Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:15

Кыргыз ортопедиясынын тажрыйбалары Америкада өткөн ортопеддердин конгрессинде угулду. Төрт айлык наристенин ичинен өсүп жаткан эгизи алынды. Тамеки тартуу аялдар жана кыздар арасында өсүүдө. Кан оорулары Кыргызстанда балдар арасында көп кездешүүдө.

Кыргыз травматология жана ортопедия улуттук борборунун директору профессор Сабырбек Жумабеков АКШда болуп, алгач Түндүк Америкада өткөн жаш ортопед хирургдардын эл аралык конгрессинде эки темада атайын доклад менен сүйлөдү.

- Мен ал жакта “Жаш балдардын бут кетменинин тубаса тескерилигин операция жолу менен оперативдүү түзөө” жана “Омуртканын тубаса кыйшыктыгын оңдоо” деген эки темада доклад жасадым.

Ал эми Американын Лас-Вегас шаарында өткөн дүйнөлүк ортопеддердин дагы бир жыйынында Сабырбек Жумабеков жогоруда белгилеген “Жаш балдардын бут кетменинин тубаса тескерилигин түзөө” боюнча жана “Ок тийип талкаланган сөөктөрдү дарылап айыктыруу” жаатында чыгып сүйлөдү.

Окумуштуунун экинчи темадагы докладына Кыргызстанда 7-апрелдеги кагылыштарда сөөктөрүнө ок тийип, аталган борбордо дарыланган оорулуулардын саламаттыгы негиз болду:

- 7-апрелде сөөктөрүнө ок жеген 67 оорулуунун жарааттарын операцияга чейин, операциядан кийин сүрөткө алган элек. Мына ошолордун баарын Америкага алып барып көрсөттүм. Ал жактын эксперттери биздин ишибизди жогору баалады. Себеби бул операциялар дүйнөлүк соңку үлгүдөгү медициналык техникалык жабдыктар менен жасалды.

Мадина аттуу наристеге уникалдуу операция жасалды

Кечээ жакында Бишкектеги №3-балдар клиникалык ооруканасында төрт айлык Мадина аттуу наристеге уникалдуу операция жасалды. Соңку күндөрдө баланын тынчы кетип көп ыйлап, курсагы шиший баштаган. Аталган балдар ооруканасынын башкы дарыгери, медицина илимдеринин доктору профессор Талантбек Өмүрбеков төрт айлык ымыркайды текшерүүгө алганда анын ичинде эгизи өсүп жатканы маалым болду. Операция ийгиликтүү жасалып, учурда баланын саламаттыгы жакшы.

Бул уникалдуу операция Талант Өмүрбековдун 30 жылдык дарыгерлик ишиндеги экинчи жолу жасалган операция.

31-май - Тамеки тартууга каршы күн

Бүткүл дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму бул күндү соңку мезгилде чылым чегүү аялдардын жана кыздардын арасында өсүп жатканына тынчсызданып, аялзатын тамекиден алыс болууга чакырган билдирүүлөр менен белгилемекчи.

Тамеки тарткандардын саны Кыргызстанда да жылдан жылга өсүп жатат. Кыргызстанда эркектердин 50 пайызы, аялдардын 20 пайызы тамекиге көз каранды. Тамеки тартуучулардын жаңы катары эркектерге караганда аялдар жана кыздар арасында жогорулоодо.

Кардиология жана терапия улуттук борборунун профессору Нурлан Бримкулов да Бүткүл дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун бул чакырыгы Кыргызстанга да толугу менен тиешелүү экендигине белгиледи:

- Өзгөчө мектеп жашындагы чылым чеккен кыздардын көбөйүп жатышы – улуттун генофондунун эртеңи үчүн кабатырланууну жаратууда. Аялдарда чылым чегүү – дем алуу органдарынын гана дарттарын пайда кылбастан, гинекологиялык ооруларды, зыяндуу шишик дарттарын жана жүрөк кан тамыр ооруларын пайда кылат. Ал эми кош бойлуу энелердин тамеки тартуусу – андан да өкүнүчтүү. Мындай балдар алсыз болуп ар кандай тубаса кемтиктер менен төрөлүшөт. Андыктан аялдар арасында тамекинин зыяндуулугу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөбүз.

Кыргызстанга коңшулаш Тажикстанда балдардын полиемиелит же шал оорусун козгоочу вирус тарап кеткендиктен, Кыргызстанда да бул дарттын алдын алуу чаралары, эмдөө иштери жүргүзүлүүдө.

Өзгөчө Тажистанга жакын аймактарда бул иш-чаралар катуу көзөмөлгө алынганын билдирди “Азаттыкка” Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун башкы дарыгери Камчыбек Узакпаев:

- Биз Кыргызстандын Тажикстан менен чектешкен аймактарында көзөмөлдү күчөттүк. Көзөмөлдүү күчөтүү боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин атайын чечими чыккан.

Кан оорулары балдар арасында көп кездешүүдө

Кан оорусунун түрлөрү көп. Кыргызстанда учурда кан ооруларынын ичинен анемия, виллебранда, гемофилия сыяктуу дарттар балдардын арасында көп кездешүүдө. Гемофилия, виллебранда оорулары тукум куучу оорулар болуп эсептелет. Бул дарттар баланын өмүрүнө коркунуч туудурары менен өзгөчө коркунучтуу. Кан аздуулук болсо организмде темирдин жетишпестигинен улам келип чыгат.

