарбы, мындай акциялар дагы уланабы?

- Албетте, уланат деген үмүттөмүн. Буга чейин Түркиядан, Орусиядан, Кытайдан хирургдар келип, абалы оор, колунда тыйыны жок, кыйналып жашаган бир канча жаранга бекер операцияларды жасашты. Алар менен байланыштабыз. Мындай гуманитардык акциялар дагы уланат деген ойдомун.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG