Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:52

24-март - Кургак учукка каршы күрөшүү күнү. 2003-жылы ар бир жүз миң кишиге кургак учук менен ооруган 123 адам туура келген болсо, 2009-жылга бул көрсөткүч 22 кишиге түштү. Бирок өлкөдөгү миграциянын туруксуздугу жана элдин социалдык абалынын оордугу – кургак учукка кабылгандардын санын улам көбөйтүүдө.

Кыргызстанда кургак учук менен күрөшүүгө 1996-жылдан бери негизинен Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, немистик Улуттук банк, дагы башка донор уюмдар көмөк көрсөтүп келатат.

Андыктан кургак учукка кабылган ар бир жаран Кыргызстанда бекер дарыланат. Бирок саламаттык сактоо министри Марат Мамбетовдун айтымында, кургак учуктан айыккандардын ордун улам жаңылар толуктоодо:

- Кургак учук өлкөнүн көйгөйү болуп жатат. Бул - социалдык оор дарт. Себеби кургак учук менен ооругандардын 70 пайызы - түрмөлөрдө отургандар, баңгилер, аракечтер. Алардын аң-сезими эң кыйын, татаал, бизге баш ийбейт. Алар өзүнө баш ийбейт. Оорур калганын да сезбейт. Дарыланууну да каалашпайт. Бирок ошол эле учурда айлана-тегеректеги элге жугузуп жатышат.

Кийинки учурда кургак учуктун эң күчтүү дары-дармектерди да тоотпогон түрү пайда болду. Дарттын бул түрүн дарылап айыктыруу учурда Кыргызстанда немистик дарыгерлердин ыкмасы менен жүрүүдө.

Кургак учуктун кийинки убакта төмөндөшүндө, Улуттук Фтизиатрия борборунун директору Автандил Алишеровдун айтымында, мына ушул немистик дарыгерлердин жаңы ыкмасынын жардамы чоң болду:

- Жаңы ыкма менен дарылоону биз 1996-жылы КМШ мамлекеттеринин ичинде биринчи болуп баштаганбыз. Мисалы, Украина, Орусия, Казакстан да башка Орто Азия өлкөлөрү 5-6 жылдан кийин бизден келип үйрөнүп жатышты. Мына ушул немистик ыкманын негизинде биз кургак учукту түшүрө алдык. Мурда Кыргызстанда жылына кургак учук менен жаңы 7 миң адам катталса, соңку 3-4 жылда 5 миң оорулуу катталууда.

Албетте кургак учуктан келип чыккан өлүм көрсөткүчү Кыргызстанда 1997-жылдагыга салыштырганда бүгүнкү күндө эки эсеге түштү. Мисалы, 2003-жылы ар бир жүз миң кишиге кургак учук менен ооруган 123 адам туура келсе, 2009-жылда ар бир жүз миң кишиге 101 кургак учукка кабылган киши туура келип калды.

Бирок Автандил Алишеровдун айтымында, өлкөдөгү миграциянын туруксуздугу жана элдин социалдык абалынын оордугу – кургак учукка кабылгандардын санын улам көбөйтүүдө:

- Ооба, элибиз туруктуу жашабай, анда-мында көчүү өсүүдө. Дарттын жугушуна да эл көп жүргөн жайлар ыңгайлуу келет. Бул бир. Экинчиден, элдин 98 пайызы ачка. Өкмөт аларды тойгузуш керек. Антпесе кургак учук чыга берет.

Кургак учук - жугуштуу оору болушу менен катар социалдык да оору. Негизинен кургак учук социалдык-экономикалык деңгээли начар мамлекеттерде көп катталат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун стандартына ылайык, кургак учук оорусу менен ооруган адамдардын саны ар бир жүз миң кишиге 50 кишиден ашса, мындай абал “эпидемияга айланды" деп эсептелет.

Автандил Алишеров бул көйгөй өлкөдө орчундуу экенин кошумчалады:

- Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоонун талабы боюнча эгерде бир мамлекетте жаныдан ооруган кишинин саны 100 миң кишиге 50дөн ашса, ал мамлекетте бул абдан олуттуу, же болбосо “кургак учук эпидемиясы” деп айтылат. Карап көргүлө, бизде 101 болсо, бизде эки эсе олуттуу болуп атат. Андыктан бизде проблема бар деп айтабыз, аны менен да күрөшүшүбүз керек.

