Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:01

"Улукман": Үшүктүн кесепеттери


Кыш мезгилинде сууктан жабыркап, ооруканага кайрылгандардын 80 пайызы селсаясактар.

Кыш мезгилинде сууктан жабыркап, ооруканага кайрылгандардын 80 пайызы селсаясактар.

Энелердин, балдардын саламаттыгын көзөмөлдөөнү жакшыртуу максатында аймактарга борбор менен байланышта турган телемедицина аппаратуралары орнотулууда. Быйылкы кышта Бишкекте үшүктөн 7 адам каза болду.

Соңку медициналык кабарлар

Бишкектеги травматология жана ортопедия Улуттук борборунда 10-15 күндүн ичинде уникалдуу операция жасалмакчы. Токтогул районунан кайрылган Таңсулуу аттуу бою 89 см келген 14 жаштагы кыздын оорусу Травматология жана ортопедия Улуттук борборунун директору Сабырбек Жумабековдун аныктамасында - генетикалык дарт. Кыздын өзгөчө белден ылдыйкы бут-сөөк-муундары өспөй калган. Кыргызстандын башкы ортопеди профессор Сабырбек Жумабеков учурда Американын Чикаго шаарында жүрөт.

Американын бир топ борборлорунда кыргыз ортопедиясынын соңку жетишкендиктерин көрсөтүп, дагы тажрыйба алмашуу максатында бараткан Сабырбек Жумабеков америкалык кесиптештерине Таңсулуунун операциясына жабдыктардан, шаймандардан жардам көрсөтүү сунушун да айтып көрмөкчү:

- Мен чынында америкалык кесиптештеримдин чакыруусу менен болуп жатам. Ортопедиялык көрсөтмөлүү операциялар менен бир топ борборлордо болмокчумун. Мен Таңсулуунун сүрөтүн аларга көрсөтөм. Аппаратуралардан, шаймандардан жардам сурайм го. Менин эң башкы максатым – мына ушундай оорулууларга бакыт тартуулоо. 10-февралдан кийин Бишкекке барарым менен, Таңсулуунун операциясына киришебиз.

Энелердин, балдардын саламаттыгын көзөмөлдөөнү жакшыртуу максатында аймактарга борбор менен дайыма байланышта тура турган телемедицина аппаратуралары орнотулууда.

Бул аппаратуралар менен иштөөнү үйрөнүү үчүн кезек менен ар аймактан дарыгерлер Бишкектеги Энени жана баланы коргоо Улуттук борборуна келип окуп жатышат. Кечээ жакында мындай аппаратуралар Баткен облусуна орнотулду.

Бул аппаратуралардын орнотулушу Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаевдин айтымында, энелердин жана балдардын өлүмүнүн, айрым дарттардын өтүшүп кетүүсүнүн алдын алууда чоң кызмат көрсөтмөкчү:

- Аймактарда дарыланууга кайрылган энелердин, балдардын, кош бойлуулардын саламаттыгынын УЗИ аппараттары көрсөткөн жыйынтыктары дагы башка анализдери биздин борбордо орнотулган аппаратурадан көрүнүп турат. Биз ошого жараша көрсөтмө берип турабыз. Борборго келип дарылануу зарыл болгондорун бул жакка чакырабыз. Телемедицинада туура эмес диагноз коюп, туура эмес дарылоо деген болбойт.

Кургак учук - социалдык дарт
Кургак учук – социалдык дарт

Кечээ жакында Саламаттык сактоо министрлигинде өткөн жыйында кургак учукка каршы күрөшүү боюнча эл аралык уюмдардын көрсөткөн жардамдары, акысыз берилген дары-дармектердин натыйжасыз болуп жаткандыгы тынчсыздануу менен белгиленген.

Кыргызстанда кургак учук менен ооругандардын катары азайбай жатканы Саламаттыкты сактоо министрлигинин баш оорутмасына айланып турган учур. Анткени кургак учукка бөгөт коюу аракеттери эл аралык уюмдар тарабынан көп эле көрүлүүдө. БУУнун глобалдык фондунун 2 миллион 800 миң долларлык грантты өлкөдөгү Кургак учук изилдөө институту утуп алган. Бул бир жолку гана мисал. Кургак учуктун көбөйүшүнө калктын социалдык абалы, жакырчылыктын күчөп кеткендиги себеп. Эгер өлкөдө экономикалык абал бир аз эле жакшырса, жугуштуу оорулардын саны кыйла кыскарышы мүмкүн дешет адистер.

