Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:26

11-декабрь: Тарых барактары


Аймакта жашаган калктын санын тактап, ага жараша административдик бирдикти түзүү максатында уюшулган комиссия 1867-жылдын 11-декабрында Токмокко келген. 1924-жылдын 11-декабрында А. Сыдыковдун коммунисттик партиянын мүчөлүгү үчүнчү ирет калыбына келтирилген.

Россия империясы Орто Азияны басып алгандан кийин, мындагы саясий бийлигин бекемдеш үчүн аймактык административдик реформа жүргүзгөн. Түркстан генерал-губернатордугу 1867-жылы уюшулуп, Токмок менен Нарын уезддери анын курамына киргизилген. Колониалдык бийлик аймактагы административдик түзүлүштү келиштириш максатында, Жети-Суу менен Сыр-Дарыя областтарынын башкаруу системасы туурасында долбоор иштеп чыккан. Ал үчүн аймакта жашаган калктын санын тактап, ага жараша административдик бирдикти уюштуруу иши каралган. Бул максатта уюшулган комиссия, 1867-жылдын 11-декабрында Токмокко келген. Комиссия Кыргызстан аймагында алты ай иштеп, анын натыйжасында 24072 түтүн 19 болуштукка бөлүштүрүлгөн.

Түркстан АССРинин билим берүү Наркому 1920-жылдын 11-декабрында сабатсыздыкты жою боюнча Атайын комиссия түзгөн.

Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу системасы XX кылымдын 20-жж калыптануу процессин башынан кечирип, жаңыдан түптөлө баштаган элита арасында саясий күрөш курчуган. Абдыкерим Сыдыковдун Кыргызстандын мамлекеттик курулушунда авангарддык роль ойношу айрым котур таштуу «жолдошторго» жаккан эмес. Ошол «жолдоштордун» аракети менен 1924-жылдын күз айында ага «саясий жат элемент» деген күнөө коюлуп, А. Сыдыков үчүнчү ирет партиядан чыгарылган. А. Сыдыковдун тийиштүү мекемелерге арыз жазып, абийирин коргоо аракетинен улам, 1924-жылдын 11-декабрында анын коммунисттик партияга мүчөлүгү калыбына келтирилген.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин мамлекеттик чегараны коргоо жана аны кайтаруу маселелери жаралган. Буга чейинки чегара проблемасы СССРдин 1982-жылкы мыйзамына ылайык чечилип, кыргыз өкмөтү 1991-жылдын 11-декабрында аталган мыйзамды Кыргыз Республикасынын аймагында колдонушун тааныган.

Жогорку Кеңеш депутаты Кубатбек Байболов 2005-жылдын 11-декабрында Конституциялык Кеңештен чыга тургандыгын билдирген. Саясий партиялар менен бейөкмөт уюмдардын бул күнкү жыйынында К. Байболов азыр талкууланып жаткан Конституция долбооруна анын тиешеси жок экендигин жана ал бийлик тарабынан таңулангандыгын эскерткен.

Бул күнү, 1790-жылы А. В. Суворов жетектеген орус аскерлери түрктөрдүн Измаил чебин алып, 1919-жылы «Московский комсомолец» гезитинин биринчи саны «Юный коммунар» аталышында чыгып, 1979-жылы дастанчы-акын Абдыкалык Чоробаев жарык дүйнө менен кош айтышкан.

XS
SM
MD
LG