Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:14

16-декабрь: тарых барактары


2004-жылы 16-декабрда «Жылдын саясатчысы» деген атак алып, андан кийин үч ай өтбөй Кыргызстандан куулган президент Аскар Акаев.
2004-жылы 16-декабрда «Жылдын саясатчысы» деген атак алып, андан кийин үч ай өтбөй Кыргызстандан куулган президент Аскар Акаев.

Кыргыздар менен казак дыйкандарынын курултайы 1917-жылдын 16-декабрында өткөрүлүп, ага келген делегаттар Совет бийлигин толугу менен колдой тургандыгын билдиришкен. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин салтка айланган жыл адамын аныктоо шарапаты 2004-жылдын 16-декабрында өткөрүлгөн.

Кыргыздар менен казак дыйкандарынын курултайы 1917-жылдын 16-декабрында өткөрүлүп, ага келген делегаттар Совет бийлигин толугу менен колдой тургандыгын билдиришкен. Курултайда бай-манаптар курган «Мусулмандар комитетин» жою туурасында чечим кабыл алынып, төрт адамдан турган уезддик Аткаруу комитети курулган. Аталган курултайдан кийин дыйкандардын айылдык кеңештери Олуя Ата уездинин Талас участкасында жапырт уюшула баштаган.

Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны 2004-жылдын бул күнү өлкөнүн 2005-жылкы бюджетин кабыл алган. Эл өкүлчүлөрүнө келээрки жылдын бюджети туурасында билдирүү жасаган финансы министри Болот Абильдаев, бюджеттин киреше бөлүгүнө кошумча 416 миллион сом өндүрүлгөндүгүн билдирген. Анын натыйжасында 2005-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 16 миллиард 87 миллион сомго жетткирилип, чыгаша бөлүгү 16 миллиард 813 миллион сомду түзгөн. Кыргызстандын мамлекеттик бюджети Америка Кошмо Штаттарынын доллары менен өлчөнүп, 1 сом 44 доллар менен бычылган.

Кыргызстан жогорку окуу жайларынын сыймыгы эсептелчү Улуттук университеттин окуу имараттарынын жанындагы курулуш ансамбли 1955-жылдын бул күндөрү бүткөрүлгөн. Өз убагында түрмөгө түшкөн гулагчылар тарабынан башталган башкы корпустун бет маңдайындагы жатакананын курулушу бүткөрүлгөн. Жатакананын курулуш ишине тартылган студенттер эми анда орун алыш үчүн кезекке туруу камына киришишкен.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин салтка айланган жыл адамын аныктоо шарапаты 2004-жылдын 16-декабрында өткөрүлгөн. Кыргызстандык жана Шериктештик мамлекеттеринен куралган жюри өкүлдөрү адистик тармак боюнча мыкты кесип ээлерин тандап, «Жыл тандоо» конкурсунун жыйынтыгын чыгарышкан. Конкурс үч баскычта өткөрүлүп, адегенде калктын пикири айтылып, андан соң тармактык аныктоо жүргүзүлүп, жыйынтыгында ал эксперттик аныктоого алынган. «Жылдын саясатчысы» деген наамга конкурстан кийин үч ай өтбөй Кыргызстандан куулган президент Аскар Акаев, «Жылдын врачтыгына» хирург Эрнст Акрамов, «Жылдын юристигине» Конституциялык соттун судьясы Марат Кайыпов, «Жылдын публицистигине» «Агым» гезитинин ээси Мелис Эшимкановдор татышкан.

Продукциясы мыкты деп табылган ишканалар арасындагы сыйлыкты «Акун» менен «Шоро» фирмалары алса, банктар ичинен «Кыргызстан банкы» мыкты деп таанылган. Искусство жана аскер кызматкерлери арасында белгиленген сыйлыкты айтылуу балерина Бүбүсара Бейшеналиева менен Улуу ата Мекендик согуштун баатыры Калыйнур Үсөнбаевдер алышкан.



























XS
SM
MD
LG