Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:50

12-январь: Тарых барактары


Бул күнү 1913-жылы Иосиф Джугашвили биринчи жолу Сталин деп кол койгон.
Бул күнү 1913-жылы Иосиф Джугашвили биринчи жолу Сталин деп кол койгон.

Падышалык бийликтин 1892-жылдын 12-январында өткөргөн жыйынында Памирдеги кыргыздарга экспедиция жиберүү маселеси каралган. Кыргыздын бугу уруусунун империя курамына алыныш маселесине байланыштуу, Батыш Сибирь генерал-губернатору Россия Тыш иштер министрдигинен көрсөтмө алган.

Россия менен Улуубритания империяларынын Борбордук Азиядагы атаандаштыгы XIX кылымдын экинчи жарымына туу чокусуна жеткен. Буга чейин орус стратегдери Памир аймагын калк жашагыз тооолу жер деп эсептешинен улам, башында алар Фергана өрөөнүн гана басып алуу менен чектелген.

Анткен менен Англиянын Афганистан жана Памир багытындагы активдүү басып алуу саясаты, орус өкмөтү үчүн атайын жыйын өткөрүүгө түрткү берген. Өкмөт жыйынынын жыйынтыгында чалгындоо отряды уюшулуп, 1891-жылдын жай айында ал Памирге сапар алган.

Отряд начальниги полковник Ионов памирдик кыргыздардын башына Курумчубек менен Маткасимбекти коюп, ал аймакты Россия империясынын жери катары чектеп кайра тарткан. Бирок орус отряды кетээр менен англичандарга таянган афгандыктар кыргыздарга кысым көрсөтүп, аларды Афганистандын ички райондоруна көчүрө баштаган. Кырдаалга кабатырланган падыша Александр III көрсөтмөсүнө ылайык 1892-жылдын 12-январында өткөрүлгөн жыйында Памирге дагы бир экспедиция жиберүү маселеси каралган.

Ысыккөлдүк кыргыздар келечек өнүгүүсүн Россия империясы менен түздөө максатында, 1853-жылдын сентябрь айында Батыш Сибирь генерал-губернаторуна орустардан букаралык сурап элчилик жиберген. Батыш Сибирь генерал-губернатору кыргыздарга букаралык берүү али эрте экендигин билдирип, Тышкы иштер министрдигине рапорт жолдогон.

Анткен менен Тышкы иштер министрдиги Ысык Көл өрөөнүнүн калкын Россия империясынын курамына алуу керек деп эсептеп, маселени толук чечүү жагын императорго калтырган. Император ысыккөлдүк кыргыздарга букаралык ыйгарууну жактырган соң, 1854-жылдын 12-январында Батыш Сибирь генерал-губернаторуна алардан шерт алып, империя курамына киргизүү маселеси жүктөлгөн.

Кыргыздын бугу уруусунун империя курамына алыныш маселесине байланыштуу, Батыш Сибирь генерал-губернатору 1853-жылдын 12-январында Россия Тыш иштер министрдигинен көрсөтмө алган. Тыш иштер министрдиги кыргыз өкүлдөрү менен букаралык ыйгаруунун жол-жобосу туурасында сүйлөшүү жүргүзүү жөнүндө Батыш Сибирь генерал-губернаторуна көрсөтмө берген.

Жетисуу областтык дыйкан депутаттардын II съездди 1918-жылдын 12-январында ишин баштаган. Ош уезддинин II шаардык партия конференциясы 1921-жылдын 12-январында өткөрүлгөн. VI Пишпек жана Пржевальск уезддик-шаар партиялык III конференцияларынын иши 1923-жылдын 12-январында соңуна чыккан.

Бул күнү 1913-жылы Иосиф Джугашвили биринчи жолу Сталин деп кол коюп, 1903-жылы атактуу физик, советтик атом программасынын жетекчиси Игорь Курчатов, 1907-жылы советтик космос конструктору Сергей Королёв, 1936-жылы композитор Раймонд Паулс жарык дүйнөгө келген.

XS
SM
MD
LG