Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:47

7- апрель: Тарых барактары


7-апрель - Фашизмдин курмандыгына чалынган еврейлерди эскерүүнүн Эл аралык күнү
7-апрель - Фашизмдин курмандыгына чалынган еврейлерди эскерүүнүн Эл аралык күнү

Түркиянын президенти Тургут Озалдын 1993-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанга расмий визит менен келген. 7-апрель Бүткүл дүйнөлүк денсоолуктун күнү катары белгиленет. Франция мамлекети 1795-жылдын 7-апрелинде узундук өлчөмү катары метрди кабыл алган. Француз социалист-утописти Шарль Фурье 1772-жылдын 7-апрелинде жарык дүйнөгө келген.

СССР Суу чарба Элдик комиссариаты 1940-жылдын 7-апрелинде Кыргыз ССР Советтик Элдик комиссариатынын төрагасы Төрөбай Кулатовго Чоң Чүй каналын куруу туурасында атайын кат менен кайрылган. Анда курулуш үчүн керектүү эмгек куралдары, алардын саны такталган. Ошол убактагы кыргыз бийлигинин ишкердиги жана Кыргызстан калкынын мээнеткечтиги менен Чоң Чүй каналы жалаң кол эмгегеинин күчү аркылуу бүткөрүлүп, Чүй өрөөнүнүн 100 миң гектар жери суу менен камсыз болгон.

Италиялык монах жана белгилүү саякатчы Плано Карпини Рим папасынын тапшырмасы менен 1246-жылдын 7-апрелинде монгол өкүмдары Бату хандын ордосуна келген. Ал убакта Бату хандын ордосу азыркы Нижний Новгород шаарынын ордунда орун алып, Сарай шаары деп аталган. Ал Бату хандын ордосунан чыккандан кийин Сырдарыя менен Аму дарыяны бойлоп Кыргызстан жергесине келген. Саякатчынын эскерүүлөрүндө азыркы Кыргызстан аймагында ажайып жаратылыш жана таң калтырчу табият бар экендиги кабарланат.

Түркстан Советинин 1-Чөлкөмдүк курултайы 1917-жылдын 7-апрелинде ишин баштаган. Курултайда Түркстан аймагын советтештирүү жана анын ишин жандандыруу маселеси козголгон.

Кыргыз Республикасы менен Түркия өлкөсүнүн ортосундагы мамиленин өнүгүшүнө Түркиянын президенти Тургут Озалдын 1993-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанга жасаган расмий визити маанилүү роль ойногон. Мамлекет башчыларынын сүйлөшүү жыйынтыгына ылайык эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган келишимдерге кол коюлган.

Тургут Озалдын иш сапары кыргыз коомчулугу эле эмес, Кыргызстан жетекчилиги үчүн зор таасир калтырган. Тургут Озолдын визитинен кийин жаңы эгемендик жолуна түшкөн өлкүнүн болочок өнүгүү жолу мындан ары түркиялык багыт менен түздөлөөрү туурасында пикир айтыла баштаган.

7-апрель Бүткүл дүйнөлүк ден-соолуктун күнү катары белгиленет. Ден-соолук күнүн белгилөө чечими 1948-жылы кабыл алынып, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Уставы жарыяланган. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму ар жылды медицинанын актуалдуу проблемасына арнап, адамзаттын көңүлүн буру аракетин көрөт. Эгемен Кыргызстан да бу уюмдун мүчөсү жана саламаттык сактоо тармагы калыптанган өлкө катары Бүткүл дүйнөлүк Ден-соолук күнүн салтанат менен белгилеп келет.

Совет мамлекетинде 1966-жылга чейин 7-апрель Геологдордун күнү катары белгиленип келген. Андан кийин Геологдордун күнүн белгилөө жөрөлгөсү апрель айынын биринчи жекшембисине которулган.

7-апрель фашизмдин курмандыгына чалынган еврейлерди эскерүүнүн Эл аралык күнү.

Европадагы эң эски жана биринчи славян жогорку окуу жайларынын бири эсептелген Прагадагы Карлов университети 1348-жылдын 7-апрель күнү негизделген.

Иммануил Канттын «Метафизиканын нравалык негизи» аттуу айтылуу эмгеги 1785-жылдын 7-апрелинде жарык көргөн.

Франция мамлекети 1700-жылдын 7-апрелинде «Кызыл китепти» жарыялаган.

«Кызыл китепте» Людовик XVI маалында казынадан катылган каражат 228 миллион франкты түзгөндүгү маалымдалган.

Франция мамлекети 1795-жылдын 7-апрелинде узундук өлчөмү катары метрди кабыл алган. Кийин метрикалык система дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүнө жайылган.

«Санкт-Петербургкие коммерческие ведомости» маалымдоо каражаты 1803-жылдын 7-апрелинде «темир жол» деген терминди колдонгон. Россияда буга чейин ал «чугун жолу» деп аталып келген.

Советтер Союзу эмгек лагерлер системасын кеңейтүү максатында 1930-жылдын 7-апрелинде аларды ОГПУга караштуу Башкы лагерь башкармалыгына (ГУЛАГ) кошу туурасында жардык жарыяланган.

Америкалык жоокерлер 1945-жылдын 7-апрелинде Мюльхаузендин түштүк тарабындагы туз кени чыкчу үңкүрлөрдөн герман империялык банкына тиешелүү алтын запасын табышкан.

Нацисттик бийлик үңкүрлөргө 100 тонна уютулган алтын, 3 млрд. немец маркасын, 2 млн. америкалык доллар, 100 млн. франк, 110 миң англис фунтун катышкан.

Француз социалист-утописти Шарль Фурье 1772-жылдын 7-апрелинде жарык дүйнөгө келген. Анын «Бүткүл ааламдык биримдик теориясы» марксистик окууга жолдомо болгон.

Фашизмдин курмандыгына чалынган еврейлерди эскерүүнүн Эл аралык күнү
XS
SM
MD
LG