Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

28-апрель: Тарых барактары


Фашисттик диктатор Бенито Муссолини 1945-жылдын 28-апрелинде атылган
Фашисттик диктатор Бенито Муссолини 1945-жылдын 28-апрелинде атылган

Кыргыз АССР Кеңешинин Экинчи съезди 1929-жылы Фрунзе шаарында өткөрүлүп, Автономиялык Республиканын Конституциясы кабыл алынган. «Туркестанские ведомости» газетасынын биринчи саны 1870-жылдын бул күнү Ташкент шаарында жарык көргөн. Лидия менен Мидия хандыктары ортосундагы согуш б. з. ч. 585-жылдын 28-апрелинде болгон күн тутулуудан токтогон. 28-апрель эмгекти коргоонун Бүткүл дүйнөлүк күнү катары белгиленет.

«Туркестанские ведомости» газетасынын биринчи саны 1870-жылдын бул күнү Ташкент шаарында жарык көргөн. Ал Түркстан аймагындагы колониалдык бийликтин расмий маалымдоо каражаты катары, Россиянын ички саясий көз карашын чагылдырган жана чөлкөмдөгү коомдук, чарбалык турмушту кабарлаган. Мындан тышкаары гезитте араб графикасы менен «Приложения» деп аталган тиркемесинде өзбек тилинде материалдар жарыяланып турган.

Мамыр баштаган каракулжалык кыргыздар 1874-жылдын бул күндөрү Кокон хандыгына каршы козголушуп, Анжыяндан 8 чакырым алыстыктагы Курган бадамды басып алышкан. Козголоңчулардын саны 5-6 миңге чамалап, аймактагы Кокон бийлигине коркунуч жараткан. Муну туйган Худаяр хан аларга каршы 2 миң сарбазды аттандырып, козголоңду басууга жетишкен.

Кыргыз АССР Кеңешинин Экинчи съезди 1929-жылы Фрунзе шаарында өткөрүлгөн. Съезд 25-апрелде ишин баштап, 30-апрелде соңуна чыккан. Кеңештин ушул күнкү жыйынында Автономиялык Республиканын Конституциясы талкууга алынып, жыйындын төртүнчү күнү делегаттар Негизги мыйзам жана мамлекеттик символдор айланасында пикир алмашышкан.

Кыргыз ССРинин өкмөт башчысы Төрөбай Кулатов 1944-жылдын 28-апрелинде өткөн СССР Жогорку Кеңешинин X сессиясында сөз сүйлөп, республиканын эмгекчилери фронтко 300 вагон белек, аскерлер үчүн 600 миңден ашык кийим-кече, самолет жана танктарды жсаоого 200 млн рубль акча бергендигин билдирген.

СССР Жогорку Советинин Президиуму 1976-жылдын 28-апрелинде «Н. К. Крупская атындагы» Орус драма-театрын «Эл достугу» ордени менен сыйлоо туурасында Жардык чыгарган.

Эларалык эмгек уюмунун (МОТ) 2001-жылкы чечимине ылайык, 28-апрель эмгекти коргоонун Бүткүл дүйнөлүк күнү катары белгиленет. Эларалык эмгек уюму жумушчу орунундагы өлүмдүн санын азайтуу үчүн иш маданиятын арттыруу максатында атайын майрамдык жөрөлгө уюштурган.

Мындай кадам аркылуу Эларалык эмгек уюму дүйнө коомчулугун көңүлүн буруу максатын көздөгөн. Эларалык эмгек уюмунун тактоосуна караганда иш орунундагы кырсыктан ар күнү 5000, бир жылда 2ден 2, 3 млн адамга чейин өлүмгө дуушар болушат. Ошондой эле жыл сайын 270 млн адам жаракат алат.

Туугандашкан шаарлардын Бүткүл дүйнөлүк федерациясы 1957-жылдын 28-апрелинде негизделген жана буга багышталган майрам салтанаты, ар жылкы апрель айынын соңку жекшембисинде белгиленип келет.

Лидия менен Мидия хандыктары ортосундагы согуш б. з. ч. 585-жылдын 28-апрелинде болгон күн тутулуудан токтогон.

Француз ойлоп тапкычтары Б. Лонуа менен Ж. Бьенвеню 1789-жылдын 28-апрелинде өзү уча турган вертолеттун моделин көрсөтүшкөн.

Таитиге багыт алган англис королдук флотундагы «Баунти» кемесиндеги айтылуу козголоң 1789-жылдын 27-апрель күнү чыккан. Кеменин капитаны Уильям Блайдын наадандыгына нааразы болгон офицерлер менен моряктар, анны 18 жакын жолдоштору менен кайыкка отургузушуп, ачык деңизге калтырышкан.

Санкт-Петербургдагы Педагогикалык институт 1804-жылдын 28-апрелинде ачылган.

Атактуу полководец, Георгий орденинин толук кавалерии Михаил Илларионович Голенищев-Кутузов 1913-жылдын 28-апрелинде дүйнөдөн кайткан.

1896-жылы Дж. Дункан адрестей турган машинаны, 1914-жылы Каррьер кондиционерди патенттеген.

Лондондогу атактуу «Уэмбли» футбол стадиону 1923-жылдын 28-апрель күнү ачылган.

Фашисттик диктатор Бенито Муссолини 1945-жылдын 28-апрелинде атылган.

Кант кызылчасынан кум шекерди чыгаруу технологиясын ойлоп тапкан немец химиги Франц Карл Ашар 1753-жылдын 28-апрелинде жарык дүйнөгө келген.

Гаагадагы Эларалык эркин сотту куруучулардын бири, Нобель сыйлыгынын лауреаты Табиас Ассер 1838-жылдын 28-апрелинде туулган.

Фотожурналистиканын негиз салуучуларынын бири-немец фотографы жана журналист Эрих Саломон 1886-жылдын 28-апрелинде жарык дүйнөгө келген.

XS
SM
MD
LG