Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

11-май: тарых барактары


Бишкек (мурдагы Фрунзе)
Бишкек (мурдагы Фрунзе)

1926-жылдын 11-май күнү Пишпек шаары Фрунзе аталышына өзгөртүлгөн. Советтер Союзу менен Япония ортосунда согуш 1939-жылдын 11-май күнү башталган. «Сиамдык эгиздер» аталышынын жаралышы 1811-жылдын 11-майында жарык дүйнөгө келген Чанг жана Энг Банкерлерге байланыштуу.

Батыш-Сибирь генерал-губернатору Г. Х. Гасфорд Ормон ханга Или дарыясынын боюна көчүп келишине уруксат берүү туурасында өтүнүч кат менен 1852-жылдын 11-майында Россия Тышкы иштер министрлигинин Азия департаментине кайрылган.

Кайрылууда Ормон ханга жасалчу мындай ырайым, анын казак султаны Кененсары Касымовду жоготкондугунун урматына көрсөтүлөт деп белгиленет. Мындан тышкаары бул жердин кыргыздарга берилиши бир ары, империя кызыкчылыгына дал келсе, экинчи жагынан, кыргыздарды өзүбүзгө тартып, жакындатуу максатын көздөйт,-деп айтылат аталган кайрылууда.


Сузак, Карасуу, Жалалабад участкаларында 1918-жылдын бул күндөрү эмгекчилердин «Кызыл ай», «Айкап» аталган коомдук уюмдары уюшулган.

Фрунзе шаарында 1926-жылдын бул күндөрү аялдардын тең укуктуулугун орнотуу үчүн кыймыл башталган. Адамзаттын ажайып өкүлдөрү Фрунзе округунда орун алып келген теңсиздикти жоюш үчүн чечкиндүү аракет жасоого киришкен. Адегенде, алар «тоок - куш эмес, аял - адам эмес» деген эркектердин айыбын ашкерелешип, аялдарды коомдук, саясий турмушка тартып, жетекчи кызматтарга көтөрүү демилгесин көтөрүп чыгышкан.

В. И. Лениндин Кызыл армияга орус эмес калктардын өкүлдөрүн чакыруу жардыгына жараша 1920-жылдын бул күндөрү Кыргызстан аймагында аскерге алуу жана атчандар кавалериясын куруу багытында агитация иштери жүргүзүлгөн.

Бүткүл союздук Борбордук Аткаруу комитетинин 1926-жылдын 11-май күнкү чечимине ылайык Пишпек шаары Фрунзе аталышына өзгөртүлгөн. Ошентип шаардын чыгыштык аталышынан айрылышы анын батыштык үлгүдө келишкен маданият ордосуна айланышына багыт берген.

Советтер Союзу менен Япония ортосунда согуш 1939-жылдын 11-май күнү башталган. Халхин Гол үчүн согушка кыргызстандык жоокерлер да катышып, алар улуу жеңишти камсыз кылууда өз салымдарын кошушкан.

Кыргызстандын борбору Фрунзе шаарына жаңы технологиялык жаңылык 1976-жылдын бул күндөрү келген. «Кыргызстан» мейманканасынын так чокусуна жүгүртмө реклама орнотулуп, анда республикада жана Фрунзе шаарында болгон жаңылык, жардыктар жарыяланып турган.

Бишкек шаарында биринчи жолу «Кыргызстан-99» аталган эларалык жарманке 1999-жылдын 11-май күнү ачылган. Жарманкеге Кыргызстандын ишканалары жана чет элдик өнөр жай продукциялары көргөзүлүп, ишкерлер арасында соода байланыштын жаралышына өбөлгө түзүлгөн.

Христиандык ишенимди кабыл алган чыгыш Рим императору Улуу Константин байыркы гректердин Византия колониясынын ордуна империянын жаңы борборун негиздеп, 330-жылдын 11-май күнү ага Константинополь аталышын берген.

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Гарри Трумэн 1945-жылдын 11-май күнү капыстан туруп Советтер Союзунуа ленд-лизди токтоткон.

Сиам королдугу 1949-жылдын 11-майында жаңыча Таиланд аталган.

Израилдик чалгынчылар 1960-жылдын 11-май күнү нацисттик кылмышкер Адольф Эйхманды Буанес-Айрестен кармашып, аны жашыруун өлкө тышына чыгарышып Израилге алып келишкен.

Ашыкча мактаанчактык менен алдамчылыктын үлгүсү саналган Карл Фридрих Иероним фон Мюнхаузен 1720-жылдын 11-май күнү жарык дүйнөгө келген.

«Сиамдык эгиздер» аталышынын жаралышы 1811-жылдын 11-майында жарык дүйнөгө келген Чанг жана Энг Банкерлерге байланыштуу. Мурдагы Сиам, азыркы Таиланд мамлекетинде жарык дүйнөгө келген эгиздер бири-бири менен биригип төрөлгөн.

Белинен бириккен эгиздер медицина дүйнөсүнө жаңылык алып келген. Сиам өлкөсүнүн королу эгиздерди өлтүртүүгө буйрук берген. Бирок балдардын энеси аларды чанбай багып алгандыгына байланыштуу король мурдагы жардыгын кайра алганга мажбур болгон.
XS
SM
MD
LG