Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:35

25-март: Тарых барактары


Март ыңкылабында борбордогу өкмөт үйүнөн башталган талоончулук түнкү каракчылык менен уланган.
Март ыңкылабында борбордогу өкмөт үйүнөн башталган талоончулук түнкү каракчылык менен уланган.

Кыргызстан журналисттеринин I съезди 1959-жылдын 25-март күнү өткөрүлгөн. Борбордук Азиядагы бейөкмөт уюмдардын үч күндүк конференциясы 2004-жылдын 25-мартында Бишкек шаарында ишин баштаган. Бүгүн кант кызылчасын өстүрүүчөлөрдүн майрамы. Атактуу орус хирургу Николай Васильевич Склифосовский 1836-жылдын 25-март күнү жарык дүйнөгө келген.

Кыргыз обком партиясынын кезектеги IX пленуму 1937-жылдын 25-март күнү ишин баштаган. Кыргызстандык коммунисттер ВКП (б) Борбордук комитетинин февраль-март пленум чечимдерин талкуулашкан. Пленумда обком партиянын биринчи катчылыгына жаңыдан дайындалган М. К. Аммосов сөз сүйлөп, улутук кадрларга көңүл буруу зарылчылыгын жана аларга колдоо көрсөтүлүш керектигин белгилеген.

Пленум чечимине ылайык Орозбеков менен Эсенамановдор обком партиянын бюро мүчөлүгү калыбына келтирилген.
Пишпек уезддик Элдик депутаттар кеңешинин аткаруу комитети 1919-жылдын 25-март күнү «Нан баасынын ыксыз көтөрүлгөнүнө байланыштуу уезддин калкын ачарчылыктан сактоо үчүн шашылыш чара көрүү» туурасында токтом кабыл алган. Совет бийлиги ал үчүн Пишпек уездинде 1000 тешеге жалаң буудай айдоо ишин пландаштырган.

Кыргызстан журналисттеринин I съезди 1959-жылдын 25-март күнү өткөрүлгөн. Жаңы уюм 8 республикалык, 4 областтык, 64 шаар жана райондук, 13 журнал, КырТАГ, радио жана телевидениенин 270 алдынкы журналисттеринин башын кошкон. Жыйынга Кыргызстандын баардык тармактагы жетекчилери катышкан жана журналисттерге «партиялык уюмдарга жардам берип, болгон күчтү коммуниздин курулушуна арнагыла» деген тапшырма жүктөлгөн. Журналисттердин съезди Кыргыз ССР Министрлер кеңешинин жыйын залында өтүп, совет бийлиги маалымдоо каражатына болгон мамилесин ушундай мааниде түшүндүргөн.

Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаев 1994-жылдын 25-март күнү «Жеке ишкердикти коргоо жана өнүктүрүү чаралары» туурасындагы жардыкка кол койгон. Жаңы жардыкка ылайык жеке ишкерлердин өлкө экономикасы үчүн салымын арттыра турган жана өздүк капиталын көтөрө турган жоболор белгиленген. Мындан тышкаары, жаңы акча алмаштыруу пунктарын ачылышы үчүн тоскоолудуктар азайтылган.

Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген мамлекеттердин улуттук координаторлор кеңешинин кезектеги жыйыны 2003-жылдын 25-март күнү Чолпоната шаарында ишин баштаган. Жыйын ишине Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген Кыргызстан, Россия, Кытай, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин өкүлдөрү катышып, анда уюмдун катчылыгы, каржылоо маселеси жана регионалдык антитеррордук структураны аныктоо сыяктуу маселелер талкууланган.

Борбордук Азиядагы бейөкмөт уюмдардын үч күндүк конференциясы 2004-жылдын 25-мартында Бишкек шаарында ишин баштаган. Конфененцияга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын бейөкмөт уюмдары чакырылып, алар акыйкат башкаруу менен бейөкмөт уюмдардын мамилеси тегерегинде пикир алмашышкан.

