Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:15

17- апрель: Тарых барактары


Никита Хрущев менен Фидель Кастро. С. Алтаевдин сүрөтү
Никита Хрущев менен Фидель Кастро. С. Алтаевдин сүрөтү

Айрым тарыхый маалыматтарда казак ханы Кененсары 1848-жылдын 17-апрель күнү кыргыздарга каршы чапкын баштаган. Пишпек шаар жетекчилиги жана окумуштуулардын демилгеси менен 1902-жылдын 17-апрелинде уезддик борбордо Токой күнү белгиленген.

Айрым тарыхый маалыматтарда казак ханы Кененсары 1848-жылдын 17-апрель күнү кыргыздарга каршы чапкын баштаган. Кээ бир кыргыз тарыхчыларынын эмгектеринде Кененсары бул күнү арбын кол топтоп, кыргыздардын солто уруусуна кол салгандыгы айтылат. Россиянын архивдик материалдарында тескерисинче, Кененсары бул убакта кыргыздар тарабынан туткундалып, анын тагдыры чечилип калган. Кыргыз санжыраларында Кененсарынын чапкыны жана бейкүнөө калктын азап-шору, эки тарап ортосунда жүргөн согуш аракеттери жана Ормон хандын аскер тактикасы кең-кесири баяндалат.

Пишпек шаар жетекчилиги жана окумуштуулардын демилгеси менен 1902-жылдын 17-апрелинде уезддик борбордо Токой күнү белгиленген. Токой маселеси менен шугулданган илим адамдары жана пишпектик окууучулар Эмен паркына эсепсиз бак отургузушкан. Анын натыйжасында азыркы борбордо орун алган ажайып парктын жап-жашыл пайдубалы түптөлгөн.

Жетисуу областына караштуу Пишпек уездинин адамдары 1905-жылдын бул күнү Аскер старшинасы Шабдан Жантаевдан аларга жер бөлүп берилишин өтүнүп кайрылышкан. Алар Шабдан Баатырдан жер маселесин орус падышасына билдирип, кыргыздардын муктаждыгын бийликке жеткиришин суранышкан. Шабдан Баатырдын Пишпек уездинин начальнигине жазган катынын мазмунунуна караганда, ал мындай маселенин көтөрүлүшүн туура көрбөй, жер сураган адамдарга уезздеги саясий кырдаалды түшүндүрүп депутацияны кайра жолго салган.

Бүткүл түркстандык мусулмандардын I курултайы 1917-жылдын бул күнү Ташкент шаарында ишин уланткан. Курултай өткөрүү демилгесин мусулмандардын буржуазиялык уюму аталган «Шуро-и исламия» көтөрүп, анын ишине 150 депутат катышкан. Курултайда чыгып сүйлөгөн Ахмат Зеки Велиди Тоган, Мустафа Чокаевдер Убактылуу өкмөткө мамиле, мусулман окуу жайларынын абалы, билим берүү проблемалары сыяктуу көйгөйлүү маселелерди козгошкон.

Сүлүктү жергесинде орун алган таш көмүр кени 1924-жылдын 17-апрелинде «Түркстандын келечек жылыткычы» деп таанылган. Түркстан республикасынын борбордук органы эсептелген «Түркстанская правда» газетасы Сүлүктү таш көмүрүнүн сапатын жогору баалап, анын күндүк өндүрүмүн 20 миң пудга жеткирүү демилгесин көтөргөн.

Фрунзе шаардык Аткаруу комитетинин 1961-жылдын 17-апрель күнкү чечимине ылайык мурдагы Фергана көчөсү Юрий Гагарин атындагы аталышка өзгөртүлгөн.

Ош областынын Карасуу районундагы 2003-жылдын бул күнкү жүргөн жер көчкүдөн беш баланын өмүрү үзүлгөн. Каргашага кабылган балдар мектеп жашындагы окуучулар болушкан.

Христофор Колумб 1429-жылдын 17-апрелинде Испания королу Фердинанд жана королева Изобелла менен океандын батыш тарабы аркылуу Индияга кетчү деңиз жолун өзүнө ыйгаруу укугун берген келишимге кол койгон. Келишимге ылайык король Христофор Колумбга дворяндык титул эле ыйгарбастан, аны жаңы ачылган аймактардын королу деп жарыялоого жана олжонун ондон бир бөлүгүн ыйгарууга макулдугун берген.

Америкалык агартуучу, мамлекеттик ишмер жана Кошмо Штаттардын эгемендик Декларациясынын авторлорунун бири- Бенджамин Франклин 1790-жылдын 17-апрель күнү дүйнөдөн кайткан.

М. М. Сперанский жетектеген топ 1830-жылдын 17-апрель күнү Россия империясынын мыйзамдар жыйнагынын 46 томдугун толугу менен бүткөрүшкөн. Николая I мыйзамдарды кодификациялоо максатында атайын бөлүм ачкан жана аны жетектөө иши мамлекеттик ишмер М. М. Сперанскийге жүктөлгөн. Россия империясынын мыйзамдар жыйнагын басуу 1828-жылдын 1-май күнү башталып, ал иш 1830-жылдын 17-апрелинде соңуна чыккан. Көлөмү жагынан эбегейсиз жана мааниси боюнча мамлекеттик масштабдагы иштин аткарылышы Николая I чексиз ыраазы кылган. Император өзүнүн Андрей Первозванный орденин чечип, аны Михаил Сперанскийге таккан жана ченемсиз эмгеги үчүн Сперанскийге графтык мансаб берген.

Сирия мамлекети француз бийлигинен күңкорсуздук абалга 1946-жылдын 17-апрелинде жетишкен.

Александр Дубчек 1969-жылдын 17-апрелинде Чехословакия компартиясынын төрагалыгынан алынган.

В. И. Лениндин атактуу «Апрель тезистери» 1917-жылдын 17-апрель күнү чыгармачыл марксистерге баяндалган.
Квебек шаары 1856-жылдын 17-апрелинде Канаданын борбору болуп жарыяланган.

Н. Чемберлен аттуу англис адамы 1875-жылдын 17-апрелинде «снукер» аталган бильярд оюнун ойлоп тапкан. Оюн аталышы армиядагы жаңы жоокерге берилчү шакаба ысымдан алынган. Уламышка караганда Н. Чемберлен менен бирге бильярд ойногон ыксыз оюнчуну «снукер» деп тамашалашчу экен.

Айтылуу «В мире животных» программасы 1968-жылдын 17-апрель күнү эфирге чыккан.

Польшадагы «Солидарность» профсоюз уюму 1989-жылдын 17-апрелинде легалдашкан.

Жападан жалгыз жашоо убактысында КПСС Борбордук комитетинин генералдык секретардык кызматынан бошотулган Еикита Хрущев 1894-жылдын 17-апрелинде жарык дүйнөгө келген.

Бүгүн гемофилиянын Бүткүл дүйнөлүк күнү. Гемофилия күнүн белгилөө жөрөлгөсү Бүткүл дүйнөлүк гемофилия федерациясы менен Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмдарынын 1989-жылкы демилгесине ылайык жасалып келет. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда жер шаарында азыр 400 миң чамалуу адам гемофилия дарты менен оорушат.

Кубалык контрас менен америкалык жалданма аскерлер ЛыфекшKastr


XS
SM
MD
LG