Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:43

10-апрель:Тарых барактары


Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин 1-сессиясы 1990-жылдын 10-апрель күнү ишин баштаган. Бишкектин Ала-Тоо аянтында Кыргыз мамлекетүүлүгүнүн 2200 жылдыгына багышталган туу көтөрүү салтанат 2003-жылдын 10-апрелинде өткөрүлгөн. Англия мамлекетинде 1710-жылдын 10-апрелинде автордук укукту коргоо туурасындагы дүйнөдөгү биринчи мыйзам кабыл алынган.

Коммунисттик партия үчүн 1990-жылдын башталышы оор сыноо мезгили болгону жалпыга маалым. Горбачевдук айкындык айдыңы менен Совет өлкөсүндөгү коммунисттик партиянын мамлекет системасындагы орду талкууланып, ар түркүн мазмундагы сын пикир айтылып, партиялык диктатты жою туурасында кескин ойлор айтылып да, маселе кабыргасынан коюлуп да жатты.

Кыргыз ССР коммунисттик партиясынын Борбордук комтитетинин кезектеги Пленуму 10-апрель күнү ишин улантып, партиянын 1-секретары А. Масалиев коммунисттердин башын бириктирүү жана Конституция, партия Уставына өзгөртүү киргизүү туурасында доклад жасаган.

Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин 1-сессиясы 1990-жылдын 10-апрель күнү ишин баштаган. Сессияда кыргыз калкынын мамлекет куруу салтына чиркөө болуп келген жаңылыштыктарды түздөө аракети көрүлгөн. Депуттардын чечимине ылайык, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин төрагалыгына Абсамат Масалиев, ал эми Министрлер советинин төрагалыгына Апас Жумагулов шайланган.
Г. Нуров, П. Балтин, Ж. Самагановдордун «Космополитизм и рецидивы буржуазного национализма в работе Т. Саманчина» деген макаласы Советская Киргизия газетасынын 1949-жылдын 10-апрель күнкү санына жарыяланган.

Макалада Тазабек Саманчиндин «Манас» дастанын даазалаган, масасчыларды изилдеген эмгектери кескин сынга алынган. Партиялык сын жаргылчагынан кийин буга чейин үзүрлүү эмгектенип, мазмундуу чыгармаларды жараткан Т. Саманчиндин ишине бөгөт коюлган жана андан кийин ал изилдөөчүлүк шугулдануусун дээрлик токтоткон.

Бишкектин Алатоо аянтында Кыргыз мамлекетүүлүгүнүн 2200 жылдыгына багышталган туу көтөрүү салтанаты 2003-жылдын 10-апрелинде өткөрүлгөн.

Чуулгандуу 2005-жылкы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстандын саясий турмушу шакардай кайнап турду. Бишкек шаарынын туш тарабында жер басып алуу өнөкөтү күч алып, кечээ тигил жер, бугун бул жерлер тартылып алыныптыр деген согуш билдирүүсүндөй кабарлар түшүп турган.

Саясий кымгууттук маалында адагенде жапа тарткан тарап карапайым калк болгон. Бишкектин айланасында орун алган жеке менчик ээлери үчүн алеки заматта мүлкүнөн айрылуу коркунучу жаралган. Калктын кызыкчылыгын коргоого батынган айтылуу каскадер Үсөн Кудайбергенов 2005-жылдын 10-апрелинде белгисиз адамдар тарабынан үйүндө атылып өлтүрүлгөн.

Англия мамлекетинде 1710-жылдын 10-апрелинде автордук укукту коргоо туурасындагы дүйнөдөгү биринчи мыйзам кабыл алынган.
Америкалык Уолтер Хант 1849-жылдын 10-апрель күнү төөнөгүчтү патенттеген. Практикалык мааниси зор тапкычтык Уолтер Ханттын адамдык сапатына байланыштуу жасалган. Таанышынан алган 15 долларды кайтарыш үчүн колу жөндөмдүү Уолтер Хант жез зымдан төөнөгүч жасай койгон. Төөнөгүчтүн практикалык колдонуш тармагын туйган Уолтер дароо аны патенттеп, ал үчүн 400 доллар алган.

Дүркүрөп өнүгүп бараткан коммерциясын археологияга алмаштырган 48 жаштагы Генрих Шлиман 1870-жылдын 10-апрелинде Трояны казууга киришкен. Троя шаары туурасында Гомердин көөнөргүз эпосунда эскерилип, ал эзелтеден окумуштуулардын көңүлүн буруп келген.

Царицын шаары 1925-жылдын 10-апрелинде Сталинград болуп өзгөртүлгөн. Советтер Союзунун тарыхында тирүү адамдын ысмы менен шаарларды атоо салты ушул мезгилден тарта киргизилген. Сталиндин өз убагында Царицын шаарынын партиялык көзөмөлдөөчү катары эмгектениши ага шаар аталышын өзгөртүүгө формалдуу укук берген.

Россия Федерациясынын парламент спикери Руслан Хасбулатов 1993-жылдын 10-апрель күнү «Добрый вечер, Москва!» программасына катышып, алып баруучунун суроосуна «Бул киндиктен төмөнкү мыйзам чыгаруучу органга уруш»,-деп фрейддик стилде жооп берген.
XS
SM
MD
LG