Бишкек шаарындагы Демократиялык коопсуздук кеңешинин кеңсеси 2004-жылдын 25-март күнү салтанат менен ачылган. Демократиялык коопсуздук кеңеш кеңсесинин ачылыш салтанатына президент Аскар Акаевдин катышып, Кыргызстанда үлгүлүү демократиянын орнооруна ишеним арта тургандыгын билдирген.

Кыргызстандагы бийлик алмашкандан кийин 2005-жылдын 24-марттан 25-мартка караган түнү Бишкек шаарында талоончулук орун алган. Борбордогу өкмөт үйүнөн башталган талоончулук түнкү каракчылык менен уланган. Бишкектеги айрым дүр дүнүйө дүкөндөрү тонолуп, кээси түбү менен өрттөлүп жиберилген. Түнкү каракчылыктан 3 адам каза болуп, 164 киши жаракат алып, алардын 98 - ооруканага жаткырылып, 6 оорукчанга операция жасалган.

Кыргызстандын президентинин жана өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев 25-мартта алгачкы бир нече жардыкка кол койгон. Жардыкка ылайык Кыргызстандын мамлекеттик катчылыгына Дастан Сарыгулов, президенттик администрациянын жетекчилигине Үсөн Сыдыков, Ош облусунун губернаторунун милдетин аткарууга Анвар Артыков, Жалалабат облусунун губернаторунун милдетин аткарууга Жусупжан Жээнбеков, Чүй облусунун губернаторунун милдетин аткарууга Тургунбек Кулмурзаев жана башкы прокурордун милдетин аткарууга Азимбек Бекназаров дайындалган.

Андан тышкары ички иштер министринин милдетин аткарууга Мыктыбек Абдылдаев, юстиция министринин милдетин аткарууга Эркинбек Мамыров, Коргоо министринин милдетин аткарууга Исмаил Исаков, транспорт жана коммуникация министринин милдетин аткарууга Ишенбай Кадырбеков, тышкы иштер министринин милдетин аткарууга Роза Отунбаева жана президенттин иш башкаруу башкармасынын жетекчисинин милдетин аткарууга Акылбек Дүйшөмбиев бекитилген.

Бүгүн кант кызылчасын өстүрүүчөлөрдүн майрамы. Наполеон Бонапарттын тушундагы согуштарга байланыштуу Вест-Индиядан ташылып келчү кант тростниги континенталдык Европага түшбөй калган. Император Наполеон Бонапарт 1811-жылдын 25-мартында кант кызылчасын өстүрүш үчүн 80 000 акр жер бөлүп, айыл чарба адистерин окутуу жана кант заводун куруу туурасында декрет кабыл алган. Ошентип буга чейин малга берилип келген кант кызылчасы императордун жардыгы менен жер жемиш маданиятына айланган.
Наполеон Бонапарттын атактуу аскер башчыларынын бири-Иоахим Мюрат 1767-жылдын 25-мартында жарык дүйнөгө келген.

Неаполитандын королу Иоахим Мюрат Наполеондун карындашына үйлөнүп, императордун теңдешкиз жеңиштерине ортоктош болгон. Неаполитандын мурдагы королу эл жана аскер аны колдойт деген каңшаар кепке ынанып, азганакай кол менен өлкөсүнө келип колго түшкөн. Аскердик сот Иоахим Мюратка өлүм жазасына өкүм чыгарган. Анны атууга келген аскерлер шашкалактап калганда, кайраттуу маршал аларга өзү «Аткыла!» деп команда берген.

Атактуу орус хирургу Николай Васильевич Склифосовский 1836-жылдын 25-март күнү жарык дүйнөгө келген.

Америкалык генетик, өсүмдүктөр патологиясынын адиси Норманн Эрнест Борлоуг 1914-жылдын 25-мартында туулган. Окумуштуу «жашыл революция» аталган тамак аш проблемасын чечүүгө кошкон салымы салымы үчүн 1970-жылы Нобель сыйлыгына арзыган. Окумуштуу ойлоп тапкан «жашыл революциянын» сыры буудай менен күрүчтүн түшүмдүү жаңы сорттору менен байланыштуу болгон.
XS
SM
MD
LG