Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:54

2-январь: Тарыхый окуялар


Россиянын расмий бийлик өкүлдөрү коштогон кыргыз элчилери Абдрахман Кучаков, анын уулу Сатынбай жана Шергазылар 1789-жылдын 2-январында Омск шаарына келишкен. Ысык Көлдөгү туризм шартын өнүктүрүү максатында 2003-жылдын 2-январында Семенов капчыгайында лыжа базасы салтанат менен ачылган. Советтер Союзунун жетекчилиги армян калкын коргоо максатында 1990-жылдын 2-январь күнү Азербайжанга аскер киргизген.

Кыргызстандын тарыхый окуялары:

Россия империясы менен кыргыздардын саясий байланышы XVIII кылымдын экинчи жарымынан тарта калыптанып, аны андан ары өнүктүрүүгө эки тарап тең кызыкдар болушкан. Кыргыз калкынын улук бийи Атаке Баатыр жабдыган элчилик 1784-жылы Кыргызстандан чыгып, Омск-Петропавловск-Челяба, Екатеринбург-Москва аркылуу Санк-Петербург шаарына келип орус бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, сүйлөшүүлөр жүргүзүшкөн.

Кыргыз элчилери: Абдрахман Кучаков, анын уулу Сатынбай жана Шергазылар кайра мекенине кайтканда аларды расмий бийлик өкүлдөрү коштоп, 1789-жылдын 2-январында кыргыз элчилиги Омск шаарына келген. Абдрахман Кучаков элчилик ийгиликтүү аяктагандыгын билдирип Омск шаарынан Атаке Баатырга кат жолдогон.

Пулатхан баштаган кыргыздардын XIX кылымдын экинчи жарымындагы Кокон хандыгына каршы көтөрүлүшү падышалык бийликке да зыян келтирээрин туйган аскер аналитиктери козголоңчуларга сокку уруу планын иштеп чыгышкан. Генерал-майор М. Д. Скобелев 2800 аскердик жазалоочу отряд топтоп, козголоңчуларга каршы аскер операциясын баштаган.

Полковник Меллер-Закомельский баштаган жазалоочу отряд 1876-жылдын 2-январында Чулма жана Медресе афтобачи кыштактарын басып алган. Эли качып бош калган Медресе афтобачи кыштак жазалоочу отряд тарабынан өрттөлгөн.

Совет мезгилинин башталыш мезгилинде кыргыз тилин калыптандыруу жана өркүндөтүү багытында бир канча маанилүү иштер жасалган. Алардын бири жана орчундуусу да 1930-жылкы араб тамгасын латын графикасы менен алмаштыруу реформасы болгон.

Ушул жылдын бул күнү жарык көргөн айрым маалымдоо каражаттары кыргыз адабиятын толугу менен латын тамгасына которуу сааты келгендигин жазып чыгышкан.

Ысык Көлдөгү туризм шартын өнүктүрүү максатында 2003-жылдын 2-январында Семенов капчыгайында лыжа базасы салтанат менен ачылган.

Салтанатка катышкан Кыргызстан президенти А. Акаев «Ашар» жолу аркылуу да туризмди эл аралык деңгээлге көтөрүү мүмкүн экендигин белгилеген.

Дүйнөлүк тарых окуялары:

  • Кардинал Ришелье 1635-жылдын 2-январь күнү Француз Академиясын негиздеген.

  • Петра I жардыгына ылайык «Ведомости» аталган биринчи орус гезити 1703-жылдын 2-январында жарык көргөн.

  • Француз фотографы Луи Дагер 1839-жылдын 2-январында биринчи жолу Айды фотоаппаратка тарткан.

  • Тоолуу Бадахшан автономиялык областы 1925-жылдын 2-январында уюшулган.

  • Биринчи жолу Айга багытталган «Луна-1» аталган космос ракетасы 1959-жылдын 2-январында учурулган.

  • Бириккен Улуттар Уюмунун тарыхында биринчи жолу Индонезия мамлекети 1965-жылдын 2-январында таасирдүү эл аралык уюмдун мүчөлүгүнөн чыккан.

  • Советтер Союзунун жетекчилиги армян калкын коргоо максатында 1990-жылдын 2-январь күнү Азербайжанган аскер киргизген.

  • 1822-жылы немец физиги, термодинамиканы ачкан Рудольф Клаузис, 1880-жылы советтик конструктор Василий Дегтярев, 1920-жылы атактуу фантаст Айзек Азимов жарык дүйнөгө келген.

XS
SM
MD
LG