Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:49

Жакында мамлекеттик архив агенттиги улуттук тарыхтын учурдагы проблемаларын талкуулаган конференция өткөрдү. Анда козголгон ой-пикирлер жөнүндө “Азаттыкка” архив агенттигинин кызматкери, белгилүү журналист Кадыр Кошалиев маек куруп берди.

- Сиз азыр мамлекеттик архивдик агенттикте иштеп атасыз. Ошол жерде улуттук тарыхтын учурдагы проблемалары” деген конференция болду. Ошол конференциянын максатына токтоло кетсеңиз?

- Чындыгында бүгүнкү күндө Кыргызстанда эң маанилүү эки маселе болсо, анын бири экономикалык өндүрүштүк маселе, экинчиси - руханий идеологиялык. Эгерде бир маанилүү маселе болсо, анда руханий кризис деп айтаар элем. Ал эми элдин руханий-идеологиялык багытын аныктачу нерсе - бул ошол улуттун тарыхы, тили, дүйнө таанымы болот.

Ошондуктан өзүңүздөр билесиздер, коомдук ишмер, мекенчил инсан Чолпонбек Абыкеев бүгүнкү күндө архив агенттигин жетектеп жатат. Ал жерде өзү тарыхчы кесиби боюнча дагы бир коомдук ишмер Баяс Турал, үчөөбүз бир аз кеңешип, коомчулуктагы чыгармачылык, илимий чөйрө менен макулдашып туруп, бүгүнкү күндөгү элибиз, улутубуз үчүн маанилүү маселе улуттук тарыхты көтөрөлү деп чечтик.

Анын үстүнө мамлекеттик архив деген улуттук, мамлекеттик мурастарды сактаган кенч болот экен, элге кызмат кылыш керек экен. Архивге таянып туруп, илимпоздор менен кеңешип, улуттук тарыхтын учурдагы проблемаларын козгогон илимий-практикалык конференция өттү. Ага Улуттук университеттин биринчи проректору Олжобай Каратаев, илимдер академиясынан илимдин доктору, тарых институтунун директорунун орунбасары Акылбек Жуманалиев, Кыргыз эл депутаты, тарых илимдеринин доктору Бакыт Бешимов катышты.

-Байкоочулар айтып атат, ишембиде өткөн ошол конференцияда Акаевдин доорундагыдай бир адамдын тамырын таап, көкөлөтүп, кайра жазуу сыяктуу бир маселени көтөрүп чыгышты дегендей. Буга кандай карайсыз?

- Жок, мен айтаар элем, ошол жерде аябай кызыктуу, керек болсо илим жаатындагы адамдар жана ар кайсы көз караштагы адамдар чакырылды. Кусейин Исаев менен Бакыт Бешимов, же Олжобай Каратаев булар ар бири өзүнчө инсандар. Ошол жерде кызуу талкуу жүрдү.

Илимдин адамдары менен чыгармачылык чөйрөнүн адамдары, тарыхка өз алдынча кызыгып жүргөн Нурак Абдрахманов, Кален Сыдыкова сыяктуу инсандар катышты. Жыйынтыгында мындай болду, бүгүнкү күндө кыргыздын тарыхы так, даана, ала кеткен жерлер такталып жазылыш керек.

Ага мамлекеттик маани берилиш керек. Мына Олжобай Каратаевдин демилгеси менен 15 томдук башталган экен. Ушуну колдойбуз, мамлекет ушуга каржы бөлүп берсе, ушуга жалпы элибиз маани берсе деген маселеге келдик.

-Кадыр мырза, каржы демекчи, бир жарым миллион сом бөлүндү деген кабар бар ушул тарыхты изилдеп кайра жазуу боюнча?

-Буюрса, бул маселеге Курманбек Салиевич өзү маани берип жатат. Азыркы күндө мамлекеттик катчыбыз Нур уулу Досбол атайын демилгелүү топ менен 3-4 жолу жолугушуп, азыр көп нерсе такталып, чечилүүнүн алдында тургандыгы ошол жерде дагы айтылды.

Демек, мен ойлойм, кыргыз бийлиги дагы бүгүнкү күндөгү эң негизги маселелердин бири, руханий-идеологиялык маселени, анын ичинде кыргыздын тарыхын, тилин жана мен айтып өткөн каада-салт маселелерин биринчи чечип алса, анда катар-катары менен калган маселелер да ордуна келмек. Ушуну баары бир 15-20 жыл өткөндөн кийин түшүнүп отурабыз. Бирок кеч эмес, мына жакынкы эле кошуналарыбыз казактар, өзбектер, түркмөндөр, тажиктер бул маселени бир топ оң жолго коюп алышты.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG