Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:40

16-март: Тарых барактары


Кыргыз АССРинин жер жайгаштыруучулардын курултайы 1929-жылдын 16-март күнү Фрунзе шаарында ишин баштаган. 1942-жылдын 16-март күнү Фрунзе клиникалык ооруканасынын жаңы имаратында госпиталдык хирургия, госпиталдык терапия жана терапия факультети ачылган. Иран өлкөсү 1079-жылдын 16-март күнү мусулман календарын кабыл алган.

Түркстан чөлкөмүнүн Элдик комиссарлар кеңеши 1918-жылдын 16-мартында Кызылкыя жана Сүлүктүдөгү көмүр кендерин мамлекет менчигине алуу туурасында декрет кабыл алган.

Совет өкмөтүнүн мамлекеттик бийлик түзүлүшү, аны менен бирге Кыргызстан сыяктуу улуттук республикалардын маданий өнүгүшү 1921-жылдын 16-мартында ишин жыйынтыктаган РКП (б) X съездинде аныкталган. Партиялык жыйын «Улуттук маселедеги партиянын кезектеги милдеттерине» арналып, анда кабыл алынган чечимдерге жараша советтик автономиялык системанын курулушу жүзөгө ашырылган. Партиялык Резолюцияда партиянын негизги милдеттеринин бири катары, орус эмес артта калган калктардын абалын Борбордук Россия деңгээлине жеткирүү талабы коюлган.

Орус эмес калктардын улуттук турмуш шартына жараша мамлекеттик курулушту чыңдоо; улуттук тилдеги сот, администрация, чарба органдарын, бийлик кызматын куруп, аларды өнүктүрүү; улуттук тилдеги маалымдоо каражаттарын, мектеп, театр, маданий мекемелерди өркүндөтүү; эне тилдеги мектеп жана профессионалдык-техникалык билим берүү тармагын жайылтуу маселеси белгиленген.

Кыргыз АССРинин жер жайгаштыруучулардын курултайы 1929-жылдын 16-март күнү Фрунзе шаарында ишин баштаган. Курултайга Кыргызстан аймагында эмгектенген адистер чакырылып, алар жер маселеси жана аны пайдалануу ыкмалары тегерегинде пикир алмашышкан.

Мындан туура 67 жыл мурун, 1942-жылдын 16-март күнү Фрунзе клиникалык ооруканасынын жаңы имаратында госпиталдык хирургия, госпиталдык терапия жана терапия факультети ачылган. Жаңы ачылган бөлүмдөрдү Советтер Союзуна аттары таанылган профессорлор-Фабрикант, Коган-Ясный Вольскийлер жетектешкен.

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик департаменти Кыргызстандагы 2005-жылкы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын кескин сынга алган. Мамлекеттик депертаменттин баамында парламенттик шайлоо арбын мыйзам бузуулар менен коштолуп, бийлик тарабынан ыплас ыкмалар колдонулган.

Иран өлкөсү 1079-жылдын 16-март күнү мусулман календарын кабыл алган.

Америка Кошмо Штаттарынын Конгресс Актысына ылайык 1802-жылдын 16-март күнү Вест-Пойттогу Аскер академиясы ачылган.
Мурдагы француз бакчысы Жозеф Монье 1867-жылдын 16-мартында бетонго патент алган Ошентип азыркы курулуштун алмашкыс материалына айланган бетонду өндүрүшкө киргизүүгө жол ачылган.

Биринчи советтик автомашина 1936-жылдын 16-март күнү чыгарылган. Горький атындагы автомобиль заводунун конвейеринен «М-1» маркасындагы лимузин жарык көрүп, калк арасында ал «Эмка» деп атыккан.

Кызыл Армиянын жогорку жетектөөчү катмары тарабынан антисоветтик кутум камдалып жаткандыгы туурасындагы «каңшаар маалымат» германдык чалгындоо кызматы тарабынан даярдалган. Париж шаарындагы Советтер Союзунун элчилигинде 1937-жылдын 16-март күнү аталган «каңшаар кабар» ташталып, кийин ал советтик армиянын жетектөөчү органындагы репрессия менен жыйынтыкталган.

СССР Ички иштер министрдигине караштуу Социалисттик менчикти уурдого каршы күрөшүү органы (ОБХСС) 1937-жылдын 16-март күнү уюшулган.

Дүйнөдөгү биринчи күн батареясы менен иштеген автомобиль 1960-жылдын 16-мартында Нью-Йорк шаарында сыноодон өткөрүлгөн.

Советтер Союзунун «Космос» сериясындагы биринчи космостук аппараты 1962-жылдын 16-март күнү учурулган.

Кино көрөрмандарынын сүймөнчүк тасмасына айланган «Фантомас» фильми 1967-жылдын 16-март күнүФранциянын экрандарына чыгарылган. Андре Юнебель тарткан «Фантомас Скотланд-Ярдга каршы» аттуу фильмге Жан Маре, Луи де Фюнес, Милон Демонжо сыяктуу француз искусство чеберлери башкы ролдордо ойношкон.

Берлин Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти, айтылуу немец физиги Георг Симон Ом 1787-жылдын 16-мартында жарык дүйнөгө келген. Физикадагы олуттуу ачылыштардын бири эсептелген, электрик каршылыгынын өлчөмү окумуштуунун урматына «Омдун мыйзамы» деп аталып калган.

Жер атмосферасындагы гелийдин бар экендигин аныктаган немец физиги Генрих Кайзер 1853-жылдын 16-март күнү туулган.

Зымсыз электр байланышын узактыкка берүү каражатын табуучулардын бири-Александр Степанович Попов 1859-жылдын 16-мартында жарык дүйнөгө келген.

А. С. Поповдун радио жана радио байланышка сиңирген эмгеги 1900-жылы Париж шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөдө алтын медалга арзыган. А. С. Попов Россияда радиону биринчи ойлоп тапкан адам катары эсептелинет.

Анткен менен ал бул тармактын жападан жалгыз «улуттук» талапкери эмес. Америка Кошмо Штаттарында бул орунга Никола Тесланы, Францияда Эдуард Бранлини, Италияда Гульельмо Марконини коюшат.

Поповдун жактоочуларынын пикирине караганда ал, Гульельмо Маркониге чейин 1895-жылдын 7-майында биринчи жолу радиоприёмникти иштеткен; 1896-жылдын 24-мартында болсо радиотелеграфтын иштешин көрсөткөн.
XS
SM
MD
LG