Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:10

26-декабрь: Тарых барактары


Улуу жүз казак приставы майор Перемышльский 1851-жылдын 26-декабрында Ормон хандын катын негиз кылып, эки кыргыз туткунун бошотууну өтүнүп подполковник Петровго кат жолдогон. Генерал-майор М. Д. Скобелев 2800 аскердик жазалоочу отряд менен козголоң чыгарган кыргыздарга карш багыт алган.

Орус бийлиги тарабынан 1851-жылдын сентябрь айында туткундалган эки кыргыз адамынын тагдыры, кыргыз жана падышачылык Россия ортосундагы эки тараптуу мамиленин калыптанышына таасир тийгизбей койгон эмес. Орус бийлиги алардан аскерлерге каршы аракет көрбөгөндүгүн териштирсе, кыргыздын журт башчылары-Ормон хан менен Жантай манаптар туткундардын бошотулушун өтүнүп ору администрациясына кат жолдошкон. Улуу жүз казак приставы майор Перемышльский 1851-жылдын 26-декабрында Ормон хандын катын негиз кылып, эки кыргыз туткунун жылкылары жана буюм-тайымдары менен өзүнө жиберилишин өтүнүп подполковник Петровго кат жолдогон.

Пулатхан баштаган кыргыздардын XIX кылымдын экинчи жарымындагы Кокон хандыгына каршы көтөрүлүшү, падышалык бийликке да зыян келтирээрин туйган аскер аналитиктери козголоңчуларга каршы сокку уруу планын иштеп чыгышкан. Генерал-майор М. Д. Скобелев 2800 аскердик жазалоочу отряд топтоп, 1875-жылдын 26-декабрында Нарын дарыясын кечип өтүп, Кара-Дарыяга багыт алган. Жолдогу Балыкчы кыштагы генералдын буйругу менен өрттөлүп, аскерлер айыл-кыштактардан козголоңчуларды иликтеп, табуу аракетин жасашкан.

Кыргыз Республикасынын жетекчилиги 1996-1997-жылдар арасында мамлекеттик чегараны белгилөө жана аны коргоо багытында бир канча эларалык келишимдерди аныктоого жетишти. Адегенде, Казахстан, Кыргызстан, Кытай Россия жана Тажикистан өлкөлөрү 1996-жылы чегара аймагындагы аскердик ишеним туурасындагы келишимге коюшуп; 1996-жылы Кыргызстан менен Кытай Элдик Республикасынын мамлекеттик чегарасын аныктаган келишим кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 1997-жылдын 26-декабрында кыргыз-кытай чегара келишимин ратификациялаган.

Бул күнү, 1825-жылы Петербургдун Сенат аянтында декабристтердин көтөрүлүшү чыгып, 1792-жылы англис математиги, биринчи компьютерди ойлоп тапкан Чарльз Бэббидж, 1893-жылы Кытай Элдик Республикасынын көрүнүктүү коомдук, саясий ишмери Мао Цзедун, 1949-жылы айтылуу актер Михаил Боярский жарык дүйнөгө келсе, 2002-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти, режиссер Искендер Рыскулов 62 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышкан.
XS
SM
MD
LG