Кургак учук оорусу боюнча улуттук борбордун директору Автандил Алишеров бул маселе Жогорку Кеңеште жана өкмөттүк деңгээлде маал-маалы менен көтөрүлүп жатканын айтып, ушу тапта кургак учук менен ооругандардын катары азайбай жатат дегенге макул эместигин билдирди.

Кургак учуктун курчуган мезгили 1996-жылга туура келип, ар бир жүз миң кишиге кургак учук менен ооруган 127 адам туура келери тастыкталган. 2000-2003-жылдары атайын ДОЦ программасынын негизинде дарылоо жүргүзүлүп, анын негизинде ар бир 100 миң кишиге кургак учукка кабылган 101 адам туура келип, оору төмөндөгөн. Автандил Алишеров буларды белгилейт:

- Кийинки учурлары Жогорку Кеңеште депутаттар арасында жана чиновниктерден угуп калып атабыз. Чоң-чоң эле гранттар келип жатат. Бирок учук менен ооругандардын катары азайбай жатат деп. Биз иликтеп көрсөк ооругандардын басымдуу бөлүгүн четтен келгендер түзүп жатат. Алардын арасында биз атайын изилдөө жүргүздүк. Себеби шарты жок жерде жашап, иштешкендиктен болууда. Орусияда же Казакстанда иштеген биздин жарандарды каттоого алуу жана дарылоо албетте кыйын болууда.

Автандил Алишеровдун билдиришинче, абалдын оорлошкон жагдайына ички-тышкы миграциянын күч алганы себеп. Кыргызстанда кургак учук менен ооругандардын кимдигин тактаган иликтөөдө басымдуу бөлүгү четте жүрүп келген кыргыз жарандары экени айкын болду:

- Тышкы-ички миграцияны мамлекеттик деңгээлде жөнгө салмайын, жалпы экономикалык абал жакшырмайын, кескин түрдө кургак учук менен ооругандарды азайтып жиберүү кыйын. Анын үстүнө өтүшүп кеткен түрү менен ооругандар бар. Алардын ар бирин эгерде жакшылап дарылайбыз десек, бир эле курс дарылоого кеминде 4 000 доллар сарпталат.

Ушундай жагдайларды себеп катары атаган Алишеров кургак учук оорусунун жайылышына тазалыктын сакталышы башкы маани берилерин бышыктады. Четте соода-сатык менен жан багып жаткандар арасында кургак учуктун көбөйүшүнө - жумуштун жана турмуш шарттын начарлыгы себеп. Ошондой эле өз убагында медициналык кароодон өтпөгөндүк, бөтөн жерде дарылануу акынын кымбаттыгы да кошумча себеп болуп жатат.

Ошондон улам, кургак учуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү бир гана тазалык жолу менен чечилерин ырастады, Улуттук Фтизиатрия борборунун директору Автандил Алишеров.

Үшүктүн кесепеттери


Кыш мезгилинде сууктан жабыркагандар, же тоңуп калгандар жылда катталат. Быйылкы кышта Бишкек шаардык Травматология, илим изилдөө борборунa 18 бейтап кайрылып, алардын ичинен 7 адам каза тапкан. Ал эми каттоодон өтпөгөндөрдүн саны мындан бир нече көптүгүн айтышат дарыгерлер. Көпчүлүк учурда спирт ичимдиктерин ичип, эшикте бир суткадан ашык калып калгандыктан улам, ушундай кайгылуу көрүнүштөр болууда.

Cууктан жабыркаган адамда үшүү сезими жана алсыздык пайда болот да, андан кийин уйкусу келе баштайт. Себеби дем алуу органдары жана жүрөктүн иштеши дароо начарлайт. Мындан сырткары териси бозоруп, адамдын оозу-мурду, колу-буту көгөрө баштайт. Мындай учурда адам чымырканып, уйкуну качырбаса, каза болуп калуу коркунучу бар.

