Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:55

16-январь: Тарых барактары


Кыргызстанда 11 саясий партия, 6 бейөкмөт уюм 2003-жылдын 16-январында Конституциялык түзөтүү жана толуктоолор үчүн өткөрүлчү референдумга караманча каршы пикирлерин билдиришкен.

Кыргызстанда 11 саясий партия, 6 бейөкмөт уюм 2003-жылдын 16-январында Конституциялык түзөтүү жана толуктоолор үчүн өткөрүлчү референдумга караманча каршы пикирлерин билдиришкен.

Жазалоочу отрядды жетектеген генерал М. Д. Скобелев 1876-жылдын 16-январында Асаке кыштагын басып алган. 1957-жылдын бул күнү Кыргыз ССРине айыл чарбадагы жетишкендиктери үчүн Ленин ордени тапшырылган.

Кокон хандыгында башталган көтөрүлүштү басыш үчүн падышалык бийлик жазалоочу отряд курап, ал 1876-жылдын январь айында Эки-Cуу арасында орун алган кыргыздар менен кыпчак козголоңчуларын талкалоо максатын көздөп Фергана өрөөнүнө багыт алган.

Падышалык аскерлер козголоңчулардын колунда турган Анжыян шаарын экинчи ирет басып алуу камылгасын көрүп, аскер операциясын даярдаган. Анжыян улугу Ишмат шаарды таштап, кыргыздар менен чогуу Асаке кыштагына чегинген. Козголоңчулардын артынан түшкөн генерал М. Д. Скобелевдин жазалоочу отряды 16-январда Асакеге жетип, артиллериялык чабуул коюу ыкмасын колдонуп, кыштакты жеңил-желпи басып алган.

Түркстан крайынын Элдик комиссарлар кеңеши 1918-жылдын 16-январында Кызыл Аскерлердин ыктыярдуу отрядын куроого киришкен. Кызыл аскерлер отрядын уюштуруу чечими, РСФСР Элдик комиссарлар кеңешинде кабыл алынган Лениндик декретке ылайык жүргүзүлгөн.

РКП (б) Борбордук комитети 1922-жылдын 16-январында «Түркстан коммунисттерине» кайрылуу кат жолдогон.
Кара-Кыргыз автономиялык областынын уюшулгандыгы туурасындагы Декларация областтык ревкомдун 1925-жылдын 15-январь күнү өткөн жыйынында кабыл алынган. Областтык ревкомдун чечимине ылайык Кара-Кыргыз автономиялык областынын уюшулгандыгына байланыштуу 16-январь майрам күн катары эсептелген.

Кыргызстанга иш сапары менен келген КПСС Борбордук Комитетинин биринчи секретары Н. С. Хрущев 1957-жылдын 16-январында «Спартак» стадионунда эмгекчилер менен жолугушуу өткөргөн. Кышкы суукка кайыккан калк башкы коммунисттин майрамдык салтанаттан уламбы, айтор тили күрмөөгө келбеген келбеген баяндамасына күбө болушкан. Республика жетекчилиги биринчи катчынын колунан Ленин орденин алган. Кыргыз ССРинин дыйкандарынын эмгеги жана республиканын айыл чарбадагы жетишкендиктери ошентип Ленин ордени менен бааланган.

Кыргызстандык 11 саясий партия, 6 бейөкмөт уюм 2003-жылдын 16-январында Конституциялык түзөтүү жана толуктоолор үчүн өткөрүлчү референдумга караманча каршы пикирлерин билдиришкен. Билдирүүдө жаңы редакцияда каралган нормалар мамлекет башчысынын бийлигин эбегейсиз чекке жеткирип, парламентти күңкор абалга келтире тургандыгы белгиленген.

Бул күнү, 1616-жылы француз саясий ишмери, жазуучу Франсуа Сен-Симон, 1853-жылы француз ишкери Андре Мишелен, 1934-жылы таанымал актер Василий Лановой, 1936-жылы айтылуу драматург, кинодраматург, жазуучу Бексултан Жакиев жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG