Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:49

5-май: Тарых барактары


5-майда Карл Маркс жарык дүйнөгө келген
5-майда Карл Маркс жарык дүйнөгө келген

Кыргызстан Республикасынын Конституциясы Жогорку Кеңештин 1993-жылдын 5-май күнү өткөн он экинчи сессиясында кабыл алынган. «Правда» гезитинин биринчи саны 1912-жылдын 5-майында жарык көргөн. Коммунисттик окуунун негиз салуучусу, философ, экономист жана саясий журналист Карл Генрих Маркс 1818-жылдын 5-май күнү жарык дүйнөгө келген.

Жогорку Кеңештин 1993-жылдын 5-май күнү өткөн он экинчи сессиясында Кыргызстан Республикасынын Конституциясы кабыл алынган. Консититуция долбоорун даярдоого кыргызстандык жана эларалык эксперттер тартылып, адистердин айтымында башкы мыйзам дүйнөлүк талаптарга, демократиялык принциптерге толук жооп берген.

Верный, азыркы Алматы шаарында 1918-жылдын 5-майы күнү «Новая эра» аталган коммуна уюшулган. Кийин эмгекчилердин башын бириктирген мындай уюмдар Пржевальск уездинде курула баштаган.

Айтылуу окумуштуу жана ойлоп тапкыч академик Арстанбек Алтымышбаев 1930-жылдын 5-майында жарык дүйнөгө келген. Академик Алтымышбаев Кемин районунун Кара - Булак кыштагында көз жарып, кийин медицина институтун бүтүргөн соң ал эмгек чыйырын фармацевтика багытына боолжогон. Арстанбек Алтымышбаев илим изилдөөчү жана ойлоп тапкыч катары Кыргызстандын экономикасына, илимге зор салым кошкон. Академик А. Алтымышбаевдин 20дай чамалуу ойлоп тапкандары өндүрүшкө киргизилип, анын айтылуу «Арашан» бальзамы убагында атагы алыска ааламга тараганы маалым.

Май айынын 5-таанымал окумуштуу филология илимдеринин доктору, профессор Муктар Борбугулов 79-толмок. М. Борбугулов 1930-жылы Сузактын Кыз Көл кыштагында жарык дүйнөгө келген. Ал өз убагында «Ала Тоо» журналы, Улуттук университет, Илим академиясында иштеп, ондогон көркөм чыгарма, монография жана илимий-популярдуу макалаларды жазууга жетишкен.

Советтер союзундагы биринчи ДОСААФ ыктыярдуу коому 1947-жылдын 5-майында Ленинград шаарында уюшулган. Кийин мындай бирикмелер Кыргызстанда да курулуп, анын ишмердиги республиканын бүткүл аймагына тарап, ДОСААФ кыймылы кулач жайып өскөн.

«Правда» гезитинин биринчи саны 1912-жылдын 5-майында жарык көргөн. Советтер Союзунда 5-май басма күнү катары белгиленип келген. «Правда» гезити Кыргызстан аймагына да тарап, анын беттеринде республикага байланышкан материалдар жарыяланып, өз маалында атактуу жазуучу Чынгыз Айтматов «Правданын» Кыргызстандагы корреспонденти болуп иштеген.

5-май Европа күнү катары белгиленет. Франциянын тышкы иштер министри Робер Шуман 1950-жылы европалык интеграция идеясын жарыялаган жана бул себептен 5-май Евросоюз идеясынын жаралышы деп эсептелинет.

Стокгольм шаарында V Олимпиядалык оюндар 1912-жылдын 5-май күнү ачылган. Олимпиадалык оюндарга 28 өлкөнүн спортсмендери катышып, биринчи жолу олимпиадалык ачылышы жана жабылыш салтанаты өткөрүлгөн.

Американын Дейтон шаарында 1925-жылдын 5-май күнү 24 жаштагы мектеп мугалими Джон Скоупс камакка алынган. Мугалимдин камакка алыныш себеби, ал Теннеси штатында тыю салынган Чарльз Дарвиндин эволюциялык теориясын окутууга батынган. Эки ай өткөндөн кийин мугалимге карата сот иши башталып, ал дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурган «маймылдык» сот процессии атыккандан кийин барып токтотулган.

Кызыл Армия Академиясынын бүтүрүүчүлөрүнүн урматына деп ар жылы өткөрүлчү кабыл алуу маалында 1941-жылдын 5-май күнү И. Сталин «Артиллерия-согуш кудайы!» деген сөзүн айткан.

Коммунисттик окуунун негиз салуучусу, философ, экономист жана саясий журналист Карл Генрих Маркс 1818-жылдын 5-май күнү жарык дүйнөгө келген. Болочок коммунисттин киндик каны Пруссиянын Трир шаарына тамган. Анын илимий эмгектери жана макалалары философиядагы диалектикалык, тарыхый материализмдин калыптанышына, ал эми экономикада болсо кошумча нарк теориясынын, саясат багытында таптык күрөш теориясынын калыптанышына негиз болгон. Аталган илимия багыттар чогулуп коммунисттик кыймылды туюнткан «марксизм» окуусун жараткан.

Эпосторду изилдөө багытында сиңирген эмгеги үчүн 1905-жылы Нобель сыйлыгына арзыган польяк жазуучусу Генрих Сенкевич 1846-жылдын 5-май күнү туулган.

Электрондук телевидениенин негиз салуучусу Борис Львович Розинг 1869-жылдын 5-майында жарык дүйнөгө келген.

XS
SM
MD
LG