Бишкек шаардык Травматология, илим изилдөө борборунун күйүк бөлүмүнүн башчысы Канат Бектемиров бул кышта сууктан жабыркап, ооруканага жаткандардын жана тоңуп каза тапкандардын санына токтолду:

-Бүгүнкү күндө сууктан жабыркагандар, колун-бутун тоңдуруп алгандардан 18 адам ооруканага жатып чыкты. Үшүктүн I-II-даражадагылары үйүндө, же бейтапканада дарыланышат. Көбүнчө быйыл Нарындан жана Ысык-Көлдөн келишти. Былтыркы жылдын эсебинен 5 киши, быйылкы жылы 2 адам каза тапты. Ал эми катталбай калгандар бар, анткени көчөдө тоңуп калса аларды түз эле моргго алып кетишет. Ал жактан бизге маалымат келбейт.

43 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Нурлан Эдилбеков январь айында Орусиянын борбору Москва шаарына иштери менен барып, унааны от алдырбастан, ичинде бир суткадай уктап калып, бутун үшүккө алдырып жиберген. Ал Бишкек шаарына келгенде операцияга муктаж болуп, оң бутун тизеден ылдый жана сол бутунун манжаларын кестирген:

- Мен Москвага барып, унааны жүргүзбөй уктап калгам.

- Кайсы айда болду бул кырсык?

- Январь айынын башында болду. Ал жакта 30-31 даража суук эле.

- Унаада канча саат уктадыңыз?

- Саат ондордо кирип түшкөм, эртеси саат тогузда турдум. Ошондо буттарым эч нерсе сезбей калыптыр. Ал жактагы ооруканага көрсөтсөм, алар эки бутуңду жарымынан кесип салабыз дешти. Анан бул жакка келип ооруканага жаттым. Азыр бир бутумду жарымынан, экинчи бутумдун манжаларын кестирдим. Операция болгонума бир жума болду.

Ал эми ушундай эле кырсыкка учурап, учурда ооруканада дарыланып жаткан атбашылык жигит тууралуу аталган борбордун дарыгери Сапаргүл Нурмаматова буларды айтып берди:

-Ат-Башыдан бир жигит келди, келгенине 15 күндөй убакыт болду. Ал жайытта кой айдап жүргөн жеринен уктап калган. Эки буту эч нерсе сезбей калгандыктан, туугандары бул жакка алып келишти. Азыр операция жолу менен эки бутундагы манжалары бүт бойдон алынды.

Сууктан биринчи кезекте адамдын бутунун жана колунун манжалары жабыркайт. Суукка алдыруу төрт даражага бөлүнөт. 3-4-даражада адамдын клеткалары жабыркап, гангренага, же ириң басууга айланып кетүү коркунучу бар. Мындай учурда жабыркаган мүчөлөр операция жолу менен кесилет. Дарыгер Канат Бектемиров үшүктүн белгилерине токтолду:

- Биринчи даражада - адамдын колу, же буту чымырап, кызарып, бир аз көгөрүшү мүмкүн. Буттар кыймылдайт, бирок ооруу аябай катуу болот. Экинчи даражасында - теринин үстүнө майда-майда барсанактар чыгат. Үчүнчү даражада - буттар оорубайт, кыймылдайт, бирок териси жаны жок болуп калат. Башында аябай шишип, суу чыгышы мүмкүн. Төртүнчү даражада - үшүк алган жер эч нерсе сезбей, жыгачтай болуп калат. Тоңгон жер оорубайт, бирок булчуңдар ооруп, колу болобу, же буту болобу аябай шишип, кыймылдабай калат.

Кыш мезгилинде сууктан жабыркап, ооруканага кайрылгандардын 80 пайызы селсаясактар. Алар спирт ичимдигин ичип, эшикте бир суткадан ашык калып, суука буту-колун алдырып жибергендер. Дарыгер Сапаргүл Нармаматова кыш мезгилинде эшикте калган адамга дароо тез жардам чакырып, жардам көрсөтүү ар бир жарандын атуулдук милдети деп белгилейт:

- Көчөдө кандай адам жатып калса да, мейли ал селсаяк болболу, же башка болобу, элден сураныч, андай адамды көргөн учурда тез жардамга дароо кайрылышса. Анткени алардын айрымдары ооруканага жетпей каза табышат.
XS
SM
MD
LG