Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:59
Пишпек шаарынын мурдагы Грязновской менен Садовой, азыркы Токтогул менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган түрмөдөгү абактагылар 1917-жылдын 24-март күнү бошотулган. Пишпек шары менен Пишпек уездинен чогулган калк бул күнү борбордук түрмөгө агылып, абактагыларды эркиндикке чыгарган.

Абактагылардын басымдуу көпчүлүгү 1916-жылкы көтөрүлүштүн катышуучулары болгон. Түрмөнүн бет маңдайында абактан чыгарылгандар менен аларды эркиндикке чыгаргандардын стихиялуу митинги өткөрүлүп, алар мурдагы кегин унутуп, мындан ары ынтымак-ырашкерчиликте жашоого убадаларын беришкен.

Түркстан республикасынын Борбордук аткаруу комитетинин Известиясы 1920-жылдын 24-март күнү РСФСР курамындагы Түркстан автономиялык республикасынын уюшулгандыгын жарыялаган. Түркстан автономиялык республикасынын негизги жоболору Бүткүл союздук аткаруу комитети тарабынан 1920-жылдын март айында бекитилген.

Бүткүл союздук аткаруу комитетинин жобосунда Түркстан «түрк улутунун эмес», мында жашаган-түркмөн, өзбек, кыргыздардын улуттук топторунун областтык бөлүнүшүнө, эномикалык жана жашоо шарттарына ылайык «РСФСР курамындагы Түркстан автономиялык республикасы» аталаары белгиленген.

Кыргыз Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасынын мамлекеттик уюшулушу 1927-жылдын 24-март күнү аныкталган. Кыргыз АССРдеги областтык органдар, райондук уюшулуш менен жергиликтүү аткаруу комитеттердин ыйгарым укуктары аныкталган. Анын натыйжасында өлкөнүн мамлекеттик түзүлүшү ыраатка салынып, бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулук жана алардын иштөө тартиби жөнгө келтирилген.

Кыргыз областтык Аткаруу комитетинин «Көчөдөгү хулигандыкка каршы күрөшүү чаралары» аттуу токтомунун 1927-жылдын 24-март күнү жарыкка чыгышы, коомчулуктун бүйүрүн кызыткан чуунун чыгышына себеп болгон. Токтомдо борбор шаарда «максатсыз ок атууга, кыйкырууга, түн ичинде ырдоого, айнек сындырууга, адамдарга тийишип, коркутууга, уют сөздөр менен сөгүнүүгө» тыюу салган.

Бирок коомчулукту токтомдун мазмуну эмес, «Советская Киргизия» гезитинде жарыяланган тексттин автору кыжаалат кылган. Токтомдун соңуна кол койгон адамдын кызмат абалы «Предатель облисполкома Уразбеков» деп жанылыш жазылып, ката кетирген корректор жеңил жаза менен кутулган.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки өкмөттүн кол жоолуктай алмашышына жол ачкан жоосун 1998-жылдын 24-март күнү башталган. Буга чейин узак убакыт бою кыргыз өкмөтүн башкарып келген премьер-министр Апас Жумагулов бул күнү кызматынанан алынган. А. Жумагулов башкарган өкмөттүн кызматтан кетирилишинен аналитиктер ар кандай жоорум жасашкан.

Алардын бири-А. Жумагулов Кыргызстандагы эң таасирди жана акчалуу саясатчы экендигинен А. Акаев негизги атаандашын жарыштан чыгарды дешкен. Экинчи топтогу серепчилер болсо, мындай жол аркылуу А. Акаев жеке башкаруу жолуна түштү деген бүтүм чыгарышкан. Айткандай эле, тажрыйбалуу жетекчини мамлекет башчынын мурдагы аспиранты жумшак мүнөз К. Жумалиев алмаштырган.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки биринчи калк каттоо 1999-жылдын 24-март күнү жүргүзүлгөн. Калк каттоо жыйынтыгы көрсөткөндөй Кыргыз Республикасында 4 млн 852 миң 400 адам жашагандыгы белгилүү болгон. Кыргызстан калкынын басымдуу көпчүлүгүн кыргыздар түзүп, экинчи орунга өзбектер келип, ал эми совет мезгилинде экинчи орунда турган орустар үчүнчү орунга түшкөн.

Кыргызстандын мамлекет түптөө тарыхындагы бурулуш окуялардын бири- 2005-жылдын 24-март күнү болгон. Чуулгандуу парламенттик шайлоодон чыккан жаңжал бийликтин баркын кетирип, акыры миңдеген адамдар Бишкектеги Ак үйдү басып алышкан. Мамлекет башчысы өлкөнү таштап, өкмөт башчысынын отставкага кетишине байланыштуу Кыргызстанда кыска убакытка бийлик боштугу жаралган.

Жападан жалгыз легитимдүү бийлик бутагы саналган парламент да эски жана жаңы шайланган Жогорку Кеңеш курамынан тургандыктан өлкөдө кош парламенттик кырдаал пайда болгон. Ушул эле күнү Жогорку Кеңеш татаал абалдын чыгып, парламент төрагалыгына Ишенбай Кадырбековду шайлаганга жетишкен. Укук коргоо органдарынын өзүнө жүктөлгөн милдетин аткарбай коюшуна байланыштуу шаарда талап-тоноо, укук бузуулар күч алган. параличтениши

Оппозиция лидерлери 24-мартта жыйын куруп, анда Координациялык кеңеш уюшулган. Анын төрагалыгына Курманбек Бакиев дайындалып, Координациялык кеңеш алгачкы маселелер катары коопсуздук, тартипти сактоо маселесин карап, элдик кошуундар түзүлгөн.

Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова Аскар Акаевдин өлкөдөн чыгып, ал эми өкмөт башчы Николай Танаевдин кызматтан кеткендигин билдирип, учурда өлкөдөгү жогорку бийлик Координациялык кеңешке берилээрин белгилеген.

Бүгүн кургак учукка каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнү. Кургак учукка каршы күрөшүү күнү Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун чечимине ылайык белгиленип келет. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун чечими айтылуу немец микробиологу Роберт Кох 1882-жылдын 24-март күнү кургак учуктун дартын табышынын урматына негизделген.

Биринчи Олимпиада оюндары 1896-жылдын 24-март күнү Афина шаарында ачылган.

Аргентинадагы кансыз төңкөрүш 1976-жылдын 24-март күнү жасалган. Төңкөрүшчүлөргө каршылык көрсөткөн жалгыз адам өлкө президенти, мурдагы бийчи Изабель Перон болгон. Ал камакка алынаарда колуна тапанча кармап төңкөрүшчүлөргө айбат кылган. Ошентип Аргентина мамлекетинде бийликке генерал Хорхе Видел баштаган аскердик хунта келген. Өлкөнүн солчул партиялары менен профсоюз уюмдары таратылып, журналист жана жогорку окуу жайдын окуттучуларынан турган интеллектуалдык катмардын өкүлдөрү камакка алынып, алардын көбү дайынсыз жок кылынган.

Атактуу советтик илимпоз, СССР Илимдер Академиясынын президенти Сергей Иванович Вавилов 1891-жылдын 24-мартында жарык дүйнөгө келген.

Айтылуу австриялык психолог Вильгельм Райх 1897-жылдын 24-мартында туулган. Окумуштуу марксизм менен фрейдизм агымдарын кошуп, андан өзүнчө илимий багыт чыгарууга аракет жасаган.

Шахмат боюнча 7-дүйнө чемпиону Василий Васильевич Смыслов 1921-жылдын 24-мартында жарык дүйнөгө келген. Ал 1957-жылы М. М. Ботвиникти жеңип, шахмат оюнунун дүйнөлүк чемпиондук наамына арзыган.
XS
SM
MD
LG