Энени жана баланы коргоо Улуттук борборунун гемотология илимий изилдөө бөлүмүнүнүн башчысы Асанкул Көчөрбаевдин айтуусунда, кан ооруларына чалдыккан балдарды 3 жашына чейин дарылоо зарыл, анткени ал баланын баш мээсинин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет:

- Үч жылга чейин баланын мээсинин өнүгүшүнө кан эң негизги роль ойнойт. Кан ооруларына чалдыккан балдарда мээнин кээ бир кычкылтекке муктаж болгон бөлүктөрү өрчүбөй калат. Үч жаштан өтүп кеткенден кийин ошол бөлүктөрдү айыктыра албай калабыз. Ошондуктан 3-4 жашка чейин тез аралыктын ичинде дарылаш керек аларды.

Кандын уюшу үчүн керектүү белоктун аздыгынан, же таптакыр жоктугунан гемофилия оорусу келип чыгат. Бул дарт менен өлкөдө 160тай бала катталган. Веллибранда оорусу болсо кандын уюу процессинин бузулушунан болот. Бул да гемофилиянын бир түрү. Бул дарттар тукум кууйт. Ооруунун генин аялдар гана алып жүрүшөт. Ал эми алардан төрөлгөн уул балдарына бул оору өтүшү мүмкүн.

Назира учурда беш жашар уулу Абдыкерим менен Улуттук ооруканада жатат. Назиранын айтуусунда, анын агасы гемофилия менен ооруйт. Ал эми уулу бир жарым жашынан тартып веллибранда дартына чалдыккан:

- Бир жарым жашында уулумдун денесинде көгалалар пайда боло баштаган. Андан кийин тишин жулдурсак кан токтобой калган. Азыр беш жашка чыкты. Тизесин уруп алып, шишик пайда болуп кетпей калгандыктан ооруканага жатканбыз. Ошону дарылап атабыз азыр. Менин агам да гемофилия менен ооруйт. Бул тукумдан берилсе керек. Азыр крио алып атабыз. Криону куйганда айыга баштайт.

VIII, IХ фактордун жетишсиздиги менен ооруган 15 жашка чейинки балдарга өлкөдө дары-дармектер бекер берилет. Асанкул Көчөрбаев бул дарылардын Кыргызстанда жетишсиздигин айтат. Ошондой эле ал веллибранда менен жабыркаган балдарга Кан борборунан кан алып куюуга туура келип жатканын кошумчалады:

- Плазма түрүндө суйуктукту тоңдуруп коет. Кан борборунан бул жакка алып келгенде биз ээритип туруп оорулууга куябыз. Андан башка жугуштуу оору жугуп калышы мүмкүн. Анткени бизде кан тазалоочу аппарат жок.

Мына ушундай жабдыктардын жоктугун Республикалык кан борборунун башкы директору Мухамедалим Турсунбаев да тастыктады:

- Канды алуу процессинде аягына жеткенге чейин заманбап жабдыктар менен жабдылыш керек. Ал эми биз эски аппаратар менен иштейбиз. Канды салгандан жыйынтыгы чыкканча үч саат өтөт. Үч сааттан кем кылсаң анализден жаңыласың. Жаңылып калсаң сарык, же ВИЧ кан өтүп кетиши ыктымал. Бул өтө коркунучтуу нерсе.

Учурда өлкөдө балдар арасындагы аз кандуулук да өтө көйгөйлүү маселелердин бири. Анткени ушу тапта Кыргызстанда 80-85 пайыз жаш балдар аз кандуулук менен оорушат. Адистер аз кандуулукту болочоктогу эненин жана жаш балдардын жетишсиз жана туура тамактанбаганынан улам келип чыгаарын айтышат. Гемотолог Асанкул Көчөрбаев анемия болгон балдарды мындайча белгилерден байкаса болот дейт:

- Аз кандуулук менен ооруган бала таарынчак болуп, көп ыйлап калат. Өңү бозоруп кетет. Кээ бир балдар кагаз, топурак, боор жешет, айрымдары кум да жеп жиберишет экен. Чоңурак балдар болсо бензин жана ушуга окшогон сасык жыттарды жыттагысы келет.

Ал эми № 14 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун педиатрия бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Жумадилованын айтуусунда, 2 жылдан бери анемия оорусун дарылоого өлкөгө бекер берилүүчү дары-дармектердин келбегенин айтат. Ошондой эле дарыгер балдардагы аз кандуулукту дарылоодо ата-энелер жетиштүү көңүл бурбаганына нааразы:

- Акыркы эки жылдан бери каны аз балдарга берүүгө эч гуманитардык жардам ала элекпиз. Бирок курамында темир бар “Гүлазыкты” 30 баштыктан берип атабыз. Медайымдар үйлөрүн кыдырып дагы 30 баштыкты берели деп барса, баягынын жарымынан көбү берилген эмес дейт. Эмнеге бербей атасың десек, унутуп калыптырмын дейт. Ушунун баары көңүл коштук да. Аз кандуулукту дарылоо керек. Антпесе бала жакшы өспөй калышы мүмкүн.
XS
SM
MD
LG