Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:38

15-апрель: Тарых барактары


Атактуу италиялык сүрөтчү, инженер, математик, астроном, архитектор жана геолог Леонардо да Винчи 1452-жылдын 15-апрелинде жарык дүйнөгө келген

Атактуу италиялык сүрөтчү, инженер, математик, астроном, архитектор жана геолог Леонардо да Винчи 1452-жылдын 15-апрелинде жарык дүйнөгө келген

Кыргыз искусствосунун алтын казынасына алынган «Айчүрөк» операсынын бетачаары 1939-жылдын 15-апрелинде Фрунзе шаарында өткөрүлгөн. СССР Министрлер кеңешине караштуу Мамлекеттик штат комиссиясы 1948-жылдын 15-апрелинде Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министрдигинин кызматтык штатын белгилеген.

Кыргыз областтык наркомунун Фрунзе шаардык почта иштери 1929-жылдын 15-апрелинде почта кабарларын үйгө жеткирүү кызматын ачуу туурасында токтом кабыл алган. Токтомдо почтаны үйгө жеткирүү үчүн кошумча акча алуу маселеси каралгандыктан, аталган кызмат башында шаардыктардын купулуна толгон эмес.

Кыргыз искусствосунун алтын казынасына алынган «Айчүрөк» операсынын бетачаары 1939-жылдын 15-апрелинде Фрунзе шаарында өткөрүлгөн. Көрүнүктүү композиторлор-В. Власов, А. Малдыбаев, В. Ферелер биринчи кыргыз операсын «Семетей» эпосунун негизинде жазышкан. Кийин ал 1939-жылы Москва шаарында өткөн Кыргыз искусство жана адабиятынын Декадасында көрсөтүлүп, көраармандардын купулуна толгон.

Кыргыз ВКП (б) обкомунун имаратына көчүрүлгөн архивдик материалдар тийиштүү мекемелердин шалаакылыгынын айынан 1936-жылдын бул күндөрү жоголуу коркунучуна кириптерленген. Обком имаратына Кыргызстан коммунисттик партиясы менен комсомолдук уюмдардын ишкердигин чагылдырган архивдик материалдар ташылып келген. Бирок иш тартибинде жолу ачылган башаламандык айынан айрым документтер айрылып, беттери тытылган. Ал түгүл Кыргызстандагы коммунисттик партиянын 1920-жылга чейинки ишкердигин чагылдырган материалдар жигин таптырбай жоголуп кеткен.

СССР Министрлер кеңешине караштуу Мамлекеттик штат комиссиясы 1948-жылдын 15-апрелинде Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министрдигинин кызматтык штатын белгилеген. Жаңы көрсөтмөгө ылайык Тышкы иштер министрдигинде 5 адам үчүн кызмат орду ачылган. Тутлис П. А.-министрдин жардамчысы, Кулов Ш. К.-биринчи катчы, Никишев П. П.-экинчи катчылык кызмат ишине киришишкен.

Совет мезгилинде медициналык максатта Кыргыстан аймагына эгилген апийим агромаданияты кийин наркоманиянын күч алышына себеп болгон. Кыргыз ССР Жогорку кеңеш Президиумунун 1962-жылкы апийимди колдонууга каршы кабыл алган жардыгына карабастан, наркомандардын саны өскөн.

КПСС Борбордук Комитетинин демилгеси менен Фрунзе шаарында өткөрүлгөн республикалар аралык эки күндүк семинардын иши 1966-жылдын 15-апрелинде соңуна чыккан. Семинар ишине укук коргоо органдарынын жетекчилери катышып, наркозаттарды чектөө жана наркомандарга каршы күрөшүү чаралары белгиленген.

Кыргызстан тараптан билдирүү жасаган министрдин биринчи орун басары О. П. Туралиев, Саламаттык сактоо министрлигинин башкы психиатору, профессор Н. В. Кантроновичтер республикада апийим эгүүнү токтотуу керектигин белгилешкен.

Француз королу Луи XIV 1689-жылдын 15-апрелинде Испанияга согуш жарыялаган.

Бөтөлкө ачкыч 1738-жылдын 15-апрелинде ойлоп чыгарылган.

Атактуу италиялык сүрөтчү, инженер, математик, астроном, архитектор жана геолог Леонардо да Винчи 1452-жылдын 15-апрелинде жарык дүйнөгө келген. Болочок чебердин киндик каны Винчиге жакын Анкиано жергесине тамган. Леонардонун фамилиясы болбогондуктан, ал Винчи же болбосо Винчи жергесинен деген лакап ысым алган.

Анын 25 жаштагы нотариус атасы Пьеро дыйкандын кызы Катерина менен жашап, андан Леонардо төрөлгөн. Леонардо башында апасы менен жашап, бирок атасы бай кызга үйлөнгөндөн кийин энесинен бөлүнгөн. Адистердинйтымында энесинин элеси Леонардонун чыгармаларын өмүр бою коштоп жүргөнү байкалбай койбойт.

Айтылуу орус акыны Николай Гумилев 1886-жылдын 15-апрелинде туулган.
XS
SM
MD
LG