Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:17

12-май: Тарых барактары


Көрүнүктүү коомдук-саясий ишмер Абыдкерим Сыдыков
Көрүнүктүү коомдук-саясий ишмер Абыдкерим Сыдыков

Түркстан коммунисттик партиясынын Борбордук комитети 1924-жылдын 12-майында Абдыкерим Сыдыковду «коомдук жат элемент» катары партиядан чыгарган. 12-май медициналык сестралардын Бүткүл дүйнөлүк күнү. Гитлердик Германия 1940-жылдын 12-май күнү Францияга кол салган.

Пишпек уезддик Кеңеши 1918-жылдын бул күнү контрреволюциячыл «Алаш ордо» уезддик кеңешин жоюу чечимин кабыл алган.

Түркстан коммунисттик партиясынын Борбордук комитети 1924-жылдын 12-майында Абдыкерим Сыдыковду «коомдук жат элемент» катары партиядан чыгарган. А. Сыдыковго өз маалында Пишпек уезддик начальнигинин жардамчысы болгон, пишпектик эсерлер фракциясынын Кеңешинде иштеген деген кине коюлган.

РСФСР Борбордук аткаруу комитети 1926-жылдын 12-майында Пишпек шаарын Фрунзе аталышына өзгөртүү туурасында Токтом кабыл алган. Шаар аталышынын өзгөртүлүшү М. В. Фрунзенин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу күн тартибине коюлган.

Пишпектиктер улуу жердешинин өлүмүнө кайгырышып, шаарды анын урматына «Фрунзеград» деп атап алышкан. Жогоруда айтылган Токтомдо шаарды кыскача «Фрунзе» деп атап, мындан тышкаары «каракыргыз жолдошторго» ВЦИКтен озунуп өз алдынча шаар аталыштарын өзгөртбөгүлө деген эскертүү айтылган.

Кыргыз Улуутук музыкалык театрынын биринчи бетачары 1937-жылдын 12-майында өткөрүлгөн. Кыргыз Улуттук музыкалык театры өзүнчө чыгармачыл бирдик катары Кыргыз драма театрынан бөлүнүп, премьера күнү Владимир Власов менен Владимир Ференин чыгармасына коюлган «Алтын кыз» музыкалык драмасы көрүүчүлөргө тартууланган.

«Алтын кыз» музыкалык драмасынын премьерасы коюлган 12-май Опера жана балет театрынын өз алдынча чыгармачыл топ катары түптөлүш күнү катары эсептелинет.

Душанбе шаарында 1991-жылдын 12-май күнү «Демократиялык конгресс» ишин баштаган. Конгресске Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан өлкөлөрүндөгү демократиялык партиялар катышып, Борбордук Азия аймагына демократиялык принциптерди жайылтуу маселеси каралган.

12-май медициналык сестралардын Бүткүл дүйнөлүк күнү. Майрамга 100 жыл чамалуу болгонуна карабастан, аны белгилөө жөрөлгөсү 1971-жылдан бери гана ырааттуу жүргүзүлүп келет. Медициналык сестралардын кызматы биринчи жолу англичан айымы Флоренс Найнтингейл тарабынан Кырым согушунун маалында колдонулган. Эларалык Кызыл Крест уюму эки жылда бир жолу 50 медсестрага Флоренс Найнтингейл атындагы жогорку сыйлык тапшырат. Медсестралардын күнү Кыргзстанда болсо 1993-жылдан бери белгилене баштаган.

«Пирке реакциясы» аталган кургак учукка каршы диагностикалык тестти сунуш кылган австриялык педиатор Клеменс Пирке 1874-жылдын 12-май күнү жарык дүйнөгө келген.

Евангелияны орусча котормосу үчүн жарым жылдан ашык убактысын короткон китеп устаты Григорий 1057-жылдын 12- май күнү кол жазманы толугу менен бүткөргөн. Тарыхта ал Григорийдин чокунганга чейинки ысмы менен «Остромирова Евангелия» деп аталган. Кол жазманын 294 барагы ар түркүн жасалга менен кооздолуп, анын үч жерине Иоанн, Лука жана Марктын келбети тартылган сүрөттөр тиркелген.

Америка континентиндеги биринчи жогорку окуу жайы Лима шаарында 1551-жылдын 12-майында ачылган. Доминикан орденине караштуу монастрдык мектеп бул күнү Сан-Маркос университети болуп өзгөртүлгөн.

Отто фон Бисмарк 1871-жылдын 12-май күнү Германия империясынын канцлердигине дайындалган. Ошентип Бисмарктын 20 жылга уланган жылдыздуу бийлиги өкүм сүргөн.

Гитлердик Германия 1940-жылдын 12-май күнү Францияга кол салган.

Эрнест Хемингуэй 1950-жылдын 12-майында «Нью-Йоркер» журналына интервью берип, адабият майданындагы өмүр жолун төмөнкүдөй жыйынтыктаган: «Мен башында акырын баштап, Тургенивди кулаттым.

Аябагандай машыккандан кийин Мопассанды жеңгенге жетиштим. Стендаль менен эки жолу теңтайлаша кармашып, балким акыркы жолкусунда артыкчылык көрсөттүм окшойт. Анткен менен эч ким мени, акылымдан адашкан күндө да Толстой менен рингге чыгара албайт» деген экен.

Шахмат боюнча дүйнө чемпиондугу үчүн өткөрүлгөн матч-реваншта Михаил Ботвинник 1961-жылдын 12-май күнү Михаил Тальды жеңген.

Советтер Союзунун Куралдуу Күчтөрүнүн сыймыгы эсептелген акыркы СС-20 ракетасы Капустин Ярда жардырылган.
XS
SM
MD
LG