Кургак учук 90 пайыз аба аркылуу жуккандыктан дүйнөдө 8 миллиондон ашык адам кургак учук дартына чалдыгып, анын 2 миллиондон ашыгы өлүмгө дуушар болот. Жашоо шарты начар, сапатсыз тамактануу, витаминдер жетишпеген адамдарда иммунитеттин төмөндөп кетүүсүнөн, учук оорусу жугуп калуу коркунучу жогору болот.

Cаламаттыкты сактоо министрлигине караштуу медициналык жардам көрсөтүү башкармалыгынын башкы адиси Елена Кухранова бул дартка өлкөдө өзгөчө жаштар кабылып жатканын айтат:

- Тилекке каршы, жыл сайын бул коркунучтуу дарт менен ишке жарамдуу курактагы жаштар катталып жатат. Бул дарт медициналык эле эмес, социалдык да проблема болуп саналат. Быйыл «Кургак-учук-III» долбоору бүтүп жатканына карабай, бизде бул проблема курч бойдон. Анткени, биздин байкообузга караганда, кургак учук менен жашоо турмушу начар адамдар ооруп атышат. Ошондой эле мигранттардын арасында да орууга дуушар болгондор көп болууда. Ошондуктан биздин тургундардын жашоо-турумушун оңдоого, мигранттардын маселесине көбүрөк көнүл буруубуз керек.

Талас шаарынын тургуну Алым кургак учукту кандайча жуктуруп алганын билбейт. Ал оорунун белгилери пайда болгондо дарыгерге кайрылганын айтат:

- Оору башында сезилбейт экен. Кийин жөтөлүп баштаганда билдим. Анан арыктап кеттим, түнкүсүн тердедим. Ошондо бир айдын ичинде билинди.

Оорунун белгилери башка дарттарга окшош болгондуктан кургак учукка дуушар болуп калгандардын көпчүлүгү өз учурунда дарыгерлерге кайрылбайт. Автандил Алишеров оорунун белгилерине мындайча токтолот:

- Учук оорусу өпкө аркылуу жугат да. Биринчи белгиси - жөтөл. Жөтөл болгондо да эгерде адам сасык тумоо менен ооруп калса бир айдай, пневмония болсо 1 айдай жөтөлөт. Ал эми бул жөтөл өнөкөт болот. Ал көбөйгөндө адам "мен кургак учукка дуушар болгон жокмунбу, дарыгерге барайын" деп ойлош керек. Экинчи белгиси - эртең менен температурасы жакшы болуп калат да, кечинде кайра көтөрүлөт . Үчүнчү белгиси - табити жоголот. Ал эми өтүшүп кеткен болсо кан түкүрө баштайт.

Иммундук бузулуусу бар адамдар жугуштуу оорууларга чалдыгып калуу коркунучу жогору болгондуктан, учурда ВИЧ менен ооругандардын арасында кургак учук менен да жабыркагандардын саны өсүп жатканын айтат Глобалдык фонд долбоорунун башкы менеджери Талгат Субанбаев:

- Азыркы учурга Кыргызстанда ВИЧ менен катталгандардын 357си кургак учук менен да ооруйт. Бүгүнкү күнгө алардын 220сы катоодо турат, анын 51и оорунун оор түрү менен ооруйт. ВИЧ менен ооругандарды сөзсүз түрдө кургак учукка текшеребиз. Тест текшерүү бекер жүрөт. Акыркы жылдары бул боюнча көп иштерди жасап атабыз. Бирок ВИЧ жана кургак учук маселеси боюнча дагы көп иштерди жасоого тийишпиз.

Мындан эки жыл мурда Кургак учук ооруканасы Бишкектин сыртына чыгарылат деген маалымат болгон эле. Ал эми ушу тапка чейин ал маселе чечилбей келет. Автандил Алишеров өлкөдөгү ооруканалар эл аралык талаптарга жооп бербейт, бирок азыр ооруканаларда атайын жабык бөлүмдөр бар дейт:

- Кыргызстандагы ооруканалардын баары, анын ичинде кургак учук ооруканасы да эл аралык стандартка жооп бербейт. Ошон үчүн биздин мекемелер жарым жартылай жабык деп айтылат. Атайын бөлүмдөр курулган, анын ичинде оорунун жугуштуу түрү менен ооругандарды дарынын күчү менен жугушсуз кылганча ошол жерде кармайбыз.

Кургак учуктан толук айыгууга мүмкүн. Ал үчүн ооруга дуушар болгон адамдар өз учурунда дарыгерлерге кайрылып, дары-дармектерди өз убагында ичип туруусу керек. Ошондой эле оорулуу жана анын айланасындагылар өздүк жана жалпы гигиенаны сакташ зарылдыгын эскертишет дарыгерлер.
XS
SM
MD
LG