Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

18-март: Тарых барактары


Чуулгандуу парламенттик шайлоодон кийин жер-жерлерде кырдаал курчуп, 2005-жылдын 18-март күнү нааразылык акциясына чыккандар Ош областынын мамлекеттик администрациясын басып алышкан.
Чуулгандуу парламенттик шайлоодон кийин жер-жерлерде кырдаал курчуп, 2005-жылдын 18-март күнү нааразылык акциясына чыккандар Ош областынын мамлекеттик администрациясын басып алышкан.

«Журналисттердин эмгек укугуна» арналган семинар 2003-жылдын 18-март күнү Нарын шаарында өткөрүлгөн. Франциянын борбору Париж шаарындагы көтөрүлүш 1871-жылдын 17-март күнү башталган. Христиандык уламышка ылайык б. з. ч. 1712-жылдын бул күнү Авраам менен Саранын уулу Исаак жарык дүйнөгө келген. Адам баласынын ачык космоско чыгышы 1965-жылдын 18-март күнү жасалган.

Кыргызстандык маалымдоо каражаттары 1929-жылдын 18-март күнү, Нарын кантонунун Кытай менен чектеш жергесинде «Ташраб» деген уникалдуу тарыхый эстеликтин ачылгандыгы туурасында жазып чыккан. Буга чейин илимге белгисиз эстелик Ат-Башы тоосунун арасында орун алгандыгы маалым болгон.

Уникалдуу эстеликтин 40 бөлмөдөн тураары белгиленип, кыска аралыкта чара көрүлбөсө тарыхый мурас таштандыга айлана тургандыгы кабарланган. Мындан тышкаары маалымдоо каражатынын белгилөөсүнө караганда жергиликтүү калк эстеликти сакташтын ордуна, аны мал сарайга айландырышкан.

«Журналисттердин эмгек укугуна» арналган семинар 2003-жылдын 18-март күнү Нарын шаарында өткөрүлгөн. Семинар Кыргызстандын журналисттер профсоюзу тарабынан уюштурулуп, анда маалымдоо каражат кызматкерлеринин эмгек укугун коргоо маселелери талкууланган.

Кыргызстан президенти Аскар Акаев 2004-жылдын бул күнү Европа биримдигинин тышкы байланыштар боюнча комиссары Кристофер Паттенди кабыл алган. Эки тараптуу сүйлөшүү маалында кызматташууну арттыруу жана аталган биримдиктин Бишкектеги өкүлчүлүгүн ачуу зарылчылыгы белгиленген.

Борбордук Азиядагы туризмди өнүктүрүү маселесине арналган симпозиум 2005-жылдын 18-март күнү Ташкент шаарында ишин баштаган. Симпозиумду уюштуруу демилгесин Япония өкмөтү көтөрүп, анын ишине Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Япониянын мамлекеттик уюмдары менен ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышкан.

Чуулгандуу парламенттик шайлоодон кийин жер-жерлерде кырдаал курчуп, 2005-жылдын 18-март күнү нааразылык акциясына чыккандар Ош областынын мамлекеттик администрациясын басып алышкан.

Кыргызстандагы 2005-жылкы парламеттик шайлоо жалаң эле кыргыз коомчулугун эмес, чет элдик мамлекеттердин да бүйүрүн кызыткан. АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янгдын өлкөдөгү саясий кырдаалга арналган доклады интернетте жарыяланып, ал коомчулукту эки анжы пикирге кириптер кылган. Буга байланыштуу Кошмо Штаттардын Бишкектеги элчилиги 18-март күнү атайын билдирүү таратып, интернеттеги маалымат жасалма документ экендигин белгилеген.

Кыргыз мамлекеттик телерадио корпорациясынын ачкачылык жарыялаган 5 кызматкери 2006-жылдын 18-мартында үч күнгө уланган акцияны токтотушкан. Ачкачылык акциясына чыккандар кыргыз радиосунун жетекчиси Байма Сутенованы кызматтан кетишин талап кылышкан жана ал оюн бийликке жеткирүүнү көздөшкөндүгүн билдиришкен.

Франциянын борбору Париж шаарындагы көтөрүлүш 1871-жылдын 17-март күнү башталган. Социалдык оор турмуштан каржалган кол өнөрчүлөр жана шаардык жакырлар теңдик үчүн колуна курал кармап, жогорку катмарга каршы көтөрүлгөн. Көтөрүлүш кыска аралыкта калктын калың катмарын кучагына алып, 18-март күнү Париж Коммунасы курулган.

Башкаруу бийлик Улуттук Гвардиянын колуна өтүп, Борбордук комитет март айынын соңунда муниципалдык шайлоо өткөргөн. Париж Коммунасы Франция үчүн ийгиликсиз аяктаган франк-прусс согушунун натыйжасынан жаралган. Марксисттик-лениндик идеологдор Париж Коммунасынан ебегейсиз революциялык жыйынтык чыгарып, «революциялык ситуация» деген түшүнүктү чыгарышкан.

Христиандык уламышка ылайык б. з. ч. 1712-жылдын бул күнү Авраам менен Саранын уулу Исаак жарык дүйнөгө келген. Библиялык окууда дүйнөнү коргогон урук Исаактан тараган. Исаак 25 жашка келгенде жараткан Авраамга баласын садага чапканга буйрук берген. Авраам жараткандын буйругуна моюн сунуп баласын садага чабаарда пайгамбар анын колундагы бычакты алып Исаак аман калган.
Америка Кошмо Штаттарында көмүр газын чыгара турган аппаратка 1813-жылдын 18-март күнү патент алынган.

Лорд Стэнли Канаданын мыкты командалары үчүн 1892-жылдын 18-март күнү атайын кубок негиздеген. Азыркы күндө ал НХЛ командалары арасында ойноло турган Стэнли Кубогу деп аталат.

Немец инженерии Рудольф Дизель 1898-жылдын 18-март күнү ичтен күйө турган моторду ойлоп тапкан.

Америкалык астроном Пикеринг 1899-жылдын 18-март күнү Сатурндун спутниги Фебаны ачкан.

Падышалык бийлик тарабынан тыю салынган большевиктердин «Правда» газетасы 1917-жылдын 18-мартында кайра чыгарыла баштаган.

Кронштаддагы Совет бийлигине каршы чыккан көтөрүлүш 1921-жылдын 18-март күнү ырайымсыздык менен басылган. Тухачевский жетектеген кызыл армия Кронштадды чабуул менен алып, колго түшкөн ар бир онунчу козголоңчу атылып, аман калгандары Соловецк аралына сүргүнгө айдалган.

Биринчи электрик сакал алгычтар 1931-жылдын 18-март күнү Америка Кошмо Штаттарында чыгарылган.

Советтик теле күйөрмандардын сүймөнчүк программасына айланган «Телесаякатчылар клубу» 1960-жылдын 18-март күнү эфирге чыккан. Кийин программа «Клуб путешественников» аталып, 1973-жылдан тарта аны отуз жыл чамалуу Юрий Александрович Сенкевич жетектеп келген.

Адам баласынын ачык космоско чыгышы 1965-жылдын 18-март күнү жасалган. Павел Беляев менен Алексей Леонов «Восход-2» корабли менен космоско учушкан. «Восход-2» учкандан бир канча саат өтпөй 30 жаштагы ВВС майору Алексей Леонов 12 минут 9 секунд арасында ачык космоско чыккан. Космонавттардын учушун миллиондогон адамдар телевизорлордон көрүшүп, ачык космоско чыгууну эларалык тилге «леонить» деген термин менен кирген.

Ичтен күйүүчү моторду чыгарган атактуу немец инженерии Рудольф Дизель 1858-жылдын 18-март күнү жарык дүйнөгө келген. п атап калышкан. Рудольф Дизель көп кырдуу талант ээси болгон. Ал бир канча тилде сүйлөп, искусство жана коомдук илимдерге кызыккан.
XS
SM
MD
LG