Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

ЕККУга кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Гамбургга чогулушту


57 өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин 8-декабрдагы 23чү жылдык жыйынында Украина жана Сирия чатагы көңүл борборунда болору күтүлүүдө.

Бул жыйын алдында, 7-декабрда Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуп, Европадагы чыңалууну басаңдатууга жана Сирияда гуманитардык максатта токтоосуз түрдө ок атууну токтотууга чакырды. Германия, Австрия жана Италиянын тышкы иштер министрлери бирге жарыялаган макаласында Орусия Украинадагы аракеттери менен “Европадагы тынчтык архитектурасынын түркүктөрүн бузду" деп айыпташты.

Гамбургда орус тышкы иштер министри ошондой эле АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен да жолугушту. Анда Сирия маселеси жөнүндө сөз болгон. Батыш менен Орусиянын мамилеси Сирия жана Украина чатагына байланыштуу кескин начарлап кеткен.(AiT)

XS
SM
MD
LG