Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:12

22-апрель: Тарых барактары


Совет мамлекетин түптөгөн Владимир Ильич Ленин 1870-жылдын 22-апрелинде жарык дүйнөгө келген
Совет мамлекетин түптөгөн Владимир Ильич Ленин 1870-жылдын 22-апрелинде жарык дүйнөгө келген

Кара-Кыргыз автономиялык обласытынын Аткаруу Комитети 1925-жылдын 22-апрелинде Бүткүл Союздук Борбордук Атаруу Комитетине Кара-Кыргыз автономиялык областын РСФСР курамына кабыл алынышын өтүнүнгөн кат менен кайрылган. 22-апрель Эларалык Жер күнү

«Интергельпо» аталган өндүрүш кооперативи Кыргызстан экономикасынын калыптанышына зор салым кошкону маалым. Чехословакиялык жумушчулардан куралган биринчи эшалон 1924-жылдын 22-апрелинде Пишпек станциясына келген.

Кыргызстандыктар интернационалдык топту шаңдуу тосуп алган. «Интергельпочулар» Кыргызстан аймагында кооперативдик кыймылды жайылтышып, анын натыйжасында жаңы экономикалык мамиленин калыптанышына жол ачылган. Алардын арасындагы спортсмен жана альпинисттер болсо өлкөнүн физкультурасынын өсүшүнө түрткү бергени маалым.

Кара-Кыргыз автономиялык обласытынын Аткаруу Комитети 1925-жылдын 22-апрелинде Бүткүл Союздук Борбордук Атаруу Комитетине өтүнүч кат менен кайрылган. Кайрылууда Кара-Кыргыз автономиялык областын РСФСР курамына кабыл алынышы жана анын аталышын Кыргыз автономиялык Советтик Социалисттик Республикасына өзгөртүү маселеси козголот. Автономиялык обласыттын Аткаруу Комитети мындай мазмундагы кайрылуу жалпы карапайым калктын өтүнүчүнө ылайык кабыл алынгандыгын жана анын кабыл алыныш жагдайы «ирегелеш орун алган Кытай менен Индостандагы эзилген калктары үчүн саясий өрнөк болоорун» баса белгилеген.

Фрунзе шаары менен Рыбачье ортосундагы биринчи автобус каттамы 1929-жылдын 21-апрелинде ачылып, 22-апрель күнү болсо үч почта-пассажирдик автобустар Фрунзеден Рыбачьеге карай багыт алышкан.

Сталин орноткон тоталитардык бийлик маалында Кыргызстандын ички саясий абалы курчуп, айрыкча интеллигенция арасындагы кармаш күч алган. Касым Тыныстановдун «Академиялык кечелери» театрда коюла баштагандан тарта, ал чыгармачыл адамдар арасында кайчы пикирлердин жаралышына жол ачкан. А. Токомбаев «Академиялык кечеси тууралуу» жана «Академиялык кечесинин тыянагы» деген эки макаласы 1933-жылы «Кызыл Кыргызстан» гезитинде жарык көргөн.

Касым Тыныстанов өзүнө карата айтылган бул сын-пикирлерге жооп иретинде «Мен баскан жол менин чыгармам, менин бетим» деген макаласын жазган. Эки чыгармачыл адамдар арасындагы кайым айтышуу Аалы Токомбаевдин «Мазмуну социалисттик жана боруму улуттук болгон Кыргызстандын адабияты өсүп жана чыңдалып жатат» деген 1934-жылдын 22-апрелиндеги докладында жыйынтыкталган.

Чуулгандуу 2005-жылкы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстандагы саясий кырдаал анархиялык абалга жеткен. Калктын бийликке, укукка жана укук коргоо органдарына болгон ишеними жоголгон. Парламенттик шайлоо маалында укук тышындагы иштерди жасагандыгын айыптаган топ, апрель айында Жогорку Соттун төрагасы К. Осмоновдун кызматтан кетишин талап кылып, аталган мекеменин кашында митингдерди өткөрүшкөн.

Алар бир канча ирээт Жогорку Сотту басып алууга аракет жасашып, акыры 22-апрелде 80 чамалуу адам мекемеге кирип, башкы укук органынын ишин токтотушкан. Жогорку Соттун иши, имаратты басып алган топту укук коргоо органдары июнь айында күч колдонуп чыгарганга чейин токтоп турган.

Француз королу Карл V 1370-жылдын 22-апрелиндеги жардыгына ылайык айтылуу Бастилия чеби курула баштаган. Адегенде чеп англичандардын чапкынынан коргонуш үчүн салынса, кардинал Ришельенин маалында ал укук менен мамилеси келишбегендерди камай турган түрмөгө айландырылган.

Португалиялык Педру Алвариш Кабраланын экспедициясы 1500-жылдын 22-апрелинде Бразилияны ачкан. Жаңы жерди Кабрал жаңылыш Вера-Круш аралы деп атаган. Кийин ал мында өскөн балуу кызыл дарактын аталышы боюнча Бразилия болуп өзгөртүлгөн.
Адамзат тарыхындагы биринчи маасалык кыргын салчу курал 1915-жылдын 22-апрелинде Бельгиянын Ипр шаарындагы салгылашта колдонулган.

Германиялык генерал Фалькенхайн каршылаш тарапка газ атакасын колдонууга буйрук берген. Немец аскерлери 6 км аралыкка созулган фронт талаасына 5 минута бою 6 миң баллондон 180 тонна хлорду душман позициясына чачкан. Ууланган 15 миң аскердин үчтөн бири согуш талаасында жана ооруканаларда курман болгон. Эки жыл өтбөй немец аскерлери ушул эле жерден кайрадан горчица газын колдонуп, ал согуш талаасынын аталышына ылайык иприт деп атанган.

22-апрель Эларалык Жер күнү. Биринчи жолу Жер күнү 1970-жылдын 22-апрелинде Америка Кошмо Штаттарында белгиленген. Салтка ылайык бул күнү каалаган адамдар көчөлөрдү тазалап, бак отургузушат.

Атактуу немец философу Иммануил Кант 1724-жылдын 22-апрелинде жарык дүйнөгө келген. Болочок философ эски прусс календарына ылайык ыйык Иммануил күнү тулуп, анын ата-энеси баланы ушул библиалык ысым менен атандырышкан. Иммануил ысмы «Кудай биз менен» деген маани ташыйт.

Өсүмдүктөрдүн классификациясын иштеп чыккан немец ботаниги Август Вильгельм Эйхлер 1839-жылдын 22-апрелинде жарык дүйнөгө келген.

Атктуу бельгиялык саясий ишмер жана тынчтык орнотууда кошкон салымы үчүн Нобель сыйлыгына арзыган Анри Лафонтен 1854-жылдын 22-апрелинде туулган.

Ааламдагы тарых өнүгүүсүн өзгөрткөн дүйнөлүк пролетарийлердин жол башчысы жана Совет мамлекетин түптөгөн Владимир Ильич Ленин 1870-жылдын 22-апрелинде жарык дүйнөгө келген.

Атом бамбасын жараткан америкалы физик Роберт Оппенгеймер 1904-жылдын 22-апрелинде жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG