Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:01

5-июнь: Тарых барактары


Дүйнө коомчулугу 5-июнда айлана-чөйрөнү коргоо күнүн белгилейт
Дүйнө коомчулугу 5-июнда айлана-чөйрөнү коргоо күнүн белгилейт

Жай айынын бул күндөрү кыргыздар Үлүш майрамын өткөрүшкөн. Бул маалда эл жайлоого толук жайланышып, бышылган кымыз күүсүнө келип, мал жетилип жан сергип, көңүл өскөн маалда кыргыздар жайлоонун жайкы майрамы Үлүштү белгилешкен.

Көк шиберге дасторкон жайылып, үстүнө дүр-дүнүйө тамак коюлуп, тамтуң баскан баладан баштап абышка, кемпирге чейин жасанып жайлоодо майрамдык шаң орногон. Мындан улам эл арасында:

Үлүш берем, той берем,
Тамашаны чоң берем,
Үлүш болот жайында,
Кой, жылкылар айылда,-деп айтылат.

Шабдан Баатыр 1905-жылдын бул күнү Жети-Суудагы кыргыз жана казактардын атынан министрлер Комитетине Петиция менен кайрылган. Анда кыргыз менен казактардын дин иштери, билим алуу жана жер менчигине байланышкан маселелер 11 пункт менен белгиленип, аларды оң чечүү маселеси падышалык бийликке билдирилген.

Жети-Суу областындагы Пржевальск, Пишпек, Верный, Копал, Жаркент уездинин кыргыз жана казак калктарынын өкүлдөрү 1905-жылдын ушул эле күнү алардын дин, билим берүү, жер маселесине байланышкан арзуу, тилектерин Петербургдагы падышага жана мамлекеттик бийликке Шабдан Жантаевдин жеткирүүсүн күбөлөндүргөн арызга кол коюшкан. Алар мындан тышкары, эгер Шабдан Баатыр Петербургга өзү баралбаса, анда башка бир ишенимдүү адамды жиберүү жана Ички иштер министрлигинде өтө турган Элдик курултайга депутаттарды жеке көз карашына ылайык тандап алыш ишеничи айтылган.

Пишпек уездинин V шаардык партия курултайы 1922-жылдын бул күнү ишин баштаган. Курултайда жаңы саясий системаны куруудагы партиялык уюмдун милдети жана коммунисттик идеалдарга каршы жат көрүнүштөрдү жою сыяктуу маселелер каралган.

Кыргызстан Коммунисттик (большевиктер) партиясынын I съезди 1937-жылдын бул күнү ишин баштаган. Анда Кыргызстан компартиясынын биринчи катчысы М. К. Аммосов доклад жасап, мамлекеттик аппаратты түпкүлүктүү калк өкүлдөрүнүн эсебинен толуктап, бийлик элдин негизги катмары сүйлөгөн тилде сүйлөшү керек жана республика жакынкы аралыкта агрардык өлкөдөн, индустриалдык-агрардык мамлекетке айланыштын стратегиялык багытын мерчемдеген.

Дүйнө коомчулугу 5-июнда Айлана-чөйрөнү коргоо күнүн белгилейт. Бириккен Улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын 1972-жылдын 1-декабрындагы 27-сессиясында айлана-чөйрөгө көңүл буруу зарылчылыгы күн тартибине коюлган. Башкы Ассамблея Бириккен Улуттар уюмуна кирген өлкөлөрдү бул күнү айлана-чөйрөгө ак дилден мамиле жасоого чакырат. Бириккен Улуттар уюму ал үчүн ар жылы тематикалык девиз көтөрүп келет. Мисалы, 2007-жыл үчүн «Муздардын эриши-Жалындуу тема!»; 2009-жылы «Биздин планета сизге муктаж».

Немис кайырдинчилдери 754-жылдын 5-июнунда Германияга христиан динин жайылткан дин үгүттөөчүсү Бонифацийди өлтүрүшкөн.

Ерофей Павлович Хабаров 1650-жылдын 5-июнунда Якутскиге келген. Саякатчы Амур жергесин кыдырып, Даур аймагынын картасын сызып чыккан. Карта кийин Москвага жөнөтүлүп, 1667 жана 1672-жж. Сибирдин картасын түзүүгө негиз болуп берген.

Исаак Ньютон 1661-жылдын 5-июнунда кембридждик Тринити-колледжге студент катары кабыл алынган.

Орусиядагы биринчи фарфор өндүрүшү эсептелген Петербургдагы Порцелин мануфактурасы 1744-жылдын 5-июнунда негизделген.

Немис табият таануучусу А.Гумбольт француз ботаниги Э.Бонплан менен бирге 1799-жылдын 5-июнунда Борбордук жана Түштүк Америкага саякатка чыккан. Экспедициянын материалдары 30 томдук китеп болуп жарык көргөн.

Луи Бонапарт 1806-жылдын 5-июнунда Голландия королдугунун уюшулгандыгын жар салган.

АКШ менен Канада ортосундагы мамиле 1854-жылдын 5-июнь күнкү «Элгин келишимине» жараша орнотулган.

АКШ президенти Жеймс Гарфилдге 1881-жылдын 5-июнунда кол салуу жасалган.

Союздук державалардын аскер жетекчилери: Г. К. Жуков, Д. Эйзенхауэр, Б. Монтгомери, Латр де Тассиньи 1945-жылдын 5-июнь күнү Берлин шаарында Германиянын жеңилишин күбөлөндүргөн Декларацияга кол коюшкан.

АКШ мамлекеттик катчысы Жорж Маршалл 1947-жылдын 5-июнь күнү Гарвард университетинде сөз сүйлөп, согуштан кийинки Европага жардам берүү программасын сунуш кылган. Кийин ал «Маршалл планы» деген аталыш менен тарыхта калган.

Жакынкы Чыгыштагы араб-израилдик согуш 1967-жылдын 5-июнунда башталган.

Орус православдык чиркөөсү 1988-жылдын 5-июнунда Рустун христиандык динди кабыл алышынын миң жылдыгын белгилеген.
XS
SM
MD
LG