Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:51

Кандуу шаршембиде жапа чеккендер ой бөлүшөт


7-апрелдеги кандуу кагылышта жапа чеккендер
7-апрелдеги кандуу кагылышта жапа чеккендер

Бишкек шаарындагы №1-клиникалык ооруканага 7-8-апрель күндөрү жаракат алган 73 киши түшкөн. Алардан алтоо каза таап, 30 дан ашык адамга эң татаал операциялар жасалды.


Алдыда айрымдарга экинчи жолку операция жасалышы күтүлүүдө. 7-апрелдеги кагылышта жаракат алып түшкөндөрдүн алды үйлөрүнө чыга башташты. Ооруканада учурда дарыланып жаткан айрым жигиттер “Азаттыкка” ал-акыбалдары тууралу ой бөлүшүштү:

Икрам Курбанов : - 7-апрель күнү “Россия” кино театрынан саат төрттөрдө өтүп баратканымда снайперден ок тийди. Митингчилер менен алдыңкы сапта бараткам. Ок ичиме тийип, артыман чыгып кеткен.

Талант Давлетбаев: - Акүйдүн астында жаңы ата баштаганда ок жедим. Бир машинаны киргизели деп жатканыбызда, снайпердикиби, автоматтыкыбы – ок тийди. Ок жамбашка тийип, ич жагыман чыгып кеткен. Азыр саламаттыгым жакшы, Кудайга шүгүр. Дарыгерлерге рахмат. Профессор Рахатбек Оморовго рахмат. Эки күн уктаган жок.

Бакыт Жолдошев: - Мага кечки саат 8дерде штурм болуп жатканда ок тийген. Ок ашказанды тешип өтүп, боорду экиге бөлүп салган. Талант Талгановичке чоң рахмат. Бардык дарыгерлерге рахмат. Мени аркы дүйнөдөн чыгарышты.

Бакыт Давлетбаев: - 7-апрелде Акүйдүн алдында снайпердин огу көтөн чучугума тийген. Дарыгерлердин жардамы чоң болду.

Данияр Абакиров: - Мен да 7-апрелде аянттан ок жедим. Ок ийинимен кирип, далыман чыгып кеткен. Азыр басып жүрөм.

Максат Молдобаев: - Эл катары мен да митингге чыккан элем. Ок кекиртектен кирип, өпкөнү тешип, капталдан чыгып кеткен. Ушинтип чогуу-чаран чыгып, бүтүрдүк, Кудайга шүгүр.

Жоомарт Калмурзаев: - Мен да митингге чыккам ошол күнү. Жашым 21 де. Бутума ок жедим. Кыйналып турам...

Талантбек Асылбек уулу: - Ушундай иш болуп, ооруканада жатабыз. Эл-журтка ынтымак, ден соолук, жакшылык каалайм. Бутума ок тийген эле, жакшы болуп басып калдым.

№1-клиникалык ооруканада дарыланып жаткан оорулуулар белгилүү хирургдар Рахатбек Оморовго, Акылбек Мусаевдерге ыраазылыктарын билдиришти.

Аталган оорукананын хирургия бөлүмүнүн башчысы профессор Акылбек Мусаев оорулуулардын ал-абалдары тууралу буларды маалымдады:

- Биздин ооруканадан сөөктөрү чыккан 6 киши ошол кагылыш болгон жерде эле каза болушкан экен. Аларга ок башына, жүрөгүнө тийген. Ошол жерде ошол замат эле кетишкен алар. Ал эми биздин ооруканага жаракат алып түшкөн 73 адамдын баары аман. Айыгып чыгып жаткандары бар. Операция болгондор болсо – ок өпкөсүнө, ичине, бооруна, бутуна тийгендер. Бутунан жаракат алгандар көп. Мисалы бир жаш жигиттин бутунун астынан граната жарылган экен, эки бутун тең алып калалбадык. Кесүүгө туура келди... Мына ушундай кайгылуу көрүнүштөр болду.

Негизинен 7-апрелдеги кагылыштан улам жаракат алгандар жаткан бардык ооруканаларда дары-дармектер, кан, дагы башка зарыл нерселер менен камсыздалган.

XS
SM
MD
LG