Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:38

Бүгүн кыргыз дарыгерлеринин кесиптик майрамы


Ош шаарындагы тополоңдо жаракат алгандардын өмүрүн сактоо үчүн дарыгерлер күрөшүп жатат

Ош шаарындагы тополоңдо жаракат алгандардын өмүрүн сактоо үчүн дарыгерлер күрөшүп жатат

4-июлда Кыргыз дарыгерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Жыйынга катышкан президент Роза Отунбаева быйылкы жылдагы кандуу окуялардагы кыргыз дарыгерлеринин кесиптик күжүрмөндүгүн белгилөө менен 21 дарыгерди Ардак грамоталар менен сыйлады.

Саламаттык сактоо министрлигинде өткөн кыргыз дарыгерлеринин кесиптик майрамына арналган жыйын - ак халатчандардын 7-апрелдеги окуяларда, Ош жана Жалал-Абат тополоңдорунда өтөгөн тынымсыз күжүрмөн иштери тууралу тасмага алынган даректүү кинофильм менен ачылды.

Андан кийин Ош тополоңдо көз жумган Ош облустук ооруканасынын балдар хирургу Касым Жусупакматовду бир мүнөт эскерүү болду. Касым Жусупакматов башына жана көкүрөгүнө ок тийип, сөөгү өзү туулуп өсүп чоңойгон Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айлына коюлду. Анын артында беш баласы калды.

Президент Роза Отунбаева кыргыз дарыгерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын быйылкы оор жылдагы Ата-журт алдындагы зор эмгегин белгиледи:

- Болуп өткөн кайгылуу кандуу оор күндөрдө сиздер алдыңкы сапта болдуңуздар. Сиздердин мынчалык күжүрмөн аракетиңиздер болбогондо, дагы көп жарандарыбыздан ажырашыбыз мүмкүн эле. Аскер адамдарындай эле октун ичинде жүрдүңүздөр. Биз бийликке мансап эңсеп, байлык эңсеп келгенибиз жок. Биз элибизди, Кыргызстанды сактап калалы деп келдик. Элдин саламаттыгы жана келечеги сиздердин колуңуздарда.

Жылдагыдай шаан-шөкөткө бөлөнбөй, жупуну өткөн дарыгерлер майрамына негизинен Ош жана Жалал-Абат аймактарындагы кан күйгөн жерлерде болгон бишкектик жана аймактык дарыгерлер катышты.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталары менен сыйланган 21 дарыгердин ичинде Жалал-Абат облустук санэпидстанциясынын башкы дарыгеринин орунбасары Дүйшөбай Жумуков да бар.

Анын айтымында, түштүктө кан күйгөн күндөрдө ар кандай жугуштуу дарттардын чыгып кетүү коркунучу да чоң болду:

- Сууну, тамак-аштарды, келген гумжардамдарды да элдин саламаттыгы үчүн күнүгө текшерип турдук. Жугуштуу оорулардын алдын алуу иштерин жургүзүп аттык.

Учурда саламаттык сактоо тармагын реформалоонун стратегиясы иштелип жатат. Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Дамира Ниязалиева реформалоонун башкы көйгөй маселелерин белгиледи:

- Ачыгын эле айтканыбыз оң, ооруканага жаткан элибиз медициналык төлөмдү, ага кошуп дарыгерлерге өзүнчө дагы акча төлөп келди. Мына ушуну жок кылышыбыз керек.

Президент Роза Отунбаева өз сөзүндө өзгөчө түштүктөгү ооруканалардын, андагы жабдыктардын өтө эскилигин, ага карабай кыргыз дарыгерлеринин таланттуулугун, патриоттугун өз көзү менен көрүп келгенин кеп салды.

Андыктан Президент саламаттык сактоо тармагында чет элдик өнөктөштөр менен тыгыз байланышта болуу жана чет жакта жашап жүргөн таланттуу кыргыз дарыгерлерин өлкөгө кайтаруу мүмкунчүлүктөрүн издөө зарылдыктарын белгиледи.

Сөзүнүн жыйынтыгында президент Роза Отунбаева дарыгерлердин айлык маянасынын быйылкы жылда жогорулатууга мүмкүнчүлүк жок экенин ачык айтты:

- Ооба, айлык маянанын жогорулатылган көлөмүн финансылоону ишке ашыруу көйгөй маселе болуп келатат. Кайда барбайын, түштүктө да айлык маянаны жогорулатууну айтып атышты. Өзүңүздөр көрүп турасыздар абалды. Ошту, Жалал-Абатты калыбына келтирүү дирекциясын түздүк. Кыш келгенче элибизди үй-жайга киргизбесек болбойт. Ал эми алдыда саламаттык сактоо тармагынын башкаруу системасын жаңылоо, анан дарыгерлердин эмгегин татыктуу баалоого жетишүү турат.
XS
SM
MD
LG