Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:43

Кыргызстан аймагында орун алган айтылуу Каркыра базары 1921-жылдын 13-май күнү ачылган. Фрунзе шаарынын эмблемасын аныктоо үчүн өткөрүлгөн конкурс жыйынтыгы 1969-жылдын 13-майында чыгарылган. Өзбекстандын Анжыян шаарындагы куралдуу көтөрүлүш 2005-жылдын 13-майга караган түнү башталган.

Орус-япон согушунан жапа чеккен империялык бийлик 1904-жылдын бул күндөрү Түркстан аймагында жашаган калктан акча чогултуу компаниясын өткөрүүнү уланткан. Компания «орус-япон согушуна ыктыярдуу жардам» деген ураан менен уюшулуп, орус маалымдоо каражаттарынын кабарлоосуна караганда Түркстан аймагынан арбын көлөмдө жардам көрсөткөн адамдардын бири-Алайда жашаган Курманжан датка болгон.

Совет бийлиги жакынкы коңшулары менен соодай-экономикалык мамилени жакшыртуу максатында 1921-жылдын 13-май күнү айтылуу Каркыра базарын ачкан. Каркыра базары Каракол шаарынан 80 чакырым узактыктагы айтылуу Каркыра жайлоосунда орун алган. Жазма булак маалыматтарына караганда Каркыра жайлоосу нукура кыргыздын жери эсептелинип, базарга келген соодагерлер да «кыргыз жерине» жана «кыргыз базарына» бара тургандыгын кабарлашкан.

Каркыра базары 1916-жылга чейин иштеп, 16-жылкы көтөрүлүш айынан жана Совет бийлигинин орношуна байланышкан оор саясий кырдаалга байланыштуу убактылуу жабылган. Карыкрадагы Биринчи советтик жарманке зор салтанат менен ачылып, ачылыш салтанатка советтик бийлик өкүлдөрү менен кытайлык соодагерлер катышкан.

Фрунзе шаарынын эмблемасын аныктоо үчүн өткөрүлгөн конкурс жыйынтыгы 1969-жылдын 13-майында чыгарылган. Атайын уюшулган жюри комиссиясы жүздөгөн жарышка түшкөн эскиздерди талдап, акыры бул күнү жеңүүчүнүн ысмы белгилүү болгон. Конкурсттук жюринин чечимине ылайык Фрунзе шаарынын эмблемасына шаардын башкы сүрөтчүсү С. Бакашевдин долбоору жактырылган. Жарышта жеңген эмблема аябагандай жупунулугу менен жюри мүчөлөрүнүн купулуна толгон. Эмблемага күндүн нуру шекилиндеги дисктин фонунда желдей жеңил, шамалдай ийкем тулпардын сүрөтү тартылган.

Бишкектин тургундары үчүн 1994-жылдын бул күндөрү борбор шаардын парктары жана сейил бактарында эс алуу үрөй учурган илдетке кабылуу коркунучун жараткан. Шаардык санэпидемиялык станциялардын эскертүүсүнө караганда күндүн ысышына байланыштуу парк жана сейил бактарга оор сыркоо жарата турган энцефалиттик мителер жайылган. Санэпидемиялык станциялардын адистери шаар калкын жаратылышка чыгууну азайтууну, паркка барган күндө да чөкөлөп отурбоону эскерткен билдирүүлөрдү таркатышкан.

Чили мамлекетинин болочок борбору Сантьяго шары 1647-жылдын 13-май күнкү жер титирөөдөн толугу менен талкаланган.
Воронежде курулган «деңиз кербени» 1696-жылдын 13-май күнү Азовго багыт алган. «Деңиз кербенин» капитан Петр Алексеевич өзү баштап, Россия мамлекетинин Чыгышты карай өсүшүнө жол ачкан.

Россия мамлекетинин Сенаты 1783-жылдын 13-майында Михаил Ломоносовду Академиядан түбөлүк бошотуу туурасында жардык алган. Анткен менен Академияны Ломоносовсуз, Ломоносовду Академиясыз элестетүү мүмкүн эмес экендигин түшүнгөндөн кийин окумуштууну илим борборунда калтырышып, жылдын соңунда болсо ага статс кеңешчинин кызматы менен кошо 1875 рубль айлык берилген.

Бразилия мамлекети 1888-жылдын 13-майында кулчулукту жоюу туурасында мыйзам кабыл алган.

Өзбекстандын Анжыян шаарындагы куралдуу козголоң 2005-жылдын 13-майга караган түнү башталган. Куралданган адамдар түрмөнү күч менен ээлешип, эки миң чамалуу кылмышкерлерди эркиндикке коё беришкен. Козголоңчулар областтык администрацияны басып алышып, Анжыянда башаламандык башталган.

Өзбекстан бийлиги 13-майда шаарга аскер киргизип, козголоңчулар менен күч органдары ортосундагы кагылыштан кан төгүлгөн. Аскердик жазалоодон качкан миңдеген өзбекстандыктар Кыргызстанга келип башпаанек сурашкан.
XS
SM
MD
LG