Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:12

10-январь: Тарых барактары


Батыш Сибирь Аскер-губернатору 1867-жылдын 10-январында кыргыздын бугу уруусунун өкүлүнө улук манап мансабын ыйгаруу маселесин көтөргөн. Биринчи дүйнөлүк согушту жыйынтыктаган Версаль тынчтык келишими 1919-жылдын 10-январь күнү күчүнө кирген.

Кыргызстандын тарыхый окуялары:

Кыргыз жана калмак каршылаштыгы айынан Алай жана Каратегинге сүрүлгөн кыргыз уруулары XVIII кылымдын биринчи жарымында Гиссарга келип жайланышкан. Мусулман аторлорунун жазганына караганда 1636-жылдын 10-январында ай жаңырып, бул күнү кыргыздардын он эки уруу башчылары Балх өкүмдарынын ордосуна келишкен. Аларды Хажим аталык-кытай коштоп, Надир-Мухаммед өкүмдардын кабыл алуусуна киргизген. Кыргыздар Балх өкүмдарына Гиссарда калып, ислам динин кабыл ала тургандыгын билдиришкен. Ыраазы болгон Надир-Мухаммед кыргыз уруу башчыларына чапан жаптырткан.

Батыш Сибирь Аскер-губернатору А. О. Дюгамель 1867-жылдын 10-январында Аскер министри Д. А. Милютинге кыргыздын бугу уруусунун өкүлүнө улук манап мансабын ыйгаруу маселеси менен кайрылган. Кайрылууда кыргыз калкында манап мансабы жогорку бийлик титулу экендиги айтылып, анын кадыр-баркы жогору экендиги белгиленет. А. О. Дюгамелдин жобосуна ылайык бугу уруу өкүлүнө улук манап мансабын ыйгаруу жолу менен аларга таасир тийгизип, ийкемдүү башкарууга амал табылмак.

Шабдан баатырдын империяга өтөгөн кызматы жана Түркстан аймагын өздөштүрүүдө сиңирген эмгегин эске алган орус бийлиги ага Сарыбагыш волостунан сугат жана кайрак жер бөлүп берүүнү туура тапкан. Түркстан генерал-губернатору Аскер министрине милициянын аскер старшинасы Шабдан Жантаевге жер бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылып, Өтүнүч кат 1905-жылдын 10-январында Жериштетүү министрдигине жолдонгон.

Кыргыз Автономиялык областынын VII партиялык конференциясы 1934-жылдын 10-январында ишин баштаган. Конференцияда обком партиянын жылдык отчету угулуп, Автономиялык областтын бир жыл ичинде жумшаган акча каражат чыгым тегерегинде областтык ревизиялык комиссия отчет берган. Мындан тышкаары, малчарбасын өнүктүрүү жана анын өндүрүш базасын куруу сыяктуу маслелер каралган.

Бул күнү 1913-жылы Социалисттик Эмгектин Баатыры Көкөбай Мамбеталиев, 1929-жылы жазуучу Акматбек Солтобаев жарык дүйнөгө келген.

Дүйнөлүк тарыхый окуялар:

Рим сенатынын аскерди куралсыздандыруу туурасында чыгарган. Мыйзамына карабастан Гай Юлий Цезарь б.з.ч. 49-жылдын 10-январь күнү бир легион жана 300 атчан аскер менен Рубиконду кечип өткөн. Рубикон суусу Италия менен римдик империяны бөлгөн табигый чек эсептелген. Ал эми Гай Юлий Цезардын мыйзамды бузуп Рим империясынын аймагына аскер менен кириши өлкөдөгү граждандык согушка жол ачкан. Ошентип «Рубиконду өтүү» кеби болсо, чечкиндүү кадам жасоодо колдонула турган учкул сөзгө айланган.

Британ премьер-министри Гладстоун 1863-жылдын 10-январь күнү Лондон шаарынын жер алдында курулган биринчи темир жол системасынын бир бөлүгүн ачкан.

Германиянын түндүк-батыш аймагында 1919-жылдын 10-январь күнү Бремен Советтик Республикасы уюшулган.

Биринчи дүйнөлүк согушту жыйынтыктаган Версаль тынчтык келишими 1919-жылдын 10-январь күнү күчүнө кирген. Версаль келишиминин ратификацияланышы иш жүзүндө 29 өлкөнүн башын бириктирген Улуттар Лигасынын мыйзамдашуусуна жол ачкан. В. И. Ленин Улуттар Лигасын империалисттик жырткыч мамлекеттердин кызыкчылыгын дүйнөлүк саясатта орнотуу максатында курулгандыгынын жүзүн ачып ашкерелеген.

Советтер Союзу 1950-жылдын 10-январында азыркы Тайвань, мурдагы Формоз аралында орун алган кытай улутчулдар өкүлчүлүгүн Бириккен Улуттар Уюмунан чыгаруу талабын көтөргөн.

Панама өкмөтү 1964-жылдын 10-январында АКШ менен дипломатиялык мамилени токтоткон.

Ташкент шаарында Индия менен Пакистан мамлекеттеринин ортосунда жүргөн төрт күндүк жолугушуу 1966-жылдын 10-январында соңуна чыккан. Ошентип Советтер Союзунун ортомчулугу аркылуу Кашмир жаңжалы токтотулган.

Батыш өлкөлөрү арасынан биринчи болуп Швеция мамлекети 1969-жылдын 10-январында Түндүк Вьетнамдын эгемендигин тааныган.

Калк арасында кадыр-барктуу «Что? Где? Когда?» теле прогаммасынын биринчи жазылышы 1975-жылдын 10-январында жасалган.

Россия Федерациясы 1992-жылдын 10-январында нан менен сүткө карата туруктуу бааны жойгон.

Брюссель шаарында 1994-жылдын 10-январь күнү НАТО уюмунун «Тынчтык үчүн кызматташуу» программасы кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG