Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:14

8-январь : Тарых барактары


Айтылуу сүрөтчү В. Веращагиндин кыргыз турмушун чагылдырган сүрөт жыйнагы 1894-жылдын бул күнү окуурмандын колуна тийген. Арктикага арналган дүйнөдөгү биринчи «Арктика музейи» 1937-жылдын 8январь күнү Ленинград шаарында ачылган.


Кыргызстандын тарыхый окулары:

Кокон хандыгынын 19-кылымдын экинчи жарымында Россия империясына таянып, калкты ченемсиз эзүүсү Исхак Асан уулу Пулат баштаган кыргыздардын көтөрүлүшүнө алып келген. Кокон ханы Насреддиндин өтүнүчү менен падышалык бийлик ханга жардам көрсөтүш максатында, генерал-губернатор Кауфман жетектеген 1400 жазалоочу аскерди ханга жөнөткөн.

Жазалоочу отряд менен козголоңчулар ортосунда бир канча кан төгүлгөн кагылыш жүрүп, бирок орус аскерлери башында чечүүчү жеңишке жетише алган эмес. Каршылашкан тараптар 1875-жылдын 6-январында Анжыян алдында беттешип, козголоңчулар оор жеңилүүгө дуушар болушкан.

Чүй суусу 1879-жылдын январь айында ташып, муз аралаш суу Токмок шаарын каптай баштаган. Бул күндөрү Токмоктун көчө, базарларын бир метр чамалуу муз каптап, шаар турмушу оордогон. Учурдан пайдаланган жергиликтүү бийлик, буга чейин Токмокто орун алган уезддик борборду 1878-жылы Пишпекке которуу чарасы өз маалында жасалгандыгын билдирүүгө ашыккан.

Айтылуу сүрөтчү В. Верещагиндин кыргыз турмушун чагылдырган сүрөт жыйнагы 1894-жылдын бул күнү окурмандын колуна тийген. В. Веращагиндин Кыргызстанды кыдыруу маалында тартылган «Бай кыргыз аңчы шумкар менен», «Кыргыз кыз», «Ысык Көл жээги», «Барскоон капчыгайы» сыяктуу сүрөттөрү жыйнакка киргизилип, ал искусство күйөөрмандарынын купулуна толгон.

«Ата журт» жана «Кыргызстан патриоттук» кыймылына кирген 40 чамалуу адам жана оппозициячыл саясий партиялардын лидерлери менен бир канча парламент депутаттары 2005-жылдын бул күнү Жогорку Кеңештин кашына пикеткы чыгышкан. Пикетчилер «Атажурт» кыймылынын теңтөрайымы, экс-министр Роза Отунбаеванын укугун коргоп, аны парламенттик шайлоого талапкер кылып каттоону талап кылышкан.

Президент Аскар Акаев 2005-жылкы парламенттик шайлоого утурлай, 8-январда Токмок шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөргөн. Мамлекет башчысы парламенттик жана президенттик шайлоону демократия талаптарына ылайык өткөрүүгө болгон шарттар жасалгандыгын билдирген. Аны менен бирге Кыргызстандагы шайлоону Украина жана Грузиядагы «түстүү революция» өңүтүнө буруу аракети жасалып жатканын белгилеп, Саакашвили жетектеген Грузия бийлиги америкалык филантроп Ж. Соростон айлык алат деп айыптаган.

Таанымал драматург жана котормочу Касымбек Эшмамбетов 1984-жылдын 8-январында жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Дүйнөнүн тарыхый окулары:

Богданом Хмельницкий чакырган Переяславлдагы украин калкынын 1654-жылдын 8-январь күнкү жыйынында Сол жээк Украина Россия менен кошулуу туурасында тарыхый чечим кабыл алынган.

Москва шаарында биринчи орус календары 1709-жылдын 8-январында жарык көргөн. Ушул күндөн тарта Россияда календарлык жыл санак башталып, анда ар күн үчүн божомолдуу сунуштар айтылып турган.

Англо-американдык акыркы салгылаш 1815-жылдын 8-январында болуп, генерал Эндрю Джексон Нью-Орлеанда англичандарды толугу менен талкалаган.

АКШ президенти Вудро Вильсондун 1918-жылдын 8-январь күнкү конгресске кайрылуусунда, тынчтык келишимине арналган айтылуу «14 пункту» сунуш кылынган. Вудро Вильсондун «14 пункттук» сунушунда Кошмо Штаттардын улуттук саясаты, эркин соода жүгүртүү маселеси, Улуттар Лигасын уюштуруу сыяктуу проблемалар камтылган.

Генерал А. Деникин 1919-жылдын 8-январында Ыктыярдуу армия менен дондук жана кубандык казактардын күчүн бириктирсе, Кызыл Армия туптуура бир жыл өткөндөн кийин 8-январь күнү Ростов-на-Дону шаарында деникинчилердин аскердик күчүн толук талкалаган.
Арктикага арналган дүйнөдөгү биринчи «Арктика музейи» 1937-жылдын 8январь күнү Ленинград шаарында ачылган.

КПСС Борбордук комитетинин 1957-жылдын 8-январь күнкү Токтомуна ылайык В.И. Лениндин 55 томдон турган чырамалар жыйнагынын топтомун басуу туурасында чечим кабыл алынган.

14 жаштагы Бобби Фишер 1958-жылдын 8-январында шахмат боюнча Америка Кошмо Штаттарынын чемпиондук наамын жеңип алган.

АКШ президенти Линдон Джонсондун 1964-жылдын 8-январь күнкү конгресске кайрылуусунда коргоо үчүн сарпталчу каражатты кыскартууну сунуш кылган.

Чуулгандуу «Уотергейт» окуясы боюнча сот иши 1973-жылдын 8-январь күнү Вашингтондо ишин баштаган. Демократиялык партиянын кеңсесине тыңшоочу аппараттарды орноткондугу үчүн жети адамдын бул күнү иши каралып баштаган.

Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитет төрагасынын орун басары Мамлекеттик кеңештин төрагасы Чжоу Энь-Ляндын өлүмү туурасындагы кабар Пекин шаарында 1976-жылдын 8-январында белгилүү болгон. Мамлекеттик кеңештин төрагалыгынын милдетин аткаруу коомдук коопсуздук министри Хуа Го-Фэнге жүктөлгөн.

СССР Жогорку Кеңешинин Председатели Л. И. Брежнев1980-жылдын 8-январында А. Д. Сахаровду «СССР мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу» туурасындагы Жардыкка кол койгон.

АКШ президенти Джимми Картер 1980-жылдын 8январында советтик аскерлердин Ооганстанга киришин аалам үчүн экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эң чоң коркунуч катары белгилеген
XS
SM
MD
LG