Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:18

23-декабрь: тарых барактары


Россия империясынын Тышкы иштер министрдиги 1844-жылдын 23-декабрынд Боромбай Бекмуратовго кат жолдогон Буга чейин бир канча топко бөлүнгөн Кыргызстан жазуучулары 2004-жылдын 23-декабрында бир уюмга баш кошушту.

Кыргыз уруулары арасында орун алган араздашуу кандуу кагылыш жаратып, анын натыйжасында бугу уруусу Россия империясынан букаралык сурап кайрылууга мажбур болгон. Алардын өтүнүч катына жооп иретинде 1844-жылдын 23-декабрында империянын Тыш иштер министрдиги Боромбай Бекмуратовго кат жолдогон.

Министрдик бугу уруусунун букаралык сураган өтүнүчүн дипломатиялык ыкмага ылайык сылык четке кагып, тек гана алар менен мындан аркы кызматташууга даяр экендигин билдирген. Ал эми бугу уруусунун империяга элчилик жиберүүгө болгон өтүнүчүн жол узактыгы менен опурталдуу татаалдыктарга шылтап, андан эч майнап чыкпайт деп, элчиликти жөнөтүү максатсыз экендигин билдирген.

Россиянын борборунда башталган 1905-жылкы революциялык кыймыл, империянын тышкы аймактарына да таасир тийгизбей койгон эмес. Пишпек уездине 1905-жылдын октябрь айында келген түркстандык генерал-губернаторду, уезддин тургундары менен кедей дыйкандары, өкмөткө каршы чакырыктар менен тосуп алышкан. Ушул эле жылдын ноябрь-декабрь айларында Жети Суу областынын Пишпек, Верный жана Жаркент уезддеринде дыйкандардын козголушу байкалган.

Мындан улам 1905-жылдын 23-декабрында аталган уезддерге күчтөтүлгөн коргоо абалы киргизилген. «Русский Туркестан» гезити аймактагы абалды, «туңгуюк кырдаал катары» баалап, ал каалаган учурда козголуш чыгараарын белгилеген. Түркстан генерал-губернаторунун милдетин аткаруучу тарабынан Жети Суу областынын аталган областтарына киргизилген чукул кырдаал император Николай II тарабынан 1907-жылга чейин узартылган.

Совет бийлигинин Кыргызстандагы адегендеги орнотулуш убагындагы бийликтин расмий формасы катары, дыйкандар Кеңешин уюштуруу иши кулач жайган. Фергана өрөөнүндө курулган дыйкандар кеңеши бийликтин негизги өкүлү катары калкка өзүн таанытууга киришкен. Покровка айылдагы 1917-жылдын 23-декабрында өткөн жыйында 5 адамдан турган дыйкандар Кеңеши уюушулган.

Буга чейин бир канча топко бөлүнгөн Кыргызстан жазуучулары 2004-жылдын 23-декабрында бир уюмга баш кошушту. Кыргызстан жазуучуларын бириктирген тарыхый чогулуш Бишкек шаарында өткөн 13-курултайда ишке ашкан. Эгемендүүлүк жылдарынын башында көркөм сөз өнөрүнүн чеберлери үч-төрт топко бөлүнүп, алардын ортосундагы биримдик бузулган. Мурда мамлекет камкордугун көргөн жазуучулар арабөк абалда калып, алардын кызыкчылыгын көздөгөн уюмдашуу ырашкерчилик жоюлган.

Кыргызстан жазуучуларын бириктирген курултайга президент Аскар Акаев катышып, Кыргызстан жазуучулар союзуна улуттук статус ыйгарылган. Кыргызстан улуттук жазуучулар союзунун төрагалыгына коомдук ишмер жана акын Жалил Садыков, кошуундун катчылыгына-Мелис Абакиров, Сейит Алтымышев жана Маркабай Ааматов шайланышкан. Ушул эле курултайда бир катар акын-жазуучуларга мамлекеттик наамдар ыйгарылган.
XS
SM
MD
LG