Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:06

Мамыр баштаган каракулжалык кыргыздар 1874-жылдын бул күндөрү Кокон хандыгына каршы козголушуп, Анжыяндан 8 чакырым алыстыктагы Курган бадамды басып алышкан. Фашисттик диктатор Бенито Муссолини менен анын көңүлдөшү Клара Петаччи 1945-жылдын 28-апрелинде жазага тартылган.

Кыргызстандын тарыхый окуялары:

«Туркестанские ведомости» газетасынын биринчи саны 1870-жылдын бул күнү Ташкент шаарында жарык көргөн. Ал Түркстан аймагындагы колониалдык бийликтин расмий маалымдоо каражаты катары, Россиянын ички саясий көз карашын чагылдырган жана чөлкөмдөгү коомдук, чарбалык турмушту кабарлаган. Мындан тышкаары гезитте араб графикасы менен «Приложения» деп аталган тиркемесинде өзбек тилинде материалдар жарыяланып турган.

Мамыр баштаган каракулжалык кыргыздар 1874-жылдын бул күндөрү Кокон хандыгына каршы козголушуп, Анжыяндан 8 чакырым алыстыктагы Курган бадамды басып алышкан. Козголоңчулардын саны 5-6 миңге чамалап, аймактагы Кокон бийлигине коркунуч жараткан. Муну туйган Худаяр хан аларга каршы 2 миң сарбазды аттандырып, козголоңду басууга жетишкен.

Кыргыз АССР Кеңешинин Экинчи съезди 1929-жылы Фрунзе шаарында өткөрүлгөн. Съезд 25-апрелде ишин баштап, 30-апрелде соңуна чыккан. Кеңештин ушул күнкү жыйынында Автономиялык Республиканын Конституциясы талкууга алынып, жыйындын төртүнчү күнү делегаттар Негизги мыйзам жана мамлекеттик символдор айланасында пикир алмашышкан.

Кыргыз ССРинин өкмөт башчысы Төрөбай Кулатов 1944-жылдын 28-апрелинде өткөн СССР Жогорку Кеңешинин X сессиясында сөз сүйлөп, республиканын эмгекчилери фронтко 300 вагон белек, аскерлер үчүн 600 миңден ашык кийим-кече, самолет жана танктарды жсаоого 200 млн рубль акча бергендигин билдирген.

«Областтык жана элдик соттордун иштерин өркүндөтүп, аларды бир орган тарабынан көзөмөлдөө туурасындагы» Кыргыз ССР Жогорку Сот Президиумунун 1959-жылдын 28-апрель күнкү жардыгына жараша Кыргыз ССРинин юстиция министрдиги жоюлган. Ошентип юстиция министрдигинин областтык жана элдик сотторду көзөмөлдөө функциялары Жогорку сотко өткөрүлгөн.

СССР Жогорку Советинин Президиуму 1976-жылдын 28-апрелинде «Н. К. Крупская атындагы» Орус драма-театрын «Эл достугу» ордени менен сыйлоо туурасында Жардык чыгарган.

Дүйнөлүк тарых окуялары:

Эларалык эмгек уюмунун (МОТ) 2001-жылкы чечимине ылайык, 28-апрель эмгекти коргоонун Бүткүл дүйнөлүк күнү катары белгиленет. Эларалык эмгек уюму жумушчу орунундагы өлүмдүн санын азайтуу үчүн иш маданиятын арттыруу максатында атайын майрамдык жөрөлгө уюштурган. Мындай кадам аркылуу Эларалык эмгек уюму дүйнө коомчулугун көңүлүн буруу максатын көздөгөн. Эларалык эмгек уюмунун тактоосуна караганда иш орунундагы кырсыктан ар күнү 5000, бир жылда 2ден 2, 3 млн адамга чейин өлүмгө дуушар болушат. Ошондой эле жыл сайын 270 млн адам жаракат алат.

Туугандашкан шаарлардын Бүткүл дүйнөлүк федерациясы 1957-жылдын 28-апрелинде негизделген жана буга багышталган майрам салтанаты, ар жылкы апрель айынын соңку жекшембисинде белгиленип келет.

Лидия менен Мидия хандыктары ортосундагы согуш б. з. ч. 585-жылдын 28-апрелинде болгон күн тутулуудан токтогон.

Иван Фёдоров менен Пётр Мстиславецтер 1563-жылдын 28-апрелинде биринчи китепти басууга киришишкен.

Иван Грозныйдын буйругу менен Вологод кремли 1566-жылдын 28-апрелинде курула баштаган.

Француз ойлоп тапкычтары Б. Лонуа менен Ж. Бьенвеню 1789-жылдын 28-апрелинде өзү уча турган вертолеттун моделин көрсөтүшкөн.

Таитиге багыт алган англис королдук флотундагы «Баунти» кемесиндеги айтылуу козголоң 1789-жылдын 27-апрель күнү чыккан. Кеменин капитаны Уильям Блайддын наадандыгына нааразы болгон офицерлер менен моряктар, анны 18 жакын жолдоштору менен кайыкка отургузушуп, ачык деңизге калтырышкан.

Санкт-Петербургдагы Педагогикалык институт 1804-жылдын 28-апрелинде ачылган.

Жазуучу Михаил Евграфович Салтыков-Щедрин 1848-жылдын 28-апрелинде Вятка губерниясына сүргүнгө айдалган.

Тырнов шаарында 1879-жылдын 28-апрелинде өткөн Уюштуруу жыйында Болгариянын Конституциясы кабыла алынган.

Атактуу полководец, Георгий орденинин толук кавалерии Михаил Илларионович Голенищев-Кутузов 1913-жылдын 28-апрелинде дүйнөдөн кайткан.

Дж. Дункан 1896-жылы адрестей турган машинаны, 1914-жылы Каррьер кондиционерди патенттеген.

Лондондогу атактуу «Уэмбли» футбол стадиону 1923-жылдын 28-апрель күнү ачылган.

Бүткүл дүйнөлүк эсперанто ассоциациясы 1908-жылдын 28-апрелинде негизделген.

Азербайжан ССРи 1920-жылдын 28-апрелинде уюшулган.

Советтер Союзунун Совнаркому 1937-жылдын 28-апрелинде 3-беш жылдык туурасында чечим кабыл алган.

Фашисттик диктатор Бенито Муссолини менен анын көңүлдөшү Клара Петаччи 1945-жылдын 28-апрелинде жазага тартылган.

Норвегиялык изилдөөчү Тур Хейердал 1947-жылдын 28-апрелинде беш жолдошу менен Түштүк Америка жээгиндеги Таитиге сапар тарткан. Саякатчынын чакан кемеси инктердин легендарлык кудайы Кон-Тикинин ысмын алып, илимпоз тарабынан америкалык калктын Полинезияга көчүп келиши туурасындагы жоромолдун аныктыгын далилдөөгө кадам ташталган.

Москва шаарындагы «Внуково-2» аэровокзалы 1963-жылдын 28-апрелинде колдонууга берилген.

Шарль де Голль 1969-жылдын 28-апрелинде Франциянын президенттик кызматынанан өз эрки менен кеткен.

Омск мамлекеттик университети 1973-жылдын 28-апрелинде негизделген.

Советтер Союзунун акыркы Маршалдык наамы 1990-жылдын 28-апрелинде Дмитрий Язовго тапшырылган. Советтер Союзунун акыркы Маршалы бир жыл өтбөй ГКЧПга аралашып, камакка алынган.

Кант кызылчасынан кум шекерди чыгаруу технологиясын ойлоп тапкан немец химиги Франц Карл Ашар 1753-жылдын 28-апрелинде жарык дүйнөгө келген.

Гаагадагы Эларалык эркин сотту куруучулардын бири, Нобель сыйлыгынын лауреаты Табиас Ассер 1838-жылдын 28-апрелинде туулган.

Фотожурналистиканын негиз салуучуларынын бири-немец фотографы жана журналист Эрих Саломон 1886-жылдын 28-апрелинде жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG